|

Бронхиалдык астмадан кантип айыктым

5/5 - (2 добуш)

(аңгеме)

Студент кезде кабылган бул ит оору узак жылдарга созулуп, азабымды берет деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бул мээнетке кабылганым мындай болду: 1986-жылдын жазы эле. 5-курстан окуп жүргөн кез. Кыш өтүп, март, анын артынан кулпурган апрель келди. Сагынган жаздын илебине мас болгон группалаштар бир күнү уюшуп тоого чыкмай болдук, көпкөк асман шаңкайып ачык эле, чайыттай күн башкача ачуу тийип турду. Чогуу окуган бир досубуздун кеңеши менен ал жашаган Кара-Балтанын өйдө жагындагы тоого жөнөп кеттик. Жеттик, эс алдык, табийгатка суктана ары-бери бастык, анан эле бир оокумда алай-дүлөй шамал турду, анын артынан шатырата муздак жамгыр төгүп келип, арты заматта суу карга айланды. Жалаңкат көйнөкчөн тоого барган мен жок дегенде калыңыраак свитер алып алуу да оюма келбептир. Жаздын суугу жандан өтөт деген эскилердин кеби туура экен, мени «союп» кеткен ошол тоого чыккан экскурсия болду. 

Тоого чыкпай томуран калайын дегендей, тоодон түшкөн күндүн эртеси эле тамакты кычыштырган күрсүлдөгөн жөтөл пайда болуп, ага деле маани берген жокмун. Токтоп калар деп ысык чайдан баса-баса ичип коюп, кадимкидей эле сабакка барып жүрдүм. Антип-минтип бир жума өтүп кетти, шайды оодарган көк жөтөлдүн токточудай түрү жок. Биз жашаган батирдин ээси Оля деген ыймандуу кожейкебиз бар эле, ошол күн сайын кечинде, анан эртең менен сары май салынган бир күрүшкө ысык сүт апкелип берип жүрдү. Болбой эле түнү менен кандек итине кошулуп «үрө» бердим эле, догдурга барсаңчы деди Оля. Барсам, догдур тыңшап көрүп, бронхит болупсуң деди, дары жазып берип, эки-үч ирет үкөл сайдырдым эле, сакайып кеткендей болдум. Бирок баары бир кыйналып жүрдүм, анүстүнө мамлекеттик экзамендер да кычап келип калды, ооруну да унутуп койдум, окууну аяктап диплом алыш керек болду. Ошентип дипломду да алдык, группалаштар менен коштошуп, туш-тушка тарап кеттик. Айылга кайтып барганда ден соолук сопсонундай көрүнгөн, анткени биздин Лейлек ысык жер; бул бетпак оору, көрсө, ысык жерге келгенде айыккандай жоголуп кетет экен, тагыраак айтканда, ичиңе кире качып, бекинип алат экен. Футболду катуу ойночумун. Бир күнү кара терге түшө чуркап жүрө берип, каным катканда булактын муздак суусунан жуткан элем, ошону абдан чеки кылыптырмын. Сакайды деген бронхитим ошол түнү эле мен мындамын деп жабышып жаткан жеринен жылып чыга келип кайра тамакка жармашты, баягы башты жарчудай көк жөтөл дагы башталды. Дагы эле моюн берген жокмун. Ал ортодо чоңдор райондук аткаруу комитетине жумушка чакырып, ошол эле күнү партиянын (КПССтын) катарына өткөрүп коюшту. Тагдырымдагы ойго келбеген мындай бурулуш учурга шыктанып, оорум да эстен чыгып кетти; кайдагы бронхит, артылган чоң ишенимди акташ үчүн жаш коммунист катары күнү-түнү чапкылап иштеп жүрдүм. Бирок көргүлүгүм алдыда экен.

Эки жылдан кийин райондун аталары кадр катары такшалдың, эми өз алдыңча жетекчилик ишти баштап көрчү дешип, алыскы тоолуу айылдардын бирине айыл өкмөттүн башчысы кылып жөнөтүштү. Жаңылышпасам, ошол 1992-жылдын кышы абдан оор келди, калың түшкөн кар элди кыйла жүдөттү, түү деген түкүрүгүң жерге томолок таш болуп кулаган ызгаар суугун айтпа. Эчак айыкты го деген бронхитим ошол ит тургус аязы кырчылдаган суук күндөрдүн биринде үчүнчү ирет «тирилип» чыга келди. Бул ирет буйдалган жокмун, абалымды чоңдорго айтып, догдурдан бюллетень ачтырдым да, автобуска отуруп, Бишкекке жеттим, Логвиненко көчөсүндө жайгашкан азыркы улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнө жаттым. Ал жердеги дарылоонун алкагында академик Миррахимовдун демилгеси менен Москвадан алынып келинген барокамерага киргизип турушту. Барокамера деген сыртынан карасаң кудум эле Табылды Эгембердиевдин «Чуңкурчак» комплексиндеги салынган бешик үйүндөй же кадимки эле жумуртканы элестеткен, ичинен тыкыс герметикаланган темир камера экен. Ичине өпкөсүнөн учунган мендей 4-5 бейтапты киргизет да отургузуп, эшиктерин самолеттукунан бетер абдан бекемдеп жабат. Бейтаптар менен бир инструктор чогуу отурат. Ал камеранын ичиндеги абаны акырындап суюлтуп отуруп, басымын 4000-5000 метр бийиктеги тоонун чокусундагы абанын деңгээлине жеткирет. Аны атайын приборлор көрсөтүп турат. Демиң ачылып, кадимкидей жыргай түшөсүң. «Тоонун чокусунда» жыйырма-отуз мүнөттөй кере-кере дем алабыз да анан ылдыйлай баштайбыз, чын эле бийик ашуудан түшүп келаткансып, кулактарың чыңылдап тунуп баштайт, инструктор болсо моминтип жутунгула, ошондо кулагыңардын чыңылдаганы азаят деп улам өзү көрсөтүп турат. Камерадан жеңил чыгабыз, бирок абалы оорлор бат эле кайрадан таз кейпине түшөт.

Эми бейтаптар жаткан палатанын ысыгын айтпа, дем алып болбойт; мага жакпаганы жаныңдагылар жүрөктү айлантып улам керебетинин астынан банкесин алып чыгып, какырынып түкүрүнө берет экен, аларды карап туруп такыр эле тамагыңдан эч нерсе өтпөй калат. Айтор, он беш күндөй жаткан соң айыктың деп чыгарышты. Ырас болду деп кубанган бойдон чыгып кеттим. Шаарда турган туугандардын бириникинде бир түнөп эртеси кайра үйгө кетишим керек эле. Кечки тамакты ичкенден кийин ээн бөлмөгө төшөк салып беришти. Ушул жерде мен дагы бир чоң ката кетириптирмин. Муздагыраак бөлмөдөгү төшөктөрдүн чылпылдап ным экенин байкабапмын, анысын билгенде кийимимди чечпей эле жатмак экенмин. Жанды кыйнаган күркүлдөгөн бетпак жөтөл менен демигүү көпкө күттүргөн жок, эртеси эле экөө бирдей келип баса калды да он беш күндүк дарыланганым заматта жокко чыкты. Бирок сыр бербей тымпыйган бойдон Лейлекке кете бердим, кайра ооруканага бармак белем.

Адегенде эч бир коркунучу жоктой сезилген бронхит акең алдын албасаң, хронический же кыргызча айтканда, өнөкөт бронхитке өтөт экен, кыргыздын кайдыгерлигине салып камырабай жүрө берсең, бир күнү астмага айланат экен да ит азабыңды ошондо жедирет экен; чекеңдеги майда кан тамырчаларды үзүп кеткидей болгон көк жөтөл түнү бою тынчтык бербейт, ыкшый берип көзүң бирде карарат да бирде тунарат, же жата албайсың, же отура албайсың, туруп баса да албайсың, анткени алкымың буулуп, демиң кыстыгат да турат. Аргаң куруганда төрт буттап турасың, ошентсең дем алганың жакшыргансып, кичине жеңилдей түшөсүң. Ит ооруну ушинтип акырын «алдай» баштайсың, бир далайда барып жөтөлүң басылат, жаның кадимкидей жыргай түшөт. Кудайлап аста секин бир жагыңа кыйшая жатасың. Уктап эле кетсем болду дейсиң, жаның көшүлүп, көзүң илинип барат… Канча убакыт жаттың ким билет, бир оокумда бирөөнүн көрүнбөс колу бир тал чөптү акырын сойлотуп барып өпкөңдү билинер билинбес кытыгылап өткөнсүп, тарс эткен жөтөл чыгат да, анан азаптын баары кайра башынан башталат. Өз шоруңа өзүң кайнап, каалайсыңбы жокпу, өпкөң «черткен гармошка-кыякты» тыңшап жата бересиң, жаның көзүңө көрүнгөндө жанталашып кайра эле төрт буттап туруп каласың. Жонуңдан куюлган чылпылдаган тер бир жактан жүдөтөт. Же узун түн өтүп батыраак таң атсачы дейсиң, акыры барып суйкайып таң да атат, бирок ал деле кубандырбайт, анткени чеңгелдеп мыкчып алган мээнетиң оор, дүйнөң тар, күн жаркырап тийип турса да көзүңө аалам караңгы. Жөтөл бастай түшкөндө сыртка чыгып басасың, адамдар учурашат, кадимки эле оорубаган кишидейсиң. Анан эле кеч кирип артынан түн келет, төшөккө жатаар убакыт жакындаганда жүрөгүң зырпылдап чыгат. Анткени тооруган мээнет так ошол төшөккө жаткан кезде кайра келерин билесиң да. Менин ушу айткандарымды бул оору менен ооругандар жакшы түшүнөт деп ойлойм. 

Ошентип куурап жүрүп араң дегенде өлбөгөн жаным жазга, анан ысык таптуу жайга жеттим. Мурда араң баткан кийимдерим шалбырап, ийне жеген иттей арыктадым, бирок кудай жалгап абалым жеңилдешти, кадимкидей басып калдым. Жанымда дайыма врачтар жазып берген ингалятор деген жүрчү болду, демигип баратканда оозуңду ачып бышылдатып койсоң жеңилдеп каласың, бирок бара-бара аның деле таасир этпей калды.

Бишкекке көчүп келгенден бир жылдан кийин темир жолго жумушка орношуп, алыскы сапарга каттаган поюздарга проводник, кыргызча айтканда, узатуучу болуп иштеп калдым. Жабышкан оору чегинейин деген түрү жоктой эле. Темир жолдун Толстой көчөсүндөгү ооруканасына эки-үч курдай жатып чыктым. Өйдө жактагы шаардык башка ооруканага да жатып дарыландым. Анан бир күнү догдур орус аял ачык эле: «Сенин ооруңа медицина алсыз болуп калды, кыйналган маалда гана демиккениңди убактылуу жеңилдетип турушубуз мүмкүн», – деди. Бул мага тимеле өкүмдөй угулду, ишим чатак экен дедим. Кызыталак, тагдыр ушундай болуп калабы, жок дегенде эки баламды чоңойтуп алсам болбойт беле деп ичимен кан өтүп, түпсүз сарсанаага баттым. Бирок мен жеңилгенге макул эмес элем, ар кандай жаман ойлорду алыс кууп, бул оору менен кармашам деген бекем чечимге келдим. Ошондо болгону отуз үч гана жашта элем.

Жаның көзүңө көрүнүп турганда азабыңды жеңилдетиш үчүн эмнеге болсо да аргасыздан макул болот экенсиң; мындайда акыл айтып боор тарткан билермандар да көп эмеспи, туш-тараптан кеңештер жаай баштады: куркулдайдын уясын түбү менен эле омкоруп келип ошо бойдон кайнатып ич дешти. Шектене түшсөм да демигип, кыйналып турган жаным буга да макул болдум. Жардам болбоду. Иттин, аюунун, чочконун, жайранын ж.б. майларын жедим, ичтим, көкүрөгүмө шыбадым; жебе, ичпе, куруттай кылып таңдайыңа салып сор дешти, аны да жасадым, жаш баланын сийдиги таза ошол миңдин бири дешти, аны да таттым; иши кылса эски батиңкенин батегин кайнатып ич дешсе да ошого мажбур элем. Арга жок да. Кыскасы, өз алдынча дарылангандан да майнап чыкпады. Алдыда бир гана үмүт калды – элдик дарыгерлер, табыптар, көзачыктар ж.б. айтор, мен мурда аралашпаган, ишеним артпаган сырдуу дүйнө турду кыйналган жанды азгырып. Бул да бир жол болчу, муну да көрүш керек эле.

1997-жыл бекен, кычыраган кышта оорум кайра күчөп кеткенинен элдик дарыгерлерди сураштырсам, темир жолдун үстүндө бир укмуш табып-дарыгер бар дешти. Араң илкип басып таап бардым. Өзү мурдакы врач, учурда пенсионер, жашы да бир топ өйдөлөп калган аксакал экен, адегенде эле: «Астмаңды аттан алып түшкөндөй алып түшөм, болгону үч жолу гана келесиң», – деди. Уккан кулагыма ишенбей сүйүнүп кеттим. Ошо кезде транспорт министри болуп иштеген адамды (Ажыкеев деди беле, эсте жок) айтып калды, ошол киши так ушул астмадан каза болгон, мага келсе болмок дейт. Көп кептин башын божурап келип бир маалда «бел кырчоодон чечин» деди. Чечиндим. «Азыр этиң эки-үч мүнөттөй катуу ачышат, анан басылат, чыдап тур», – деди да суюк күрөң дарыдан мискейге куюп алып жазы сыр щетка менен далыма шыбап кирди. Чын эле кудум чокко кызытылган темирди басып аткандай секирип кеттим, чыдап болбойт. Анан көкүрөккө шыбады. Онтоп, секирип атып эптеп чыдадым, шыбап бүткөндөн кийин ой аксакал, бул эмне болгон суюктук деп сурасам, канды тазалачу дары имиш. Каным да таза эмес турбайбы деп ичимен бир топ капа боло түштүм. «Эми эки жолу келесиң, бүттү, анан сен көр мен көр айыгасың, бирок лечение ошого жараша кымбатыраак, бир курсу жүз доллар», – деди. Айтканын шак эле карматтым. Үйгө жеңилдей түшүп шайдоот бардым. Дагы эки жолу «күйгүзгөн» соң дарыгер менен кош айтыштык. Мындай сыйкырчы адам болбоспу деп бир чети ишенбей, бир чети ишендим, көп өтпөй Свердловскиге каттаган бригадама кошулуп, рейске чыгып кеттим. Январь аяктап калган кез. Кыйналганда ууртап коёсуң деп желим бөтөлкөгө куюп берген суюк дарысы сомкемде. Жолдо баратсам, кадимкидей сопсоодоймун. Көз тийбесин түф-түф деп улам түкүрүп коюп баратам. Ошентип Бишкек–Свердловск каттамындагы поюз Орусиянын Курган шаарына таңзаарлап келип токтогондо тура калып чоң эшикти ачтым. Элди түшүрүш керек да. Эшикти ача салсам эле муздак аба бетке, андан ары мурундан кирип түз эле өпкөгө урду. Иштин айныганын сездим. Кыскасы рейстен баягы таз кейпиме түшүп, үйгө сүйрөлүп араң жеттим. Эртеси дарыгер абышкага кайра барып иштин жайын айтсам, эч бир кебелбей туруп: «Сеники өтүшүп кеткен турбайбы, эми дагы келип турасың да», – деп жыландын башын кылтыйтты. Оюнда дагы жүз доллар бере салат деди окшойт. Мен болсо бул афирис чалдан акчамды кайра доолайын деп баргам чынында. Иши кылып эртеси дагы бардым. Барсам абышка эмес, таш балакет да жок, кошуна орус чыгып: «Его прогнали отсюда, за аренду не платил и вообще оказался аферистом», – деди. Ошентип үч жолу кайдагы бир дарыны шыбаган шектүү абышка жүз долларды алып качып жоголду. Ачуум келгенинен кийин бир жерден жолукчу болсо сазайын берем дегем, бирок абышканын жүдөңкү тартып, жер караган кебетесин эстеп аяп кеттим да берген акчаны башы-көздөн садага деп кете бердим. Баарынан кызыгы, жанагы шыбаганы эмне дары экенин алиге билбейм, кийин денем көпкө чейин ала-кызыл так болуп, мончого түшкөн сайын элдин жүрөгү түшүп, сени тимеле гестаподой ким кыйнаган деп жүрүштү мончолоштор.

Элдик дарыгермин деген абышка алдап кеткенден кийин дагы бир дарыгерди таптым. Барсам короосуна быкпырдай эл толуп алыптыр, кез-кезде дарыгер таксыр чыга калып, жылтыраган кымбат машине тээп келген бирөөлөр менен узакка сүйлөшүп туруп калат экен. Кебетеси текебер, өзүнчө эле дымак күткөн неме окшойт, казкатар тизилип отурган карапайым калкты көзүнүн төбөсү менен сыдыра карап коюп, сөөлөт сала басып кабинетине кирип кетет. Дарыгер эмей эле бир мекеменин деректириндей болгон бул неме жыргатпайт дедим ичимен, ансыз да эч эле жылбаган кезегимдин келишин да күтпөй артка кайттым. 

Кийинки тапкан дарыгерим жаш эле кыз болуп чыкты. «Восток-5» кичи районундагы кабат үйлөрдүн биринде турат экен. Кезек күтүп отуруп кирдим, анан кыска сүйлөштү да анан көзүн чылк жуумп алып, манжалары менен абаны улам чымчылып кирди. «Жаныңызга бир ата келип отурду», – деди бир оокумда жүрөктү түшүрүп. Эки жагымды карап эч кимди көрө алган жокмун. Унчукпай отура бердим. Сеанс аяктады. «Түндө жатканда терезенин форточкасын ачып коюп жатыңыз. Үстөлгө бир чыныга толтура ун коюп коюңуз, менин кишилерим барып кетишет. Ундун бетине тактар түшүп калат, көрөсүз. Сизди ошолор дарылап кетип турушат», – деди. 

Айтканындай кылып түндө терезенин кичинекей көзүн ачып, унду да коюп жаттым. Караңгы бөлмөгө улам сайыла көз тигип, кандайдыр бир жышаан же кыймыл издейм. Эч нерсе байкалбайт да көрүнбөйт. Ошентип атып таң да атты. Кыскасы, пияланын бетине так тургай ташбалекет да түшпөдү. Эмне үчүн так түшмөк, аны азырга дейре билбейм. Эки айдай каттадым. Абалым оорлогондон оорлой берди. Фортучкеден качан периштелери кирет экен деп күтүп жүрүп бул кыз да ишке жарабады.

Менин жөтөлүм менен өпкөм «черткен гармошка» биз жашаган көчөгө угулуп тургандай сезилет. Башты чыңалткан тынымсыз жөтөлдөн адегенде оозумдан ак көбүктөнгөн аз-маз какырык чыкчу эле, бара-бара ал да таптакыр токтоп, кургак жөтөлгө өттү. Ит көрбөгөн азап ошондо башталды. Жашоо турмуштун кызыгы тарап, өзүм менен өзүм гана алпурушуп калдым. Жаркырап тийген күндөн көзүм баягыдай уялбайт, карасам ал асманга илип койгон капкара тегерек табак болуп көрүнөт. Кез-кезде көк жөтөл өзүнөн өзү тык токтоп, жаным биртике болсо да жай ала түшкөндө жарык дүйнөдө жашап атканым, көчөдө эл топурап, бирөөлөр ырдап, бирөөлөр каткырып күлүп, дуулдаган шаарда жашоо кайнап атканы эсиме түшө калат; күйпөлөктөгөн аялым ич деп бирдемелерди берген болот, улам келип чылпылдап кеткен далыма кургак сүлгүнү сойлотуп, суу болгонун алмаштырып кетет; эки жерде үнсүз томсоргон эки баламды карап туруп, эмне кылаарымды билбей ого бетер алдастайм, аларга бирдемелерди айтып, кучактап алып сүйлөшкүм келет, бирок анткенге шайым болсочу. 

Ошентип өз шорума өзүм кайнаган азаптуу күндөрдүн биринде, догдурлардын тили менен айтканда, катуу «приступ» кармап жыгылдым. Кеч кирип, эл орунга отуруп калган маал эле. Бүттү дедим ичимен, ошол замат тула боюм муздап кетти. Эмне кылаарын билбей карбаластап калган аялым бир жакка чуркап кеткенсиди. Көп өтпөй кошуна жашаган Климентьевна деген немис кемпирди ээрчитип келди. Ал байбиче өмүр бою шаардагы №1 бейтапканада медсестра болуп иштегенин айтып калчу. Шаштырып чакырып келген окшойт, же кемпир өзү да шашмабы, мага тезирек жардам кылайын дедиби, айтор, далбастап чуркап келип эле эуфилин деген дарынын колтойгон суюк ампуласын башын сындырып ийип, чоң шприцке сордурду да түз эле венага урду эле, ошол замат эстен танып, отурган жеримден шалак жерге кулап түшүптүрмүн, андан аркысын билбейм. Көрсө кайран кемпир эуфилинге физраствор аралаштырбай туруп эле өзүн айдап жиберген тура. Түпсүз туңгуюкка кулап бараткансыдым, анан эле бир кезде кайдан-жайдан жарык пайда болду да көзүмдү ачтым. Адегенде эле көзү алайып корккон аялымды, анан андан бешбетер көпкөк көздөрүн ирмебей, чекчейип жанында турган кемпирди көрдүм. Муну байкабай тияка жөнөтүп ийдим го деп жүрөгү түшүп калса керек. 

Эсимди оодарып салганы менен Климентьевнанын аткан үкөлү бир азга болсо да жардам берди, жөтөл токтоп, канча түндөн бери уйку көрбөгөн жаным көшүлүп уктап да кеттим. Ошондон кийин жаңы ыкмага өттүм: эуфилиндин суюгун алам да чоң кашыкка куюп туруп жутуп жиберем, эрмен шыбактан жасалабы кандай, тимеле уудай ачуусун айтпа… Бирок жардам берет. Бара-бара баңгиге көнүп алган немедей анын да таасири сезилбей калды. 

Бул жабышкан мээнеттен эми кутула албай калдым го деп бары жоктун баарына кайдыгер болуп аргам куруп турганда дагы бирөө айтып калды, укмуш бир табып чыгыптыр, элдин баары агылып барып, түнкү саат бирден тарта өчүрөткө туруп атыптыр деп. Элди мобул эле Кызыл-Аскердеги Нарвская деген көчөдө, эски бала бакчанын имаратында көрүп атат экен дешти. Наүмүт шайтан дегендей, ушуга да барып көрөйүн дедим. Аялым алып барды, дарегин бат эле таптык; ошондо кудая тобо, короосуна кире турган чакан темир эшикти ачып, аттап киргенде эле энтигип араң барган мен демим өзүнөн өзү ачылып кеткенсиди да куштай жеп-жеңил боло түштүм. Айланайын чоң Кудай, ушул жерден айыгат окшойм, өзүң шыпаа берегөр деп кирип бардым. Топураган адамдар коридордо кезек күтүп отурушуптур, кыдырата карап ошол кездеги бир топ таанымал, телевизордон көрүп жүргөн эстрада ырчылары, куудулдар отурганын көрдүм. Отургандар менин кыйналган кебетемди карап туруп эле кезексиз киргизип ийишти.

Кирип барсам тармал чачтуу, кашы көзү капкара, «Отчаянный» деген кинодо Антонио Бандерас менен чогуу башкы ролдо тартылган мексикалык актрисага куюп койгондой окшош жаш келин отуруптур. Түсү ийгиден түңүлбө дегендей, ыйманы ысык жүзүнө, сыпайы сылык кабыл алганына ичим жылып, өчүп бараткан үмүтүм кайра тутангандай боло түштү.

(Уландысы бар)

  • Журналист, котормочу. 1961-жылы туулган. 1987-жылдан бери журналистикада. Кыргыз жана орус тилдеринде жазат, адабий котормо менен да алектенет. Учурда чет элдик тоо-кен компаниясында котормочу болуп иштейт. Москвадан чыкчу «Человек и мир» журналы менен туруктуу кызматташат.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген