|

Ак жаан

5/5 - (2 добуш)

Боз туман баскан, ак жаан таткан
жер түтөп жатат күздөгү.
Кызарып бети, муруну аккан
балдардын нурдуу жүздөрү.

Менде да болгон, бейкапар күндөн
ажырап кетпей тамырым,
Так эле ушул балдардай күлгөн,
жашоонун алган жарыгын.

Чыйрыккан оюм чыйралып келет,
турмуштун тийип камчысы.
Чекеме тийип сыйгалак тебет,
кеч күздүн муздак тамчысы.

Үмүтүм сынат, үзүлүп чыгат,
түн бою калбай соо жери.
Кылтылдап эсте балалык турат,
кайдасың бүгүн, оо деги.

Жабыркайт тагдыр жарадар сага
сагыныч мөөрүн кадашып.
Мен сүйгөн бала, мен сүйгөн талаа,
кеттиңер кайда адашып…

  • Акын. 1958-жылы Токтогул районунда туулган. 2 ыр китептин автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген