Бир күнү сен да чарчайсың менден…

3.5/5 - (6 добуш)

Бир күнү сен да чарчайсың менден,
Мен дагы чарчайм сөзүңөн сенин.
Өзүңөн, менден издебе мандем –
Ушундай жашоо, ушундай сезим.

Көп миңден бири өзгөчө болор,
Жадыңда калган бир аткан таңдай.
Алыстан карайт ак мөңгү тоолор –
Сен дагы, мен да эмеспиз андай.

Ушундай жашоо, ушундай тагдыр.
Билемин аны, эң сонун, жакшы!
А бирок неге – кунарсыз такыр –
Буулугуп кээде жүрөгүм жашыйт.

09.03.2026

Автор

  • Марат Токоев

    Журналист, акын, котормочу. 2021-жылы "Сүртүмдөр" ыр жыйнагы жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген