Ак сүйүүсүн сактагыла
Аял затын эч качан какпагыла,
Ала качып уруп согуп чаппагыла.
Алганың түбөлүккө сен деп келет,
Асыл заттын сүйүүсүн сактагыла.
Айдай таза ишенимин актагыла
Алган жардын сүйүүсүн сатпагыла.
Ааламдан бизге берген аманат го,
Аруу затты армандарга катпагыла.
Аял кутум, берекем деп мактагыла,
Ар бир сөзүн өзүңөрдөй жактагыла,
Аял назик, аял эне, аял өзү асыл жар,
Аяп күндө аял затын барктагыла.
Аял заты эч бир азап тартпагыла,
Асыл затка азаптарды артпагыла.
Аял деген сен үчүн да жан берет,
Ак сүйүүсүн как жүрөккө сактагыла.
