Чеч-Дөбө
Чыгыш жагы Ат-башы,
Чар тарабы түз талаа.
Чер токойлуу батышы,
Четинде суу үч салаа.
Эң кызыктуу окуя,
Эл ичинде айтылган.
Элеси бар ботонун,
Энесинен айрылган.
Чет жактары булактын,
Чаң булуттай бөлүнөт.
Чуудалары чубалган,
Чөккөн инген көрүнөт.
Далай кылым карытып,
Дөбө турат жапжалгыз.
Дартка даба булак бар,
Дубан элин таңдантып.
Өйдө жагы Кара-Суу,
Өйүз-бүйүз айыл бар.
Өзгө элге табышмак,
Өткөн жашоо тагы бар.
Боздойт экен ак тайлак,
Бейшембиде, жумада.
Боз инген да көрүнөт,
Борошодо, туманда.
Өзөгүндө жомоктун,
Өткөн тарых чыны бар.
Өзү бар дейт Алманбет,
Өтмүш болгон сыры бар.

Ооба, Чеч дөбө сырдуу жер, көргөн кишинин кызыгуусу артат. Авторго рахмат )