|

Көктөм эле

5/5 - (1 добуш)

Оо, анда көктөм эле, көктөм эле,
Көр сүйүү көкүрөктө чөккөн эле.
Көрсө мен ойлоптурмун түбөлүк деп,
Бир сулууну эрдинен өпсөм эле. 

Оо, анда көктөм эле, көктөм болчу,
Көз ачырбай көк жамгыр төккөн болчу.
Сулуу деле мен сыяк ойлогондур,
Ал да ошондо берилип өпкөн болчу. 

Канчалаган көктөмдөр артта калып,
Кагазга чиймеленген кат да калып.
Кайдадыр мезгил шашып кетип барат,
Келекелеп, далыга таптап алып. 

Ооба анда көктөм эле, көктөм эле,
Ойлогом көктөм кайда кетмек эле?
Ак аралап калганда сакалымды,
Андагыдай азыр ким өпмөк эле.

Автор

  • Акын, журналист, котормочу. 1984 жылы Нарын облусунун Кызыл-Дөбө айылында туулган. Мектеп курагынан поэзияга шыктанат. Бир топ гезиттерде, теле тармагында кабарчылык кызматтарда иштеген. Учурда Бишкекте жеке тармакта эмгектенет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген