Контраст

5/5 - (1 добуш)

(Сапар таасирлери түрмөгүнөн)

Автожолдо
жөргөмүш желесиндей
Автолор тизилишет.
Сүрмө топ мопед жүрөт,
Рикшалар андан да көп
Качып-буйтап өтүшөт
Тыгындардан, кайырчыдан.

Кайырчылар
Удулунда кара жолдун
Тобу менен жабалактайт
Туристтерге
Авторикша,
Же байыркы велорикша
же мопедде
Маашырланып бара жаткан.

Кембагалдар.
Жатагы жол боюнда
Алачыкта,
Тирилиги, тамак-ашы, кири-сыры
Баары тышта.
Кейип-наалып кетишет
Кереметти эңсеп келген далай-далай
Жолоочулар.
Муңаят жакырчылык.

Тан бергидей
Бул элдин ынаным, сабырына,
Сыйынган кудайына.
Кембагалы, тилемчи,
селсаягы
баары бирдей
Баш ийет кууралына,
Жыргалына.
Даттанбайт жашоосуна
Жазылган маңдайына.
Муну алар “карма” дешет
Келе турган тирүүлүктө
айланып
Ар бир жанга.

Космоско
колу жеткен,
Өзөктүк куралы бар
Ири борбор
Теңата дүйнөдөгү кыйындарга
Тарыхы тамырлаган кылымдарга
Бул өлкөдө
Жакырлардын көптүгүнө
итке минген,
Ишенгиң келбейт экен.

Автор

  • Акын, журналист.

    «Алтын калем» жана «Алыкул Осмонов атындагы» адабий сыйлыктардын ээси, Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун, Евразия, ТүркСОЙ жазуучулар бирикмелеринин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген