Үшкүрүк
Кыйырдан издеп, кыр-кырда калып издери,
Бактысын таппай баратат кыргыз жүздөрү.
Кылымдан келген кыргызды чилдей таратпай,
Качан бир жеңге чогултат башчы биздеги?
Курама жыйып, журт кылган асыл бабалар!
Карачы кыргыз капталы тилик, жарадар!!!
Эл жерден алыс көтөрүп жүгүн турмуштун,
Элеси калды дүйнөдө мигрант кыргыздын.
Эгемен болуп этегин жыйып ала албай,
Ээнсирейт орду мекенде далай уул-кыздын.
Кулаалы таптап, куш кылган асыл бабалар!!!
Карачы, уулуң! Кыргызың алсыз, жарадар!!!
Жүздөрү ойлуу, жүрөгү толо кусалык,
Жете албай элге, көр оокат байлап тушалып.
Жүргөндөр качан кайтышат ыйык мекенге?
Жол карап күткөн эненин колу узарып.
Кайрылчы, келчи! Эл баккан асыл бабалар!!!
Карачы уулуң, кыздарың азыр жарадар!!!
