Антон Чехов: “Семиз жана арык”
(аңгеме)
Николаев темир жол бекетинде бирөө семиз, бирөө арык эки ашына жолугушуп калышты. Семиз жаңы эле бекеттен түшкү тамак ичип чыккан эле, ошондуктан майланышкан эриндери бышкан алчадай жылтырап турат. Андан херес (винонун бир түрү) менен флердоранждын (апельсин гүлү) жыты келип жатты. Түйүнчөк, чамадан, куту артынган арык болсо жаңы эле вагондон түшкөн. Ал ветчина менен тунган кофе жыттанып турду. Артынан сүйрү ээк арыкчырай аялы менен бою тартайган жүлжүк көз гимназист уулу ээрчип алыптыр.
– Порфирий! – кыйкырып жиберди семиз арыкты көрөрү менен. – Сенсиңби? Айланайын достум! Көрүшпөгөнүбүзгө канча кыш, канча жай болуп кетти деги!
– Акебайым! – эси ооп калды арыктын. – Миша! Доске! Сен кайдан?
Ашыналар үч ирет айкалыша кучакташып өбүшкөн соң жаш айлана түшкөн көздөрү менен бири бирине тигилип калышты. Бул капылет кездешүүдөн экөө тең курсант эле.
– Мына сага! – деди арык аманчылык сурашкан соң. – Такыр күткөн жок элем! Мына сюрприз деп ушуну айт! Кана, мага дагы бир жакшылап карап койчу! Ох-оо, баягыдай эле жигиттин гүлү экенсиңго! Мурдагы зыңгыраган келбетиңен түк жазбапсың эй! Ох барбардигер! Кандайсың анан? Байыдыңбы? Үйлөндүңбү? Мен болсо өзүң көрүп тургандай, эчак очор-бачар болуп дегендей… Бу киши менин жубайым Луиза, кыз кездеги аты-жөнү Ванценбах… дини лютеран… Бул болсо уулум Нафанаил, үчүнчү класстын окуучусу. Нафаня, бу байкең менин бала чактагы досум! Гимназияда чогуу окуганбыз!
Нафанаил бир аз ойлоно түшүп, анан башынан шапкесин алды.
– Гимназияда чогуу окуганбыз! – сөзүн улантты арык. – Эсиңдеби, сени кантип мазактачубуз? Казыналык китепчени бопорос менен күйгүзүп салганың үчүн Герострат деп шылдыңдачу эмес белек, мени болсо чагымчысың дешип Эфиальт деп коюшчу. Хо-хо… Бала экенбиз да! Тартынба, Нафаня! Байкеңе жакыныраак келчи… Бул болсо менин жубайым, кыз кездеги аты-жөнү Ванценбах… дини лютеран.
Нафанаил бир аз ойлоно түштү да атасынын артына бекине калды.
– Өзүңчү, досум? – сурады семиз ашынасына мээрим төгө тигиле карап. – Каерде иштеп атасың? Бираан жерде кызматта болсоң керек?
– Иштеп жүрөм, дос! Эки жылдан бери коллеждик асессор (иш кагаздарын жүргүзгөн адис) болуп кызмат өтөп жатам, Станиславым (орден) бар. Алган айлыгым жарытылуу деле эмес… э мейличи, аны кеп кылганда эмне! Аялым музыкадан сабак берет, мен кичине өзүмчө иш кылам, жыгачтан кооз портсигарларды жасайм. Бирөөн бир рублден сатам. Дүңүнөн алчуларга арзандатып берем. Иши кылып эптеп оокат кылып атабыз. Департаментте иштечүмүн, эми ошол эле мекемеде үстөл башчы кызматына которушту… Ошол жактамын азыр. Өзүңчү? Эмне кызматтасың, эмкиче статтык кеңешчи (Россия империясындагы полковник наамына барабар чин) болуп калган чыгаарсың ыя?
– Жок, досум, андан жогорураак ал, – деди семиз. – Мен эчак эле жашыруун кеңешчиликке (генерал-майор наамына барабар чин) жеткенмин… Эки жылдызым бар.
Арык күтүлбөгөн жерден өңү бозоро купкуу боло түшүп, какыя катып калды, анан куйкаланган баштай ырсайган жүзү бир кызыктай жайылып кыйшая түштү, көзүнөн от чагылышып кеткендей болду. Туруш-турпаты кичирейип, бүкчүйүп, бүрүшүп калгансыды… Чамандандары, түйүнчөктөрү, кутулары да кошо кичирейип, бүрүшө былбырап калышты…
Аялынын сүйрү ээги ого бетер узарып кеткенсиди; Нафанаил болсо мундирин кыкыя топчуланып, боюн түзөй какыя катты…
– Мен, улуу урматтуу… Абдан жагымдуу-с! Бала кездеги досум ушундай мартабага жетип атса! Хи-хи-с.
– Койсоңчу! – деди өңү бырыша түшкөн семиз. – Эмне болуп атасың? Экөөбүз бала кезден доспузго – мынчалык ийилип, жагалдануунун эмне кереги бар!
– Ыракым этиңиз… Бул эмне дегениңиз, сиз… – жасакерлене кыткылыктады ого бетер кичирейе түшкөн арык. – Сиздей ыкыбалдуу төрө өзү көңүл буруп атса… бул тимеле жан сергиткен дары тамчыдай да… Улуу урматтуу мырза, булар мына, уулум Нафанаил, жубайым Луиза, лютеран дининде деп койсом болот…
Семиз бирдеме деп айтмакчы болду эле, бирок арыктын жүзүндөгү чексиз кошоматты, эбедейи эзилген көшөкөрлүктү көрүп жийиркеничтен көңүлү айланып кетти. Шарт бурулду да коштошуу үчүн колун сунду.
Арык анын үч манжасын кысып, ийиле таазим кылды да кытайчасынан «хи-хилеп» ырсалактап жиберди. Аялы жылмайды. Нафанаил таманын тарс коём деп шапкесин колунан түшүрүп жиберди. Үчөө тең кубанганынан терилерине батпай турушту.
Орус тилинен которгон Бахтиер Шаматов
