Өмүр
Өмүр өтөт, бир-бирине окшобогон.
Мезгил өтөт, сурансак да токтобогон.
Эске алабыз, кобурашып кеп келгенде,
Жаштык кезде, жаш кулундай ойноктогон.
Өмүр кээде таттуусуң да ачуусуң,
Бере турган шору менен бактысын.
Өмүр, сенден сурар элек, чектебей,
Кулпу салып, буруп койсоң ачкычын.
Бул өмүрдүн жакшысы бар, жаманы бар,
Толукталып турмуш менен барабар.
Чексиздикти кааласак да канчалык,
Токтой турган убактысы, сааты бар.
Өмүр барда сыйлашкыла, билгиле,
Жүрөктөрдү толтургула мээримге.
Өмүрдүн да келди-кетти жагы бар,
Бүлүндүрүп, бүлүк салган сезимге.
Өмүрдүн да жалганы бар, чыны бар,
Өзгөрүлмө биз билбеген сыры бар.
Өмүр баркын күүгө салган ноталап,
Өмүр деген нечендеген ыры бар…
Өмүр деген өтө кымбат баарынан.
Өмүр өтсө жүрөк токтойт кайрадан.
Баркын билип, туура жашап өтөлү.
Өмүр өтсө артка жол жок кайрадан.
20-апрель, 2026-ж.
