Кылым каты

Биринчилерден баа бериңиз!

Кайыпсыңбы? Кандай жансың, кайдансың?
Караңгыда жарык чачкан айдайсың.
Азгыруубу? Аруу сезим сулуубу?
Алыс жүрүп жакын болуп алгансың.

Ойгонгондо көзүмдү ачсам уйкулуу.
Оюмда сен, бүт айлана супсулуу.
Айлуу түндө тоолор аппак, жапжарык.
Аяздуу кыш ызгаары да жыпжылуу.

Эгиз жандай ыраалаган шерик бейм?
Эргүү алам, ырлар жазам, зерикпейм.
Ашуулардан бут тосуулар толтура.
Ачууланбайм, ашык сөзгө терикпейм.

Сен гүлзарым жыпар жыты аңкыган.
Сезимдердин кайрыктары таңшыган.
Кылын чертип… кан жүгүртүп жүлүндөн,
кылымдарга тирүү сүйүү калтырам.

Автор

  • Ош облусунун Сары-Таш айылында 1970-жылы төрөлгөн. “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси, Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Адабият, маданият тармагында бир топ программалардын негиздөөчүсү, уюштуруучусу, катышуучусу, демөөрчүсү.

    Көптөгөн поэзия жанры боюнча  китептердин автору, редактору, корректору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген