Жалаладдин Руми: “Бир таш болуп өлгөн элем”
* * *
Бир таш болуп өлгөн элем,
чөпкө айландым таралып.
Чөп катары өлгөн элем,
жандык болдум жаралып.
Жандык болуп өлгөндөн соң,
адам болдум кайра эле.
Андай болсо өлүмдөн да,
коркмок элек эмнеге?
Адам болуп өлгөндөн соң,
периштеге айланам,
нур сыяктуу алып учуп,
Жаратканга байланам.
Баркыраймын бир жан болуп,
билинбеген эч кимге.
Жаркыраймын жылдыз болуп,
өмүр, өлүм үстүндө.
Которгон Толук Бек Байзак
