Ырлар, ырлар
Ырлар, ырлар… жүрөгүмдө түнөгөн,
Ыргактары чачыраган, жүдөгөн.
Күлүк чыкпай төрт аягы тыбырап,
Саяпкерсиз калган өңдүү сүрөөдөн.
Ырлар, ырлар… бассам-турсам жандаган,
Ырыскысын изденүүдөн талбаган.
Бүркүтсүңөр шаңшып учпас асманда,
Мүнүшкөрү томоголоп кармаган.
Ырлар, ырлар… жашоомдун бир бөлүгү,
Кайгы тартсам жашым болуп төгүлгөн.
Саптарыңар чачым сындуу бириндеп,
Тегиз болбой жанып кеткен өрүмдөн.
Ырлар, ырлар… досум дагы, сырдашым,
Алгаласын кадамыңар тынбасын.
Пенделердей көңүл калып силерден,
Эч убакта назар, шагым сынбасын.
