Дандыр нан
Кызарып бышкан дандыр нан.
Апакем жүзү албырган
Азыр да көзгө элестейт.
Өзүн да, нанын сагынам.
Апакем колго карматкан.
Ысык нан даамы таңдайда.
Эсиме түшөт али да.
Эзилип жүрөк арманда.
Кылчайып артка карасак,
Кыйырсыз кеткен бала чак.
Апамдын сөзү кулакта:
“Нан жабам, бачым отту жак”.
Аттиң ай, азыр ошол кез
Кайрылып кайра келсечи.
Жаныңдан чыкпай эркелеп,
Отуңду жагып берсемчи.
Дандыр нан жыты буркурап,
Салкын жел соксо сыдырым,
Жашоо, турмуш, өткөн чак
Көрсөтөт турмуш чындыгын.
Көөдөндөн чыккан бул ырым.

Нарынкан калемин курчуй берсин!Биз кичинекей кезибизден эле тандырга нан жаап,чоңойдук, жытын искегендей болуп,ошол күндөргө кайткандай жагымдуу маанай тартуулоо ар бир адамдын колунан келе бербейт.