Бир элес…

Биринчилерден баа бериңиз!

Бизде кыш,
каяктадыр башка жакта,
Бий бийлеп, жалбырактар
бак-даракта…
жай болуп турган чыгар?
А менин
Көз алдыма элестелет:
Таңкы жайлоо,
кыр-кырлары нур жамынган.
Арт жактагы аскалар учтуу бийик.
Бул тоолордун казыгындай кагылган.
А төмөндө, жашыл белес жел бүрксө,
Кокту-колоң ойгонууда уйкудан
көк майсан чөп андагы…
ак шурудай шүүдүрүмдөр таңдагы
кээде кудум,
алмаздай жылт-жулт этер,
Күн тийсе миң кубулуп,
нурун чачып айланага…
таңдын көркүн чыгарыша..
Анан да,
Бул элестер,
тартылды көз алдыма…
Салкын желге умтулушкан
Жашыл жайлоо гүлдөрү
Түнү бою,
наар татбай укташкан…
“Жигиттерди” түшүндө
алар көрүшөр,
үзүп алып, сүйгөнүнө арнашкан…
А мен болсо, кучагымды
кең жайып, жолдо келем,
бак-даракты карайм, карайм
күмүш-күбөк тагынган,
Бутактарга конуп алган,
Карап өтөм,
“Каак” эткен каргаларга…
Бир элес да?
“Кар жаачы” дешет го алар.
Кар жааса да дагы эле…
А мен кайра,
Кыялдар учуп капкайда,
Эңсөөдөмүн…
Эңсөө деген бүтпөйт экен,
Эңсөө деген чынында!

Автор

  • Акын, журналист, котормочу, коомдук маданий ишмер. 1948-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Үч-Терек айлында туулган. Бир нече ыр жыйнактары жарык көргөн. Кыргызстан Журналисттер жана Жазуучулар союздарынын мүчөсү.

    Учурда АКШда жашайт. “Кыргызстан – Америка” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген