Ак бачики
(тамсил)
Куу митаамдыгын түлкүнүн,
Баары эле жакшы билет.
Айлакерленип түн-күнү,
Көздөгөнүн кылтакка илет.
Айтса айтпаса төгүнбү,
Ал эптеп алдап сүйлөп,
Эӊ эле боорукер көрүнүп,
Кымыйып ичтен күлөт.
Түлкүнүн кылганын билбей,
Айбандар чатак курушат.
Эч кимди көӊүлгө илбей,
Бир-бири менен урушат.
Ошентип жүрүп түлкүнүн,
Айыбы айкын болду бир күнү.
Уруштуруп коюп калп эле,
Өзү турчу сыпайы, үлгүлүү.
Алдамчылык дайым эле,
Жашоодо жемишин бербес.
Чынчыл, ак ниет айбандар,
Түлкүгө болду ишенбес.
Айыпта жүргөн кезинде,
Түлкү аппак балалуу болду.
Жоругу келбей эсине,
Атын Ак бачики деп койду.
Ар кандай күнөөсүн эстеп,
Ичинен өзүн-өзүн жектеп.
Баласына айткан жери,
Ак ниет болушун эӊсеп,
– Баары сени бир күн, балам,
Түлкүнүн баласы дешет.
Бир гана сенден үмүтүм,
Жакшылыкка болчу себеп!
Токойдогу айбандар таӊ:
– Бул кимдин баласы? Ким?
– Мен болом түлкүнүн баласы,
Атым ак ниет Ак бачики!
– Оо, аты да Ак бачики!
Кайран түлкүнүн баласы,
Ак көрүнүп, алдачу ким?!
Мунун кыйындыгын карачы!
– Мен алдаган эмесмин,
Күнөөлөй албайт, тек эч ким!
Тилегим жакшылык кылам,
Тийсе эгер бирөөгө керегим!
Ак бачики айтканындай,
Өстү эӊ акылдуу, элпек.
Токойдогунун баарына,
Жүгүрүп жардамын берет.
Кабары жок эле бир гана,
Токой падышасынын андан.
Жыгылып кетти, эх, арстан,
Өрдөй келе жатып жардан.
– Ким бар?! Бергилечи жардам!
Ак бачики чуркап келди анда,
Тырмышып, аракет кылып,
Арстанды чыгарды аӊдан.
– Сен кимдин баласы? Кайдан?
– деп сурады аёлуу арстан.
– Түлкүнүн баласы, – Ак бачики!
– Түлкүнүн баласы – Ак бачики?
Арстан оозун араӊ жыйды.
Чакырып билип анык чынын,
Өткөрдү айбанаттар арасында,
Туугандык чоӊ бир жыйын.
– Күнөөлөрүм кечириӊиз,
Токой падышасы арстан.
Чын эле мен өтө жаӊылгам.
А балам чынчыл, эстүү абдан, –
деп, башын шылкыйтты түлкү.
– Ооба, жаӊылышыӊ мүмкүн,
Катаны оӊдоо кыйын түлкүм!
Балаӊды го, тарбиялапсыӊ,
Жаӊылган сен эмес жалгыз.
Бүгүн токойдо той кылабыз,
Айбандардын эми баарынан,
Күнөөӊө кечирим сурагын!
Түлкү кечирим сурады,
Туура эмес экен, кылганы!
Ары калчап, бери калчап,
Эстеп ак бачикинин барын,
Араӊ кечиришти аны.
Ак бачики чынчыл, калыс,
Түлкүнүн баласы – атка,
Эми мына татыды анык!
