Арманчы
(аңгеме)
Анын сырдашы жок эле. Көп болду, көкүрөгүнө бук толгонуна. Аны түшүнөр бир жан болсобу, тим эле төгүлүп ыйлап жиберет эле бир.
“Аттиң азыр бирөөгө ыйлай да албайсың!”
Бирөөдөн угуп калган жайы бар эле.
Бир жигит кызмат кылат экен.
Бирөөнүн арманын угуп акча табат имиш.
Кана эми арманды уккан адам болсо.
Шоола ошол жигитти издеп таап, аны чакырмак болду.
Аа, адам шордуу, керек болсо жер алдынан да керек кишисин тирилтип алчудай оов!
Жигитти тапты.
Тапканда дагы, укмуш сулуу жигит экен.
Ал экөө тоонун боорундагы ресторандан жолугушту.
– Саламатсызбы?
– Саламатчылык!
Экөө столдо отурушту.
Эмнегедир көпкө сүйлөшө албай отурушту.
“Бул менин арманымды деле угуп жыргатпайт го…”
Сүрдөп отурган жаш жигитти көрүп, Шоола ичинен өкүнүп да кетти.
Келбей эле койбой.
Жигит экөө ал жай сурашып таанышкан соң ал эшикке чыгып кетти.
Шоола көпкө ойлонуп отурду.
“Мен деле келесоомун, таптакыр тааныбаган адамга арманымды айтат имишмин”.
Терезеден тиги жигитти карады.
Алысты тиктеп туруптур.
Анан ал ага боор ооруй баштады.
“Ар кимдин арманын угуп берген буга деле оор болсо керек, аа шордуу”, – деп Шоола шыпшынып алды.
– А мунун арманын ким угат?..”
Анан жигит келип ордуна отурду. Экөө көпкө сүйлөшүштү. Ичишти.
Чын эле Шоола ал күнү өзүнүн арманын ага айткан жок. Аны аяды. Ал жигит Шоолага төгүлүп, арманын бүт айтып алды.
Аягында ушунчалык өксүп ыйлагандыктан, жигит башын Шооланы көкүрөгүнө коюп, уктап калды.
05.06.2026
