Барам бир күн

Чыгарманы баалаңыз

Ырларыңдын каарманы болуп алып,
Кыялымда булуттарга конуп алып,
Кымгуут болгон кыш чилденин кечиндеси
Макул десең, мейли, бир күн жолугалык.

Эстен кетпей, жолукчу күн тооруп алып,
Айрылууну ойлоп улам ооруп алып,
Кантсе дагы чечүү үчүн тагдырымды,
Барам бир күн, тутам гүлдү колума алып.

Жашап жүрсөң жан дүйнөмдөн орун алып,
Сактап жүргөм кетире албай боорума алып.
Чек коюу үчүн ортодогу мамилеге,
Барам бир күн мен шарапка тоюп алып…

Автор

  • 1974-жылы Алай районуна караштуу Сопу-Коргон айылында жарык дүйнөгө келген. Учурда Бишкекте жашайт. Жеке ишкер. 

    2024-жылы "Көөдөндөгү бурганак" деген аталыштагы ыр китеби жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген