Ата Мекен

Биринчилерден баа бериңиз!

Жазгы суук жандан өтөт деген бар,
Жазгы күндөр жаан коштолгон тумандар.
Сенин көрүп тунарыңкы жүзүңдү,
Бүркөк асман… бүрүшкөндөй түрүң бар.

Күн жаманы кетет деген ниетте,
Үшүдүңбү?! Улам карайм Мекенге.
Табияттын табышмактуу сырлары,
Сага азык, баары керек жериңе.

Күн ачылар кулпурасың көрктөнүп,
Бардык суукту алсам кана өткөрүп.
Азыр чыда, аз калды го өтөрү,
Ата Журтка күйсөм кана, өрттөнүп.

Сен кайраттуу, көтөрүмдүү Ата Мекен,
Эмне керек?! Айтчы болсо издеп келем.
Жалгыз гана түбөлүктүн символусуң,
Ата Мекен, Ата Мекен, Ата Мекен… 

Автор

  • 1980-жылы Талас облусундагы Кайнар айылында жарык дүйнөгө келген. Керимбай атындагы Кайнар орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштейт. 

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген