|

Боёкчу

5/5 - (1 добуш)

(эссе)

Айыл ичин ала-шалбырт аралап, күндүн көзү аздап жылымтык мээримин чачырата жымыңдап, чар тарап өзүнчө бир ажайып кооздукка бөлөнүп, ал ажайып кооздуктун көркүнө көрк кошуп, көкөлөп сайраган көктөгү боз торгой менен шыптагы кара чыйырчык эрте жаздын эң биринчи жарчысындай келиштире миң түркүн обон созуп турса, бар дүйнөңдүн балкыганы-балкыган.

Дал ушундай учурда, ар жылы, бүтүндөй айылдын боз балдарын “чаң-тополоң” түшүргөн эски жыгач арабанын “кыйчылдагы” айыл ичин аралап, ал кыйчылдакты коштой: “Боё-ок! Боё-ок!” – деген боёкчу чаар кишинин коңур үнү чакан кыштакты тынбай жаңыртып, “чыт курсактарды” чымын-куюн, кый-сыпыр түшүрө дүрбөтүп, эдиреңдеп, ээ-жаа бербей башаламан чуркаган чунак балдар аз эле жерден ат арабанын алдына кирип кете жаздап барып токтошуп: “Арабакеч ата, арабакеч ата, эмне аласыз?” – дешип жарыша чурулдашып, “сөөк”, “мүйүз”, “туяк” деген жообун угуп-укпай эле удургушуп, алардын артынан мен да кошо удургуй чуркап: “Апа-а, апа-а, боёкчу келди, боёкчу!” – деп антаңдап үйгө жетип-жетпей, кирип-кирбей сөөк-саак чогултуп койгон жаман боз таар баштыгымды таппай кайсалап жүргөнүмдө, кара баркут чапанынын бир жеңин кийип, бир жеңин кийбей, маасы-көлөшүнүн апкытын майрыйта баса шашылып: “Бас ылдам, балакетиңди алайын балам, баралы, боёк калбай калбасын”, – деп ийрейген ичке таягын сүйрөй жөнөгөндө, чындап эле боёк калбай калса бүтүндөй жашообуз токтоп калчудай, жаман таар баштыгымды ийиниме арта сала, тыйталаңдап апамдын артынан кошо ээрчий чуркачумун…

Сөөк-саактарын өткөрүшүп, ар кимиси өздөрүнө жаккан ар кандай буюм-тайымдарын алып жаткан кичинекей досторумду көрүп алып, эмнегедир мен аларды аябай бактылуудай сезип, түркүн-түстүү жалаң боёк алып жаткан апама ичимен бир аз капаланып барып токтоп, бирок боёкчунун ары “алдамчы”, ары “күлкүлүү”, желмогуздай болгон кичинекей желим кашыгына таңдана карап, гезиттен ороп жасап алган кичинекей “күлөккө” шашпай боёк салып, үнүн жай чыгара санап жаткан бети быткыл чаар киши менен кошо жарыша санашып кеткенимди байкабай калып: “Токтот эй, адаштырасың, оо, мурдуңду урайын, түйрүк!” – деген тамашасына: “Өзүңүз түйрүксүз, чаар бака киши десе”, – деп ичимден билгизбей кобурангыча бир аз теригип барып, кайра эле чымкый жапжашыл, кыпкызыл, көпкөк болгон боёкторго алаксый калып, ошого ушунчалык көңүлүм көтөрүлүп, асмандап, аргасыздан арабакеч атаны астыртан кылтыя карап, жактырып койчумун.

Бечара апам “боз үйгө” деп даярдаган ак койдун жүнүн боёп, “жүдөп” жаткан учурунан пайдалана калып, курумшу баштыктагы бадырайган апакай чүкөлөрүмдү бөлүп-бөлүп, жүндүн арасына кошо салып жиберип, билмексен болуп, жепирейген ашканабыздын артын көздөй айланып басып кетчүмүн.

“Боёгум жакшы киргей эле” деген тейде жаны тынбай күйпөлөктөп, сарысанаа болуп жүргөн апам аны көрүп калып ыргыштап: “Оой, өлүгүңдү гана көрөйүн чечек, ал чүкөңдү ар жакка!” – деп сөзсүз бир айкырып алмайы бар. А мен болсо аны тоготуп да койбостон, кочкул боёкторго “киринип” чыккан койкойгон кооз чүкөлөрүмдү тамдын түбүндөгү бетондун кырына кыдырата тизип алып, сыймыктана карагандан эч качан тажабайт элем. “Мындай кооз чүкөлөр менде гана бар, менден бөлөк эч кимде жок, болгон күндө да аз” деген ишенимден кайткым келбейт эле. “А меникин карагылачы, кандай гана кооз чүкөлөр?!” – деп азыр да кайталагым келе берет.

Апам болсо жазылган чийдин үстүндөгү боёлгон жүндөрдү жайып алып, анысы менен алек, кобуранып-собуранып… Экөөбүздүн тең бети-башыбыздан бери кызыл-ала боёк. Чыныгы боёкчулар гана дал ошондой болорун эс тартканда түшүндүм. Ошол чүкөлөрүмдүн аягы кийин мектепти бүтүп, аскерге кеткиче жүрдү. А байкуш апам жасаган аппак боз үй азыр деле бар, бирок боёктору оңуп, бозоруп, кадимкидей эскирип кетсе керек. Аны деле көрбөгөнүмө далай жылдын жүзү болду.

Финляндия, Келсинки шаары, 2012-жыл, ноябрь

Автор

  • 1960-жылы Нарын облусунун Кызыл-Туу айылында төрөлгөн. Сүрөтчүлүк, журналисттик кесиптерди аркалаган. 2013-жылы «Азаттык» радиосунун 60 жылдык мааракесинде Азамат Алтай атындагы орден менен сыйланган. Ааламтордо алгачкылардан болуп мекенчилдердин «Кыргыз көчү» тобун түзгөн. 2009-жылдан бери Финляндиянын борбору Келсинки шаарында жашайт.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген