Токой
(тамсил)
Керилген кең токойдун арасында,
Кай кезде байыр алып мекендеген,
Биригип бир муштумга, максат коюп,
Жашаптыр жаныбарлар эчендеген.
Адилет өкүм сүргөн убак экен,
Алдамчы дароо дарга асылыптыр,
Ач көздүү чөөлөр келип сугун артса,
Алп шумкар айбат кылып качырыптыр.
Көңүл ток, көөдөндөрү ачка калбай,
Көздөрү көрбөй жашап муңайымды,
Ырысты ынтымакта бирдей бөлүп,
Ырлары билчү эмес дейт убайымды.
Алп шумкар бийиктиктен көз жүгүртүп,
А арстан жандууларга баш-көз болуп.
Кай күнү түлкү тууган бир бачики,
Капырай, чоңоюптур ач көз болуп.
Ошондон баштап токой арасында,
Чуулгандуу окуялар башталыптыр,
Түлкүбай жандап жүрүп жайлаган го,
Кыйтырлык сотту жеңип акталыптыр.
Ак шумкар алдан тайып калган дешет,
Арстан да акыл эстен тайган дешет,
Пил баштап билегине ишенгендер,
Күч менен баарын колго алган дешет.
Жыйналыш болгон жерде иш чечилбей,
Жыгылган алсыздарын ит кечирбей,
Итере түртө салып караңгыга,
Ийгилик калган дешет иштетилбей.
Маараган кой коштогон майда жандык,
Матырган саздан өйдө көтөрүлбөй,
Келемиш кемирип жеп келетат дейт,
Керемет ырыскы жок кечээ күндөй.
Коёнго коңшу болгон таш бакасы,
Токойдун тоолорунда чыңырат дейт,
Торопой тоготмокпу алсыздарды,
Кырды ашып жүрө берсин кыбырап дейт.
Үңүлдөп үн чыгарып үкү түндө,
Үзүлбөс үмүт жибин токуп жатат,
Үлбүрөп тийген айдын жарыгында,
Үйүлгөн жандар мыйзам окуп жатат.
Акылы асыл тукум алып келген,
Алп шумкар балапанын таптайт дешет,
Алыстан көз чаптырып мекенине,
Айгайдан, азгырыктан сактайт дешет.
2026-жыл
