|

Мезгил

4/5 - (2 добуш)

Эгер мезгил шумкар болсо канатчан
каякадыр тынбай сызып бараткан.
Мүнүшкөр бол томогосун сен алып,
убакыттын барар жагын караткан.

Эгер мезгил тулпар болсо таң ашкан
саяпкер бол аны таптап бараткан.
Чабендестей бир мараны белгилеп,
жеңишке жет гүл өмүрүң жараткан.

Эгер мезгил аалам болсо – койнунда
чагылган бол эрксиз баарын караткан.
Көр ажалды сестендире жашап өт,
сага ыраазы болуп турсун Жараткан.

Автор

  • Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу, ф.и.к., доцент, акын, КР Жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

    “Кызык, жашоо…” (ырлар жыйнагы, 2012), “Каармандар сүйлөйт” (драмалуу ыр түрмөгү, 2015), «Кантсин эл!..» (ыр түрүндөгү пьеса, 2016), «Жашынмак» (балдар ырлары, 2022) жыйнактарынын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген