|

Александр Хорт: “Нөөмөтчү менен директор”

1/5 - (1 добуш)

(аңгеме) 

Жумуш башталгандан жарым саат өткөндөн кийин заводдун кире беришиндеги дарбазанын алдына “Волга” автоунаасы келип, токтоду. Андан моюндарына галстук тагынган, костюмчан төрт киши түштү. Алардын жетекчи экендиги дароо эле баамдалды. Иш жөнүндө сүйлөшүп баратышып, текшерилип өтмө каалгадан өтмөк болушту. Эң алдында директор, Полозов Иван Андреевич. Калган үчөө – анын соңунда келе жатты. 

Заводдун дарбазасынын оозунда турган нөөмөтчү өкүмдүү түрдө:

– Уруксат кагазыңарды көрсөтүңүздөр, – деп өздүк күбөлүктөрүн талап кылды. 

Директор Полозов күтүүсүз тоскоолдукка туш болгонго, дендароо тартып туруп калды. “Эмне болду? Ооба, заводго кирүүгө уруксаты бар күбөлүгүн көрсөтүү керек эмес беле?”

Иван Андреевич чөнтөктөрүн аңтара баштады. Чөнтөктөрүн тинткен сайын жүзүндө ыңгайсыз абалда калган кишинин кейпи келди.

– Апей! Эсимден чыгып, үйгө таштап келе берген окшойм, – деди ал.

Сакчы: “Анда менин кандай тиешем бар?” – дегендей ийнин кысып койду да:

– Барып, алып келүүгө туура келет.

– Түшүнсөңүз, мен өтө ыраакта жашаймын.

Сакчы:

– Баары бир өткөрбөйм. Суранбай эле коюңуз, – деп кесе сүйлөдү.

– Берки үчөө чыдап тура алышкан жок. 

– Сага эмне болду, Петрович?

– Кимден уруксат кагаз сурап жатасың?

– Бул киши заводдун директору экенин өтө жакшы билесиң го, – дешип, жарыша чурулдап ийишти.

Вахтердун бети чымырап да койгон жок.

– Мага демектен министр болбойбу? – деди ал. – Тартип деген тартип. Ким болбосун, уруксат кагазын ачып көрсөтүүгө милдеттүү.

Директор менен кошо келген үчөө кайрадан жаагын жанышты. 

– Мындай бой көтөрүүчүлүк деген…

– Директорлугун сыйлап койсоң боло…

– Бир аздан кийин кеңешме башталмак…

Нөөмөтчү айтканынан кайткан жок.

– Жок, жок, жок! Эчтемке билбеймин, – деп ал бул ирет Полозовдун көзүнө тиктеп. – Таарынсаңыз, таарына бериңиз, жолдош ачендик! Бирок уруксат күбөлүгү жокторду заводго эч качан кийирбеймин. Мен күзөттө турган күнү пропускасыз, бул жерден чымын да учуп өтө албайт.

Полозов үшкүрүнүп алды да, аргасы түгөнгөндөй беркилерге кайрылды:

– Эч бир айла кыла албайбыз, жолдоштор! Шалаакылыгым үчүн уялып турам. Деген менен сакчы туура айтат. Эгер ишенсеңиздер, жетекчи катары өз милдетин так аткарган кызматкерибиз менен сыймыктанып жатамын. Мындай принципиалдуулукту колдоо гана керек. Тилекке каршы, бүгүнкү кеңешмени менсиз өткөрөт окшойсуздар. Силер өтө бергиле! Антпесе, кечигип каласыңар. 

Директорду коштоп келген үч киши сөзүндө бекем турган вахтерду айыптуу тиктешип, үн-сөз айтпай, уруксат кагаздарын көрсөтүштү да, заводго кирип кетишти. 

Алардын карааны көрүнбөй калганда директор сакчынын колун катуу кысты.

– Ну, Петрович, азамат!.. Сен чыныгы артист экенсиң! – деди күлүп. Анан кадимки үнүнө салып:

– Дагы канча убакыттан кийин бошойсуң?

– Жыйырма мүнөттөн соң, – деди сакчысы колундагы саатына бир тиктеп алып.

– Жакшы. Нөөмөтүңдү тапшырарың менен меникине дароо жетип кел. Ага дейре мен, кайырмакты таап, сөөлжан каза турайын!

  • 1953-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. 1986-жылы  КМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин бүтүргөн. КР Ардак Грамотасынын ээси. КР Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча сыйлыгынын лауреаты. Бир нече повесть-аңгемелери, котормолору, тамсилдери жарык көргөн. КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген