“Эй, адамдар, эмне болуп баратабыз?..”

1.5/5 - (8 добуш)

*   *   *

Эй, адамдар, эмне болуп баратабыз?
Билип билбей ушактарды таратабыз.
Ак-караны ажырата билбей туруп,
Айып издеп болбогон бир санаадабыз. 

Эй, адамдар, эмне болуп баратабыз?
Туура жолдон кыйшык басып адашабыз.
Көрө албас, ичи тардык өрчүп улам.,
Көңүл муздап, мерездикти жаратабыз. 

Эй, адамдар, эмне болуп баратабыз?
Жакшы турса, жаманга жанашабыз.
Алдамчылар көбөйүп арабызда..
Калпты чындай көрөбүз, баарлашабыз. 

Эй, адамдар, эмне болуп баратабыз?
Эркиндикти азапка айлантабыз.
Байлык, мансап көздөгөн баары азыр
Ой-санаа көп ооруларды жаратабыз. 

23-март, 2026-жыл

Автор

  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Толук айылынын тургуну. 

    Кичинесинен ыр жазууга кызыкканы менен, адабий чөйрөгө кеч келди.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

  • Жылаңач кышты күткөн дарактарым…

    Көрүүлөрдүн саны: 32 Жылаңач кышты күткөн дарактарым,Мен дагы силер өсчү тараптамын.Жазыксыз биз аяган бариктерди,Карачы, шамал айдап баратканын… Биз дагы тирүүлүктө көбүн жоктоп,Көктөйбүз, чачылабыз силерге окшоп.А…

    Бөлүшүңүз
  • Жазгы жамгыр

    Көрүүлөрдүн саны: 0 Көр турмуштун көйгөйлөрүн көздөгөм. Көп жыл болду мындай жазды көрбөгөм. Көлөкөдөй көмүскөдө көрүнүп, көздү жумуп жашап келген өңдөнөм. Жазгы жамгыр, мурда күчүн…

    Бөлүшүңүз
  • Жаз ыргактары

    Көрүүлөрдүн саны: 15 Жер бетине жапжашыл чөп төшөлүп, Бак-дарактар бүчүр байлап, гүл өнүп. Жаз келсе экен күттүрбөстөн тезирээк, Жан дүйнөмө Махабатты энчилеп. Жаз айында келгин…

    Бөлүшүңүз
  • Жаз айы

    Көрүүлөрдүн саны: 14 Ар бир мезгил, өз алдынча көрк берип Адамзаатка кооздугун тартуулайт. Карап көрүп табигаттын кооздугун, Жүрөк кагып бир башкача толкундайт. Төрт мезгилдин эң…

    Бөлүшүңүз
  • Жаз айы

    Көрүүлөрдүн саны: 17 Жаздын жыты башталды,Жашылдантып бактарды.Жаз акындар, жазалы,Жаз жөнүндө ырларды. Жадыраган жаз айы,Майрамдарга бай айы.Кошо келет жаз менен,Кыз-келиндер майрамы. Жашыл чөптөр кылайып,Айланага жыты аңкып.Чырыйттаган…

    Бөлүшүңүз

One Comment

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген