|

#20 Жазгы жамгыр

Биринчилерден баа бериңиз!

Жан бүткөнгө бабам ырыс тилечү,
Жамгыр жаа деп эл берди түлөөсүн.
Ак тилекти кабыл кылып Жараткан,
Жаады жамгыр – кубаныч, дем бул өзү. 

Жаачы жамгыр, теребелди сулуулап,
Көтөрүлүп көк чыксынчы жыбырап.
Жердин демин сезип жаттым тазарган,
Сагыныпмын жамгырыңды, улуу жаз.

Жаачы жамгыр, үмүт дагы жайнасын,
Өнсүн нымдан, жерге сепкен дан бачым.
Тирелишип буудай турсун жайкалган,
Суктанайын, тапчы көңүл айласын.

Жаачы жамгыр, тилек кылып тунганмын,
Жаманымды жуудуң, таза нурдандым.
Жабыркабай, толуп ырыс чөйчөгүм,
Жер асмандын тазасына чулгандым.

Жаачы жамгыр, кичинемден сырдашым,
Балалыкта жакчу сенин ырдашың.
А бүгүн мен, айтып берем сүйүүдөн,
Жүрөгүмдүн тез согушун туйлашын.

Жазгы жамгыр, ак жолтоюм, курдашым,
Асман канча билбейм жүрөт сыр катып…
Жаан жааганда, жан эргитип шыбырап,
Сүйөм деди, мени бүгүн кымбатым.

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген