Жаз айы
Ар бир мезгил, өз алдынча көрк берип
Адамзаатка кооздугун тартуулайт.
Карап көрүп табигаттын кооздугун,
Жүрөк кагып бир башкача толкундайт.
Төрт мезгилдин эң улуусу жаз айы,
Бүчүр байлап, жер жарылып чөп чыккан.
Жан жаныбар, тирүүлүккө бел байлап,
Агымында жашоонун сапар тарткан.
Жердин бетин кооздоп каакым гүлү,
Кулагыңа угулуп куштар үнү.
Буркурап жытын төгөт теребелге,
Терезенин түбүндөгү сирень гүлү.
Кең талаада трактордун үнү угулуп,
Жазда жарыш болгондугу туюлуп.
Келээр жылдын камдалып мол түшүмү,
Кампа толсо элимде чоң сүйүнүч.
Майрамга бай, маанай ачкан жаз айы,
Жердин бетин гүлдөр каптайт бачайы.
Жамгыр төгүп айлананы тазартат,
Дем күч берип ден соолукка атайы.
