|

Бир күндүн таңы

5/5 - (2 добуш)

(эссе) 

Көзүм ачсам таң атып, саат жебеси алтыдан өтүптүр. Жанымда жаткан жубайым үчүн эң эле ширин уйку – таңкы сааттар. Тургузбайм. Уктап алсын. Ачылып калган ийнине акырын жууркан жаап, бөлмөнүн эшигин жаба ашканага чыктым.

Бүгүн чымчыктар башкача эле сайрашат, “жаз эмеспи, сайрабаганда анан”. Лимондун жартысын кесип, өзүм жакшы көргөн чоң ыстаканыма сыгып, үстүнө суудан толтура куйдум да жарты литрди жутуп салдым. “Ах, сонун!” Эми кофемди кайнатууга киришейин. Ал аралыкта уулума нанүшта үчүн нанга эт, быштак коюп койдум. “Бир аз уктай турсун, анан тургузармын, дагы убакыт бар”.

Кофе кайнаганча таңкы жаңылыктарды карап коёюн. Атаңгөрү, америкалык аскерлер Оман булуңунда Ирандын кемесин кармашыптыр. “Сүйлөшөбүз, согушту токтотобуз деп, эми эле араң эпке келип жатышкандай эле. Эми эмне болот экен?” Кофем кайнады. Сүттү таппайм да, аа, бул жакта турбайбы.

Жаңылыктардан дагы Болгарияда Кремлге жан тарткан саясатчынын коалициясы шайлоодо утуптур. “Тообо, Путиндин куйруктары бир жерде жеңилсе, бир жерде утат – эмне болгон Европа!” деп, Венгрияда жеңилген Орбанды ойлодум.

Андан ары – мурда Кыргызстанда элчи болгон казак акыны Мухтар Шаханов кечээ каза болуп, баары көңүл айтып жатышат. Ыйманы саламат болсун. Акыркы жолу аны 18 жыл мурун Чыңгыз Айтматовдун тажиясында филармония алдында өткөрүлгөн жыйында көрдүм эле. “Чыңгыз, казак менен кыргызда азыр да сен айткан маңкурттар көп!” деп сөөмөйүн кезеп, өктөм сүйлөгөнү эсимде жарыктык кишинин. Көз алдымда Шахановдун ырларды да тек ушинтип, үнүн катуу чыгарып, колун көтөрүп окуганы гана калыптыр. “Совет доорунун акындары ушинтип окушчу ырларын. Азыркы акындарың ыйлаак…”

Кой ай, кофемди ичип бүттүм. Уулум экөөбүз жуунуп-кийинип, сыртка чыктык. Автобустан кечикпейли.

Баламды адаттагыдай эле узаттым мектепке. Ал автобустан менин кол булгаланыма карап жылмайып коёт. “Ананайын десе, аман барып кел!”

Эми өзүм баратам жумушка. Ааламдын алты бурчунда кандай гана алаамат окуялар болуп жатканы унутулуп калды ушул саамда, же көнүп да бүттүмбү күнүмдүк оор жаңылықтарга?

Ууртумда жылмаюу, ичимде бакыт. 

Ушул жүрөктөгү тынчтык, миң бир жолу кайталанчу ушул кадимки таңыма сүйүнүп турдум. Ырахмат, Жараткан! 

Бүгүнүм үчүн, ушул жарык үчүн, ушул дем, ушул ойлор, ушул мүнөт үчүн ыракмат! 

20-апрель, 2026

  • Журналист, аудиокитептерге үн коштоочу. Учурда «Азаттык» радиосунун казак кызматын башкарат. Аны менен катар бир нече жылдан бери YouTube сайтында кыргыз тилинде поэзия жана проза окуп келатканы менен белгилүү. Бир нече ыр жана кыска аңгемелердин, котормолордун автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. ушундай ангемелерди кантип окуп аудиозапис кылса болот?

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген