Биз жолуктук
Баспасак да, экөөбүз кол кармашып,
Бак түбүндө көпкө отурдук баарлашып.
Ойлорубуз бир экени билинди,
Сөздөрүбүз бири-бирине жалгашып.
Кыялдарды кеч болсо да жандатып,
Калбайлы деп, мезгилдерге алдатып.
Кыялдар да, башын чулгуп ойгонуп,
Сезимдерди кала электе чаң басып.
Биз жолуктук, бекинип да, жашынып,
Биз жолуктук, күтүнүп да, ашыгып.
Ууз сезимдер, уурдана ойгонду,
Ушунча жыл жаткан эле басылып.
Адамдар көп, жазда күткөн сүйүүнү,
Күздө тура, ашыглыктын дүйүмү.
Тооруп улам, өзүң жакка ыктатат,
Топтолушкан сезимдердин үйүрү.
Мага жакты, айыпсыз жарк!-карашың,
Анан дагы шаңк-деп күлө багасың.
Сага гана, арнадым ар мүнөттү,
Саам токтотуп, убакыттын барасын.

