Эки өлүк

4.3/5 - (6 добуш)

Чоң атасын чокусуна көтөргөн,
Чоң өлкөнүн туусу түшүп, өзү өлгөн.
Чогун үйлөп ар кай жерден кызартып,
Чоочун жүрүш чууруп барат көчөңдөн.

Уурдай качып улуулардын иштерин,
Ушул агым, милдет кылып түштөрүн,
Эске салсаң эгемендик талабын,
“Э, койчу!” – дейт кычыратып тиштерин.

Өз жаны үчүн тирүүлөргө тор салып,
Өлгөндөрдүн изи менен жол чалып,
Коркутууда көрдөн чыгып дүйнөнү,
Коңшулардын короосуна кол салып. 

Экинчи бир эбегейсиз Ач Арбак,
Эрме чөлдүн жомокторун масалдап,
Элдин күчүн соруп жатат өзүнө.
Эл болбосо эми кайдан жашармак? 

Азгырыктын бешигине бөлөйбү?
Азыртадан насыясын төлөйбү?
Көрбөй туруп бул өмүрдүн кызыгын,
Көргө кирип жашагандар көбөйдү.

Илгеркилер аргасыздан байланган,
Ичи-тышы акча менен майланган,
Караңгынын уюлундай сезилет
Кара аламан, кара ташты айланган. 

“Өз тилимди, өз салтымды көтөрүп
Өз өлкөмдү курам!” десек, көшөрүп,
Эки буттан бекем кармап кыргызды,
Эки көргө сүйрөп жатат эки өлүк. 

Экөөсү тең “Сенин пириң менмин!” – дейт.
“Эзелтеден сени менен келдим!” – дейт.
“Өз жолуңду издей көрбө! Мен үчүн
Өз тилиңди, өз жаныңды бергин!” – дейт. 

Бабаларың көп нерседен кутулган…
Баш тартпагын, тагдыр сунган кутуңдан.
Эгемендик туусун көтөр, бир боорум,
Экөөнү тең силкип салып бутуңдан!

Автор

  • Журналист, акын, талдоочу, котормочу. 1996-жылы КУУнун журналистика факультетин бүтүргөн. 1994-жылы жаш акындардын Табылды Муканов атындагы сыйлыгына, 1999-жылы КР президентинин журналисттер үчүн чыгарылган “Алтын калем” сыйлыгына, КР Ардак грамотасына ээ болгон. “Алтын калем” адабий сыйлыгынын 2024-жылдагы сын жанры боюнча жеңүүчүсү.

    “Самурай кылыч – жүрөгүм” ыр китеби жана сын макалалары кирген “Сын китеп” китеби жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген