Нурлан Ками: “Суроо”

Нурлан КАМИ, жазуучу, драматург, котормочу. 1959-жылы 2-январда Атырау облусунун Кулсары шаарында төрөлгөн. Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган. 2023-жылдын июнь айынан баштап «Жылдыз» журналынын жооптуу катчысы.
«Жолугушуу», «Көк дарбаза», «Кар адам», «Хан Моде» аттуу китептери (аңгемелери менен икаялары) жарык көргөн.
(аңгеме)
Жашоодо адилетсиздик көп кездешерин, кээде күчтүүнүн алсызга, чоңдун кичинеге, ал тургай устаттын шакиртке кыянаттык жасай турганын алгач ирет мектеп короосунда жүргөн чагымда билген элем. Мурун балалык менен көңүл бурбай келдик беле же болбосо жумурай-журттун баары «өткөөл курак» деп атаган он үч-он төрт жашка келгенде ар ким айланасына, өзүнө жана башкаларга, канткенде башкалардан озуп кетем деп тыбырап жүргөн чиркин пенденин күйпүл тирлигине башкача, баам салуу менен карай баштайбы, балким сүрөт мугалими Калдыбеттин өтө ташбоордугу менен Жанардын кайраттуулугу себеп болгондур, айтор жашоонун жакшылык менен кубаныч-шаттыктан гана турбастыгын сегизинчи класста окуп жүргөндө түшүндүм. Ошол жылы коңшу райондон жер которуп келген, жашы болжол менен отузду ортолоп калган карасур, узун бойлуу Калдыбек агайдын оң жак бетиндеги бармак басымдай калынанбы же өзүнүн ысымы да окшош болгондуктанбы, окуучулар өз ара ошондой аташа турган. Жаңы мугалимдин айрыкча катаал экенин биринчи күндөн байкап, сабагында тынч отурууга аракет кыла турганбыз. Экзамен алдында өздөрүнүн мыктылыгын көрсөткүсү келип, мүнөзүн көрсөткөн атамандарыбызды бурчка тургузуп койду, буга да көнгүсү келбеген өжөрлөрү бир-эки шапалак жеп тынды. Күчтүүгө кандай каршылык көрсөтө алмак, анын үстүнө өзү мугалим, мурун мектепти чаңытып жүргөн тентектер бир жумага жетер-жетпес убакыт аралыгында аргасыздан тынчтанууга мажбур болду. Калдыбет башка мугалимдер сыяктуу акыл айтып, насаат окубай турган, бирок сабак учурунда ашыкча кыймыл кылуу дегенди таптакыр унуттук, бир сөз айткызбайт, баарын кылт эткизбей көзөмөлдөп олтурат. Алдыңкы же арткы парталардагы досторуңду мындай кой, жаныңда отурган коңшуңа да сөз айта албайсың. Тартип буздуңбу – өзүңө таарын, эскертпей-нетпей жаныңа жетип келет да кулагыңдан бурап, сүдүрөп алып барып бурчка тургузуп коёт же болбосо жанынан карыш жылдырбаган сарала сызгыч менен колуңа чабат. Өзүңдөн чоңго, анын ичинде мугалимге каршы чыгып, сөз кайтаруу деген бизде жок, көзүбүз тунарып, кулагыбыз салбырап тура беребиз. Үйгө барганда ата-энебизге арыздануу эч кимдин оюна да келбейт, качан болбосун мугалимдики туура деген эреже алардын да, биздин да мээбизге сиңип, көкүрөгүбүзгө жатталып калган. Ошентип жүрүп алгачкы чейректи аяктадык.
Экинчи чейректе классыбызга Жанар деген кыз келип кошулду, мурун шаарда окуп, ата-энеси ажырашып кетиптир, инилери апасы менен калган экен, бул атасы менен жашагысы келгендиктен, апасын ээрчигенден баш тарткан. Атасы кайда экенин ким билет, бул жакка көчүп келип, тууганынын үйүндө жашай турган болуп көчүп келиптир. Мунун баарын “зымсыз телефондон” уктук, чын-калпын билбейбиз, ага маани берген да эч ким болгон жок. Ак жүздүү, бото көз, назик кыз, карегинен кандайдыр бир уюган кайгы байкалат, бирок уяң дей албайсың, тескерисинче, ачык мүнөз сыяктуу, адамга кирпик какпай тик карайт, адегенде чочуладык, кийин үйрөнүп кеттик. Өзү көп сүйлөбөйт, кыздарга да жакын эмес, өзү менен өзү болуп жүрөт, жетишүүсү жакшы, жөндөмдүү кыз.
Күндөрдүн биринде мен да Калдыбектин көз кырына илиндим. Тапшырманы аткарып бүтүп, куралдарымды парта четине жыйнаштырып коюп жатып, циркулумду түшүрүп алдым. Алмакчы болуп эңкейе бергенимде китебимди илештирип, ал да түшүп кетти. Мындайды Калдыбет кечирмекпи! Чачылган буюмдарымды ошол замат ала коюп, эчтеке билбегендей отура калганмын, карасам теше карап ордунан туруп келе жатыптыр. Тайган көргөн коёндой бугуп калдым. Окуу жылы башталгандан бери биринчи жолу көзүнө түшкөнүм, ошондуктанбы, кулактан бурай албады, жаныма жакындабай, сөөмөйү менен бурчту көрсөттү.
Биз тарапта кыш эрте түшөт, бирок жылуу, кар калың жааган менен, катуу суук сейрек болот. Быйыл да ошондой, ноябрь айы жаңы гана башталды, ошондо да кар томукка жетет. Тыныгуу убагында бири-бирибизди карга оонатып, кар ыргытып ойноп, бака-шака түшүп калабыз. Мугалимдердин урушканы бир кулагыбыздан кирсе, экинчисинен чыгып кетет, алды-артын ойлобогон кайран бала чак! Терезе бууланып, ар кай жеринен жарака кетип, айнектин астыңкы жагы музга капталган. Көчөдө төмөнкү класстын балдары ойноп жүрүшөт, эки-үчөө карды алып, аны тоголоктоп кардан чеп жасамакка камынышат, кар тогологу чоң болгондо биринин үстүнө бирин мингизип коюшат. Туура орноштура алышпадыбы, өзү да араң турган чеп бир маалда күрс этип жыгылып түштү. Балдар бытырай качышты. Ой, баатырлар-ай! Кайда экенимди унутуп калсам керек, бырс этип күлүп жиберипмин. Мугалимдин астындагы орундугу кычыр эткенде гана экзамен бөлмөсүндө экеним, ушул азыр сүрөт сабагы жүрүп жатканы, өзүмдү бурчка тургузуп койгону, тынч тура албаганым үчүн сазайымды берери – айтор баары эсиме түштү.
Калдыбеттин кабагы түйүлгөн, сарала сызгычы колунда, жеп жиберчүдөй болуп үрпөйүп калыптыр. Балдар жымжырт болуп көздөрү бакырайып, эми эмне болор экен дегендей чочулай карап, ушунун баарына өздөрү күнөөлүүдөй томсорушат. Дагы бир нече бала тапшырманы аткарып бүтүшүптүр, башка сабак болсо көөдөн кере жайдары олтурушмак, бирок андай болушу кайда, кай жеримен кемчилик табат деп кыпылдап отурушат.
Шадылуу манжалары менен желкемден мыкчый кармап, бир жулкуп столдун жанынан азыраак жылдырды. Сол бетим менен столду сүздүрүп, буга да моокуму канбай, суздана буюрду:
– Колуңду столго кой!
Байкуш кулда не арга, сөлбүрөп колумду сундум. Сарала сызгыч алаканыма шарт эткенде көзүмдөн от чагыла түштү. Бала эмеспизби, кээде бирдемени бүлдүрүп койсом, апам уруша турган, бирок атам да, агаларым да эч качан сабап көргөн эмес, өзүм да момунмун, балким сабай тургандай да себеп болбосо керек. Ачуу таяк этиме батып кетти, андан өтүп жаным ооруксунду, жүрөгүм сыздап, көөдөнүм чымырап кетти. Бирок көзүмө жаш келген жок, тескерисинче, таңыркообу, түшүнбөөбү, чыйрыгуубу, көңүлүмдүн терең түпкүрүнөн кандайдыр бир элес-булас сезим булкуна баш көтөргөндөй болду. Мугалимге тикчие карадым. Ал да көзүн алып качар эмес.
– Сабакта тынч отурбаганыңды койбой, дагы күлөсүң, ээ?! Айт, неге күлгөнүңдү!
Эмне айтмакмын? Неге күлгөнүмдү унутуп да калыпмын. Алаканымды сыйпалап тура бердим.
– Күлгүчтүгүн мунун! Кана, күлчү дагы!
Экинчи колумдан бурай кармап столго койду да, сызгыч менен чаап жиберди. Бул жолу алаканымдын сыртынан урду, жаныма батып кетти, кандай ызырынып жибергенимди байкабай калдым. Ошол убакта Жанардын үнү угулду:
– Агай, күнөөсү эмне?
Баарыбыз селт эте түштүк. Ал арткы партада отурчу, класстын баары үрккөн койдой дүр этип ага бурулду да, ошол замат бойлорун түздөштү. Кайда олтурганыңарды унутпагыла, балдар! Калдыбет миз багар эмес.
– Күнөөсү – күлгөнү.
– Аябайсызбы?
– Эмне, бооруң ооруп турабы? Ме, анда!
Бул жолу ала сызгыч столго тийип шарт этти. Эки колумду ооруксуна ушалап турганмын. Калдыбет ызалана жекирди.
– Кой колуңду!
– Койбо!
Биз Жанардын тайманбастыгынан чочуп кеттик, баарыбыздын үрөйүбүз учуп, балдар мурункудан бетер бүрүшүп калды, кыздардын көз жашы мөлт-мөлт этет, жүрөгүм атып кетчүдөй болуп дирилдеп мен турам. Мугалимге, асыресе Калдыбет сыяктуу катаал агайга каршы чыкканды ким көргөн! Эми эмне болор экен? Байкуш кызга каарын төкпөсө болот эле!..
– Кана, өзүң кел, бери!
Жанар ойлонгон жок. Ордунан туруп тайманбай басып столдун жанына келди. Көзүнөн учкун атып, учтуу ээгин алдыга чыгарып, башын чалкалатып алыптыр. Бүтүндөй турпатынан ашкан намыскөйлүк менен жигердүү токтоолуктун илеби ургандай. Колун столго өзү койду. Калдыбет бар күчү менен аёосуз бир чапты. Сызгыч шарт эткенде көкүрөгүмдө бир назик нерсе үзүлүп кеткендей болду. Жанар ооруксунуп кабагын бүркөдү. Жүзүндө кекээрдүү күлкү пайда болду.
– Эмне экен? Ура албас деп турасыңбы?!
Ала сызгыч кайрадан өйдө көтөрүлдү. Андан ары чыдап тура албадым. Мындай тайбастык менде кайдан пайда болгонун билбейм, жүрөгүмдүн бир түпкүрүндө бугуп жаткан эркектик намысым ойгонуп кеттиби же болбосо өзүмө арачы түшкөн кыз баланын жазыксыз жапа чеккенине чыдап тура албадымбы, атырылып барып, эми гана төмөн түшкөнү турган сызгычты шап этип кармап калдым. Баягы дирилдөөм басылган, көңүлүмдө коркунуч жок, акылым туптунук, өзүмдү күтүүсүздөн бой тартып калгандай сездим. Бир кызыгы, ошол саатта убакыт токтоп калгандай көрүндү. Кыймыл-аракеттерибиз жай көрсөтүлгөн кино кадрларындай үн-сөзсүз, созулуп жүрүп жатты. Калдыбет адегенде шашып калды, ошентсе да ыкчам эсин жыйып, бир силкинип сызгычты жулуп алды да стол үстүнө коё салып, желкемден апчый көтөрүп, эшикке карай сүйрөп жөнөдү. Капкара болуп туттугуп кеткен, ачуудан калч-калч этет. Бетиндеги калы көгөрүп, байкоосуздан сыя сыйпап алгандай көрүнөт экен, арасынан үч тал кыл сербейип чыгып турат. Адам деген кызык го же балалыгымбы, ошол учурдагы абалыма карабастан дагы да күлүп жиберипмин. “Табигаттын өзү жүзүнө кара тамга басып берген” – деп ойлогонум эсимде, ал оюмдан өзүм коркуп кеттим. Калдыбет темирдей манжасы менен мойнумду ого бетер катуу кысты, ары-бери тырбалаңдадым эле, буга карасынбы, эшикти бир жулкуп ачып, коридорго түртүп жиберди.
Сабак бүтүп калган, коңгуроо кагылганча коридордо жүрө бердим. Азыр эле көз алдымда болуп өткөн, ал тургай өзүм баш каармандарынын бири болгон окуянын өзөгүнө жете албасам да, өзүмчө баа берүүгө аракет кылам. Калдыбет… Шумдук-ай, ушундай да мугалим болот экен ээ?! Биз балабыз го, шакирти эмеспизби. Ошончолук катаалдык көрсөткөндөй не күнөөбүз бар? Сабагын окутсун, тартипти көзөмөлдөсүн, бирок неге сабайт? Мурун уул балдарды гана сабай турган, бүгүнкүсү бул… Кыз балага кол көтөрүүгө кандай дити барды? Мугалим деген бардык жагынан үлгү кыларлык изги адам болушу керек эмеспи? Түшүнбөдүм…
Ал эми Жанар… Мындайды ким көргөн. Кыз турмак, мыктымын деп жүргөн не бир баатырларыбыздын өздөрү баш көтөрүүгө алдары келбей калтырап отурганда ага кандай каршы чыкты? Мугалимге… Болгондо да кандай мугалим! Өзү жакында гана келген, мугалимге каршы болду деп окуудан чыгарып жибербес бекен? Эми кыйын болчудай…
Коңгуроо кагылып, балдар тыныгууга чыга баштады. Калдыбет да мугалимдер бөлмөсүнө бет алды, керсейип жанымдан өтө берди, мени көзүнө да илген жок. Ичкери кирсем, демейде мугалим чыгып кетер менен чурулдап кеткен балдар жымжырт, эми не болор экен дегендей үн-сөзсүз бакырая карап калышыптыр. Жанар партага бетин басып жатып алган. Ыйлап жатса керек… Жанына бардым эле, башын көтөрүп, сөз айтпастан колунун сыртын көрсөттү. Эки колуна сызгычтын жол-жол тилкелери кызыл болуп түшүп калган, тегереги көгөрүп, канталап кетиптир. Не дээримди билбей, үнсүз терс бурулдум. Көкүрөгүм сыздап кетти, аргасыздыктан көңүлүм бошошуп, ыйлагым келди. Ызабы, аянычпы, билбеймин, тамагыма бир нерсе тирелди да калды.
Жанар эртеси сабакка келген жок. Эртеси да, андан кийин да кабарыбыз болбоду. Кийин уктук, документтерин алып, шаарга кайтып кетиптир. Ким билсин, айылды желкемдин чуңкуру көрсүн деп биротоло безип кетти бекен. Шаарда да түркүн адам болорун чоңойгондо көрдүк го, кийин ойлоп көрсөм, шаардыктар менен салыштырганда айыл тургундарынын пейили алда канча кенен, адамгерчилиги жогору сыяктуу же болбосо өзүм айылда туулуп-өскөн үчүн ушундай көрүнөбү… Ушуга байланыштуу бир нерсени айта кетейин – Жанардын ошол күнкү эрдигине баарыбыз таң калганыбыз менен, ичибизден бул жоругун уят деп эсептегенбиз. Анткени биз үчүн мугалим деген – дүйнөдөгү эң кадырлуу, эң сыйлуу адам боло турган. Албетте, алардын баары бирдей эмес, көпчүлүгү изги жандар, ошентсе да арасында Калдыбет сыяктуу орой, катаал мугалимдер да учурап калат. Аларды сыртынан шылдың кылып, туура эмес жоруктарын келекелесек да, баары бир ичтен урматтайбыз, мугалимге каршы чыгуу адамгерчиликке жат, айбандык болуп көрүнөт. Башкача ойлоп калбагыла, мен демократия, баланын укугун коргоо деген түшүнүктөрдү жокко чыгарып турган жокмун. Бул жерде аңгеме ишеним тууралуу. Алакандай айыл аймагынан ашпаган дүйнө таанымыбызды кеңейтип, чоң ааламдын эшигин ачып берген, илим-билимге баштаар жолду көрсөткөн азиз адам, көбүнчө акылдуу, кээде катаал болуп кеткен, ошол эле учурда тилеги ак, келечекке алып баруучу даңгыр жолго жетелеп алып барган, кыялдар дүйнөсүнө ак батасын берип аттандырган устатка деген кирсиз таза ишеним. Мектеп босогосун аттап, партага отургандан бери көкүрөгүмө уялап, көкөйүмө бекем орногон ушул ишенимге ошол күнү алгач ирет көлөкө түштү, кирсиз таза, тунук сезимим ылайлангандай болду. Буга ким күнөөлүү? Мугалимдик дегенди темирдей тартип орнотуу деп түшүнгөн Калдыбетпи же болбосо ким тарабынан жасалганына карабастан кыянат аттуунун баарына тайманбай каршы чыгуу керектигин көрсөтүп берген Жанардын эрдигиби? Туура кылбадыбы, чоңдордон токмок жеген жаш балага арачы түшпөдү беле? Эмне үчүн аны колдогон жокпуз, тескерисинче, эмне үчүн баарыбызга тынчтыгыбызды бузуп, берекебизди качырган козголоңчу болуп көрүндү?
Ошол күнү тамагыма тыгылган түйүн биротоло кызыл өңгөчкө жабышып калган сыяктуу, ким бирөөлөрдөн кордук көргөндө ушу күнгө чейин тамагымды бууйт. Жашоодон алган алгачкы сабагым акылымда түбөлүккө сакталып калды. Балалык таза көңүлүмө, таптаза ишенимиме түшкөн жаракат чоңойгондо да кетпей койду. Аны ким дарылайт? Дабаасын ким табат? Апакай көңүлүмдү аёосуз кыйнаган ошол тырык, жан дүйнөмдө түбөлүктүү сакталып калган ошол жаранын орду маал-маалы менен солкулдай сыздатып ооруганы эмнеси? Убакыт баарына дары дейт, андан бери канча убакыт өттү, бул жашоодо далай-далай кубанычка кенелип, бакытка бөлөндүм, ал неге жазылбады? Жазылар күнү барбы? Же болбосо бул… канчалык катаал, канчалык орой болбосун, жаркын элеси баарыбыздын жадыбызда сакталып калууга тийиштүү касиеттүү жана кадырлуу, аялуу да азиз адам – ысымы чоң тамга менен жазылган Устатка иренжүү, жөнсүз жаза, орунсуз кылыгын айыптап каршылык билдиргеним, ошол окуя аң-сезимимдин бир түпкүрүндө эстен кетпей сакталып калганы, унутайын десем да унута албай, көкөйүмдөн өчүрө албай койгонум үчүн кудурети күчтүү Кудайдын жөнөткөн кырсыгыбы?.. Ушу суроонун жообун таба албай жүрөм…
Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА
