Рэй Брэдбери: “Жылмаюу”
(аңгеме)
Борбордук аянтта таңкы саат беште эле кезек башталган. Талаа жакта короздордун үнү жаңы гана угулуп, тегеректе бир да чырак күйө элек болчу. Түнү бою урандылардын арасын каптап турган туман таң агара баштаганда араң тарай баштады. Жол боюнда майрамга жана базарга келгендер эки-үчтөн болуп кезекке кошулуп жатышты.
Бала катуу сүйлөшүп жаткан эки кишинин жанында турду. Муздак абада алардын үнү ачуу чыгат. Бала буттарын алмак-салмак кыймылдатып, үшүгөн колдорун үйлөп, бирде коңшуларынын кендирден токулган кир кийимдерин, бирде созулган узун кезектүү карап коёт.
– Эй, бала, бул жерде мынча эрте эмне турасың? – деди артындагы киши.
– Бул менин ордум, кезекке эрте тургам, – деди бала.
– Жөнө ары, бала! Ордуңду мунун кадырын билген бирөөгө бербейсиңби!
– Балага тийбечи, – деди алдындагылардын бири аркасына кылчайып.
– Тамашалап жатам, – артындагы киши баланын башынан сылады. Бала анын колун жактырбай силкип таштады. – Жөн гана ушундай эрте убакта баланын уктабай жүргөнү кызык көрүндү.
– Бул бала искусствонун кадырын билет, уктуңбу? – деди ага болушкан киши. Анын аты Григсби болчу. – Атың ким, азамат?
– Том.
– Биздин Том мерчемдүү жерге дал тийгизе түкүрөт, туурабы, Том?
– Туура!
Эл дуу күлүп жиберди.
Алды жакта бирөө жарака чыныда ысык кофе сатып жатыптыр. Том ал жакты карап, жалындаган кичинекей отту, анда кайнап жаткан суюктукту көрдү. Бул чыныгы кофе эмес эле. Шаар сыртындагы талаалардан жыйналган мөмөлөрдөн кайнатылып, ичти жылытуу үчүн чынысы бир пенниден сатылчу. Бирок аны сатып алгандар аз эле, көбүнүн чөнтөгү жука болчу.
Том уранды таш дубалдын артына көз чаптырып, узун кезекти карап койду.
– Аны жылмайып турат дешет го, – деди бала.
– Ооба, жылмайып турат, – деди Григсби.
– Аны сыр менен кенепке тартылган дейби?
– Туура. Ошон үчүн мага ал жасалмадай көрүнөт. Чындыгында, байыркы заманда жыгач тактага тартылган экен.
– Ага төрт жүз жыл болуптур деп айтышат.
– Андан да көп болсо керек. Негизи, азыр кайсы жыл экенин эч ким билбейт.
– Эки миң алтымыш биринчи жыл!
– Туура, ушинтип айтышат, бала. Бирок калп айтышат. Мүмкүн үч миңинчидир! Же беш миңинчидир! Биз кайдан билебиз? Андан бери канчалаган башаламандыктар өттү… Бизге болгону калдыктары гана тийди.
Алар муздак таштын үстүндө буттарын араң шилтеп, акырын алдыга жылышты.
– Аны качан көрөбүз? – деди Том капалуу.
– Бир аз мүнөттөн кийин. Эл өтө жакын барбасын деп, төрт жез мамыга баркыт жип байлап коюшкан. Баары тартип менен. Билип кой, Том, таш ыргытууга болбойт, ага тыюу салынган.
– Макул, мырзам.
Күн жогорулап, айлана жылый баштаганда эркектер калың кийимдерин чечишти.
– Биз эмнеге бул жерде жыйналдык? – деди Том ойлуу. – Эмне үчүн түкүрүшүбүз керек?
Григсби убакытты баамдагысы келгендей күндү карап калды.
– Ээ, Том, себеби толтура.
Ал чөнтөгүнөн жок тамекисин издегендей болду. Том бул кыймылды миллион жолу көргөн.
– Баары мурункуга болгон жек көрүүдөн. Айтчы мага, биз кантип мындай абалга келдик? Шаарлар уранды, жолдор өңгүл-өңгүл, талаалар түнкүсүн радиациядан жаркырайт… Бул адепсиздик эмей эмне?
– Ооба, мырзам.
– Ошон үчүн… Адам өзүн талкалаган нерсени жек көрөт. Акылга сыйбашы мүмкүн, бирок адамдын табияты ушундай.
– Ал эми биз жек көрбөгөн бир нерсе барбы? – деди Том.
– Жок! Мунун баары өткөндө дүйнөнү башкарган акмактардын айынан! Мына, эртең мененден бери туруп, ичибиз кабышып, сууктан калтырап жатабыз. Же тамеки чеге албайбыз, же иче албайбыз. Майрамдарыбыздан башка эч кандай кубаныч жок, Том.
Том акыркы жылдары катышкан майрамдарын эстеди. Аянтта китептерди айырып өрттөгөнү, бир ай мурда акыркы машинаны сүйрөп келишкенде, чүчүкулак кармап, машинаны балка менен урган учурлары эсине түштү.
– Эсиңдеби, Том? Мен алдыңкы айнегин талкалагам! Кудайга шүгүр, кандай сонун үн чыкты эле! Трак!
Том айнектин майдаланып баратканын чындап уккандай болду.
– Ал эми Билл Гендерсонго моторду талкалоо тийген. Ал муну катырды! Бамм! Бирок эң сонун болгону, – деди Григсби, – учак чыгарган заводду талкалаган кез болчу. Чыныгы кумарыбызды кандырдык! Анан басмакана менен курал кампасын жардырып жибердик!
Том ойлонуп калды.
– Ооба.
Түш ооду. Талкаланган шаардын жыты ысык абаны уулап турду.
– Мырзам, цивилизация качандыр бир кезде кайра кайтып келеби?
– Цивилизациябы? Анын кимге кереги бар? Мисалы мага кереги жок!
– Мен аны чыдамдуулук менен тосуп алууга даярмын, – деди кезектегилердин бири. – Анда да жакшы жактары бар болчу…
– Бош сөздү токтот! – деп кыйкырды Григсби. – Пайдасы жок.
– Шашпагыла, – деди кезекте тургандардын бири өжөрлөнүп. – Көрөсүңөр: дагы бир акылдуу адам келет, ал муну оңдойт. Жан дүйнөсү бар адам келет.
– Андай болбойт, – деди Григсби.
– Мен айтып жатам, ал келет. Сулуулукка жакын адам келет. Ал бизге тынч жашагандай цивилизацияны кайтарып берет.
– Көзүңдү ирмегенге жетишпей каласың, кайрадан согуш болот!
– Мүмкүн, бул жолу баары башкача болор.
Акыры алар борбордук аянтка киришти. Ошол учурда шаарга кагаз кармаган чабарман келди. Тосулган аянт ортодо эле. Том, Григсби жана башкалар шилекейин жутуп, кумарлануу менен алдыга жылышты. Томдун жүрөгү катуу согуп, ысык таш анын жылаңач согончогун күйгүзүп жатты.
– Кана, Том, биздин кезек!
Тосулган аянттын бурчтарында төрт сакчы турду. Алар таш ыргытылбашын көзөмөлдөшчү.
– Бул ар кимге бирден түкүрүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн. Кана, башта!
Том сүрөттүн алдында катып калды.
– Кана, түкүр!
Баланын оозу кургап калды.
– Том, тездет!
– Бирок, – деди Том жай гана, – ал абдан сулуу экен…
– Макул, мен сен үчүн түкүрөм!
Григсбинин шилекейи күнгө чагылыша түштү. Сүрөттөгү аял сырдуу күлүмсүрөп турду. Том анын көз карашына жооп берип жатып, жүрөгү катуу согуп жатканын сезди.
– Ал сулуу экен, – деди ал кайрадан.
– Жөнө эми!
– Көңүл буруңуздар! – деп кыйкырды чабарман.
Кезек тынчып калды. Баары башчы тарапка бурулушту.
– Анын аты ким, мырзам? – деди Том акырын.
– Менимче, “Мона Лиза”.
– Кулак салыңыздар, – деди чабарман. – Бийлик бүгүн түштө аянттагы портретти элдин колуна өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Аны жок кылууга катыша аласыңар…
Том оозун ачууга да жетишпей калды. Эл чууруп, аны сүрөт тарапка сүрүп кетишти. Кенептин тытырап тытылган үнү угулду… Сакчылар качып жөнөштү. Эл улуп-жулуп, ачка жырткычтардай сүрөттү тытмалай башташты. Том талкаланган алкактын арасынан ары ыргып түштү. Элди туурап, ал да колун сунду. Жалтыраган кенептин бир үзүмүн кармап, жулуп алды да, ала салып кулады. Элдин ары-бери түрткүлөп, тепкилеген башаламандыгы аны сыртка сүрүп чыгарды. Бети-башы сыйрылып, кийими айрылган Том арыраакта туруп калды. Кемпирлердин кенептин кесимдерин чайнап, эркектердин рамканы сындырып, катуу кенепти майда-майда үзүмдөргө айра тепкилеп жатканын карап турду.
Ушул ызы-чуунун арасында бир гана Том алыста тынч турду. Ал колун карады. Байкаса, ал кенептин бир үзүмүн көкүрөгүнө бекем кысып, жашырып алган экен.
– Эй, Том, сен эмне кылып жатасың! – деп кыйкырды Григсби.
Ага жооп бербей, шолоктоп ыйлаган бойдон Том качып жөнөдү. Шаардан алыс, өңгүл-өңгүл жол менен, талаа аркылуу, кичинекей дарыядан өтүп, аркасын карабай чуркап баратты. Түйүлгөн алаканын курткасынын астында катып алган эле.
Күн батканда ал чакан айылга жетип, аны аралап чуркап баратты. Саат тогузда эски ферманын урандыларына келди. Анын артында, силос курулушунан калган бастырмада үй-бүлөсү уктап жаткан. Апасынын, атасынын жана байкесинин корулдап коңурук тарткандары угулуп жатты. Ал тар эшиктен абайлап кирип, ордуна барып жатты.
– Том? – деди караңгыда апасы.
– Ии.
– Кайда жүрдүң? – деди атасы үн катып. – Шашпа, эртең менен сазайыңды берем…
Бирөө аны көтөнгө тээп калды. Бул кечке огороддо жалгыз иштеп чарчаган байкеси эле.
– Жатып уктагыла! – деди апасы акырын.
Байкеси аны дагы бир жолу тепти.
Том демин ичине катып, тынч жатып калды. Айлана жымжырт болчу. Ал колун көкүрөгүнө бекем кысып алган. Жарым сааттай көзүн жумбай жатты.
Бир маалда денесине муздак ак жарык тийди. Асманда ай жогорулап, андан түшкөн жарык Томдун денесине жармашты. Ошондо гана анын колдору бошой түштү. Абайлап, уктап жаткандар ойгонуп кетпесин деп, колун өйдө көтөрдү. Терең дем алып, манжаларын ачты да, боёлгон кенептин үзүгүн түздөдү.
Дүйнө айдын жарыгында уктап жатты.
Ал эми анын алаканында “Жылмаюу” жаткан эле.
Ал аны жарым түндөгү ак жарыкта тигиле карап турду. Анан өзүнчө акырын: “Жылмаюу, кандай керемет жылмаюу…” – деп кайталай берди.
Бир сааттан кийин аны этият бүктөп жашыргандан кийин да, Том ошол элести көрүп жатты. Көзүн жумса эле караңгыда кайрадан ошол Жылмаюу пайда болот. Мээримдүү, кайрымдуу Жылмаюу. Ал уктап жатканда да дүйнө тынч болуп, ал эми ай муздак асманда обондой калкып, таңды утурлай жылып баратты.
Которгон Абийрбек Абыкаев
