| |

Төкен Алжантеги: “Адашкан махабат”

5/5 - (2 добуш)

(аңгеме)

“Кечээгинин баары сагыныч. А бүгүнкү күн ошол сагынычка алып барар чыйыр жолдун башталышы гана”.

Кайдан окуганы эсинде жок, айтор, жадында жадыбалдай жатталып калган ушул философиялык маани эсине түшкөндө Жантөрө бир жери катуу ооруп кеткендей жүзүн бырыштыра, күрсүнүп алды. Жөнү бар эле. Акыркы кезде мээсин эзген караңгы ойлор артынан калбай ээрчиген жолбун иттей болуп, абдан мазесин алып жиберди. Күндүз көлөкөсүндөй болуп жанынан кетпей, күүгүм кирери менен мээсин айлантып, жан дүйнөсүн жүндөй сабагандан бир саамга да тажабаган ой-санаалар… Мына ушуга каршы турар кайрат таба албаганы – жигиттин кулчулуктун кишенин моюндаганына барабар эмеспи. Не айла да, не даба?

Өткөн күндөрү көз алдында. Чоң калаага келгенине он беш жылдын жүзү болду. Алгач спорт мектебинде окуду. Спортко шыктуу талапкерлердин бири катары таанылып, самбо күрөшү менен алектенди. Республикалык мелдештерде калыстар тобунун катарын толуктаган учурлары да болгон. Бирок көксөгөн көкжээгине жете албады. Бирге машыккандары олимпиадалык келечеги бар деген үмүт менен дзюдого кетти да, бул көчтөн адашкан жетим тайлактай жалгызсырап жүрүп, акыр соңунда баарынан кол үзүп, жаны тынды. Ырас, бирин-экин машыктыруучулары өз топторуна чакырган учурлар болду. Бирок, эмнеге экени белгисиз, көңүлү бул ирет баштагыдай улкушуп-жулкушууга чаппай туруп алды да, айрылыштагы экинчи жолду тандады. Ошондон бери жалгыз. Тиричиликте да, талаш-тартышта да өргө карай жүткүнбөй, мандайга жазганына моюн сунуп, күнүн көрүп жүргөн.

Ушундай күндү миң күнү күтсө да тымтырс, мелтиреп жатып, анан эле бир күнү туруп эле алеки саатта берерин, аянбай жайнатып салганына не дейсиң бул тагдырдын! Анарга кездешип, тыптынч жаткан сезимдерин куюн сапырып өтөрүн байкаган жок да. Баарынан да куулук-шумдугу жок ушул мүнөзү менен бул дүйнөнүн ырлуу-чырлуу сезимин кабылдай алганынын өзү ажайып кубулуш эмей эмне… 

Алардын кездешүүсү да адаттагыдан башкача. Жантөрө жумуштан кайтып келе жатып, жолдо көңүлү алда неге түпөйүл болуп, оң тарабындагы эс алуу багына бурула калган эле. Саябактын ичиндеги жалгыз аяк жолдун тиги учуна бир, бул учуна бир чыгып басып жүрө берип, акыры чарчаганда четтеги орундуктардын бирине отура кетти. Өзү отурган орундуктун наркы четинде отурган кызды көрүп, алгач саксына түшкөнү да ырас. Антип кооптоно түшкөнүнүн да жөнү бар эле – кыз тумчулана кийинип алыптыр. Башкасы го башка, бети-башын капкара жабуу менен чүмкөнүп алганы бир кызыктай экен.

Ошол кызыгуусунун аркасы менен жайчылыктагы тартынчаак мүнөзүн мындай жыйыштырып салып:

– Карындаш, сураганымды айып этпениз, ушул калаанын тургундарынан болосузбу? – деп таанышууга ынтызарлыгын билдирди.

Кыздын үнсүздүгү бир саамга созулду. Чай кайнам убакыттан соң гана:

– Жок. Кемерденмин, – деди басаң үн менен. Добушу үлп эткен желден үзүлүп кетчүдөй өтө назик угулду.

“Кемер?” Ары ойлонуп, бери ойлонуп андай жер аталышын эсине тушүрө алган жок. Ошону менен суроолорун андан ары терендетүүгө батына алган жок. Ошону түшүнгөнсүп кыз өз сөзүн өзү чечмелеп берди:

– Батышка карай отуз чакырымдын ашык жүргөн соң оңго бурула турган бурулуштагы колтукта.

– Э-э, укмуш жер го…

“Колтук” дегенди өзүнчө тамашалап айта койгону эле бул.

Кыз угулар-угулмаксан “бырс” эте күлгөндой болду, анткени менен андан башка эч нерсе айтпады. “Уктуң. Калганын өзүң түшүнүп ал” дегенсип тымтырс олтура берди.

Арыда Жантөрөдөн да үн чыккан жок. Жигит өз дүйнөсүнө сүңгүп кирип кетти. “Кызык, – деп өзүнчө ой жүгүрттү, – биздин “коюн, колтук, бөйрөк, ич, моюн” деген дене мүчөлөрүбүздүн аталышын табиятка да ыйгаруу, атоо аркылуу жаратылышты жаныбыз менен бириктирип алганыбыз кабышарыбыз менен табышарыбыздын ортоктугунан чыгар”. Ошентти да, башын чалкалата берип, көзүн үлүрөйтүп, кеч күүгүмдө мелтирей түшкөн асманды тиктеди. “Мына сага, – деди ичинен таңыркай, – узун күнү алоолонгон аптаптан асмандын өзү да чарчаганбы, же бүркөлгөнүбү, кандай бу?..” Чынында эле, жайчылык убактагы чымкый көк асман дал ушул ирмемдерде өңү өчкөн чүпүрөктөй боппоз болуп турган эле. Мына ушуну карап олтуруп, июль айынын али да ысык, аптаптуу болорун болжоо кыйын эместей…

Жаратылыш тууралуу ички талкуусу андан ары карай созулган жок. Анткени баятан бери үнсуз олтурган кызга тил бүткөн эле:

– Ооба, тоо арасындагы колотко сүңгүп кирер туштагы түзөндөгү айдыңчада жайгашкан айыл.

– А-а… ошондойбу?..

Бул сөздү Жантөрө чын пейилден айткан жок, айтор, жанында олтурган адамдын ыкыласын жоопсуз калтыргысы келбегендиктен баш ийкеп тим болду. Ошону тушүнгөнсүп кара матага оронгон кыз оор күрсүндү. 

– Акыркы эки жыл ичинде ошол жердин насиби буюруп жүрөт…

– Насип буюрса айла барбы. Мына, мага да ушул калаанын даам-тузу буйруп, жашап жүргөнүмө арысы-бериси болуп бир топ мезгил өттү.

“Ошондойбу?” дегенсип кокустан жалт караган кыздын желп эте түшүп кеткен бет пардасынын артынан жарк эте түшкөн ууздай аппак жүзүнө көзү түшкөндө Жантөрөнүн ичи кым этти. “Э-эй, мынабу кыз нагыз периште го!” – деди ою бир түрлүү удургуй түшүп. Чынында, кара мата ичинен ак канатуу периште учуп чыккандай эле болду. Кызылы тарабаган жүзү, ууртуна кош чуңкурду коноктой дирилдеген эриндери, уяңдыкты уялаткан карагаттай капкара көздөрү, сүрөтчүнүн калеминен үзүлүп түшкөндөй кыйгач тарткан каш-кабагы – баары-баары мына бул кыздын жер бетиндеги пенделердин бири эмес эле, ааламдын бир түпкүрүнөн түшүп келген жан сыяктанып сезилген эле. Чыдабады:

– Сулуулардан да ашкан сулуу болот экен го! – деди тамшана.

Кыз торлуу бетпардасын түзөгөн калыбында алда неден чочулагандай боюн окчундата кармады.

– Сиз да башкалар сыяктуу эле ар нерсеге ашыкча кызыгып, кумарлана берген жан окшойсуз?.. – деди үнү дирилдеп.

Жантөрөнүн жүрөгү тызылдап кетти. Өзүнөн-өзү ынгайсыздана:

– Айыпка буюрбаңыз, мен… мен байкабай калдым… – деди шашкалактай. Кыз жылмайды. Чоң эле жигиттин уурулук кылып алган жаш бала сымал кымырылып-кысыла түшкөнү кызга кызык көрүндү.

Экөө дагы бир топко чейин унчукпай отурушту. Жигит береги табышмактуу кыздын каршылыгын билдирген бир ооз сөзүнөн кийин өзүнүн ашыра кетип алган жоругун кантип жууп-чайып саларын билбей далбастап калса, кыз да өзүнчө алда неге тынчсызданып, көңүлү улам-улам бирдемеге алагды болуп олтурду.

Экөө ушундай абалда олтура берип канча убакыт өтүп кеткенин да байкабай калышты. Болгону, күүгүм кирип, көз байлана баштаганда гана Жантөрө:

– Эгер каршы болбосоңуз, узатып коеюн, – деди батыл тартып.

Кыз башын чайкады.

– Кабатыр болбоңуз. Мени күтүп жаткан адам бар.

– Каш карайып бара жатат го…

– Жумушунан чыга албай жаткандыр… Келип калар…

– Андай болсо жакшы.

– Албетте. Ниетиңизге рахмат!

– Анда мен барайын, саламатта калыңыз.

– Эсен-аман болуңуз.

– Ооба, эң башкысы аман бололу.

Дерин дегени менен ички дүйнөсү таптакыр башка нерсени каалап тургандай эле. Ошол сезимдин жетегинде ордунан араң көтөрүлгөн жигит үйү тарапка жөнөп берүүгө шашкан жок, өзүнөн-өзү кыбырай басып, арыраактагы дарактардын тушуна жеткенде таптакыр токтоп калды. Демейде шыпылдай баскан буттары эми азыр коргошун куюп койгондой көтөрүлбөйт, деги эле көтөрүлгүсү келбейт. Баскысы келбейт.

Жантөрө калың бак-дарактардын бутактарынын арасынан билгизбей артка көз чаптырып, табышмактуу кыздын баягы отурган ордунан козголбогонун байкады. Атүгүл уюп калган бели-башын бир азга эс алдырайын деген ниетте да ордунан жылайын деген ою жоктой. Сол жагына карай кыйшая, орундуктун жөлөнгүчүнө сүйөнгөн калыбында катып калган кара ташты элестетет. Аны карап туруп: “Жок, бул сулуунун күтүп жаткан эч кими жок, – деди ичиндеги туюму. – Андай болгон соң, аягына чейин байкайын”.

Жол боюндагы жөө жүргүнчүлөр орнотулган жарыктар күйгөн кезде деле кыздын маңдайынан тирүү жандын карааны көрүнгөн жок. Саат жебеси чыкылдай, убакыт түн ортосун көрсөткөн ченде Жантөрөнүн чыдамы түгөндү. Ал жашынган жеринен кандайча чыгып, кыздын жанына кантип жетип барганын өзү да байкабай калды.

– Чырагым, мен сени жеп жиберчү карышкыр эмесмин, – деди шаша сүйлөп, – түн ортосу болуп калды, сен болсо али козголор түрүң байкалбайт. Бирөө-жарым мазеңди алып, тийишсе кантесиң? Түн ортосунда бул жерде жалгыз олтуруу оюнчук эмес. Мына бул түнкү бактын арасы сага коопсуз жай эмес. Андыктан айтканга көн, мени менен жүр. Эсептешчүң менен эртең деле эсептешип аларсың.

Ушуну айтып, кыздын аяк жагында жаткан түйүнчөк баштыкты колтугуна кыса, артына кылчайбастан жөнөп берди. “Ага! Ага, бул кылганыңыз эмне?! – деп артынан чырылдаган жанга карап да койгон жок. Анткени сезди, бышылдай дем алган кыз артынан калбай ээрчип келе жаткан эле.

Бири-биринен айрып алгыс окшош, беш кабаттуу, бозомук тарткан үйлөрдүн бирине жеткенде, чөнтөгүнөн ачкычын алып чыгып, кызга сунуп:

– Экинчи кабаттагы оң жактагы эшикти ачып киресиң да, ошол жакта түнөйсүң. Эч ким тынчынды албайт, – деди ишенимдүү. – Калганын эртең акылдашарбыз.

Кыз аң-таң. Ачкычты алаарын же албай коёрун билбей, эки анжы болуп калды.

– Ал, ала кой, – деди жигит анын колуна ачкычты кармата берип, – Батир иретсиз болуп жатса маани бербе. Эртең өзүм келип жыйнайм. Бойдоктор ушинтип жашай берет, чырагым.

Ушуларды айткан жигит андан ары аялдабай, тез эле бурулуп, алеки саатта караңгыга сиңип жок болду да кетти. Ал эми эмне кыларын билбей турган кыз ошол ордунда кыймылдаганга дарманы жетпей, мелтиреп кала берген.

Жантөрө алгач досторунун биринин үйүнө барып түнөөнү ойлогону менен бул оюн тез эле кайтууга аргасыз болду. Түн жарымында бирөөнүн тынчтыгын бузганы кантип жакшы болсун, анан калса мындай жоругун баары эле жактыра берсе да жакшы го. Эгер жактырбай калса жарым түндө ээсинен таяк жеген иттей болуп ай талаага каңгыган бойдон кетеби? Мындайга намысы жол бербеди. Андыктан эң ыңгайлуусу эле үйдүн алдында орнотулган, кечкисин кемпирлер келип алып ушак айтып отуруучу жыгач отургучка жатып, түнөп чыгуу болду. Эмнеси бар экен, жай мезгили, асман толо жылдыз. Жамгыр жаабай турганы көрүнүп эле турат, тескерисинче, эртең аптаптуу ысык болору билинип турат. Андыктан муну жакшы мүмкүнчүлүк деп эсептеди.

Бирок, тилекке каршы бул жолу да ийгилик жылмайбады. Жантөрө таттуу уйкуга эми кире бергенде эле, бирөөнүн түртмөлөгөнү аны ойготуп жиберди.

– Агай, агай, бул эмне жатканың? Кошуналарыңыз көрүп калса уят да… – деди жогору жактан назик үн.

Эч нерсени капарына албаган жигит экинчи капталына оодарылып жата бермекчи болгондо бейтааныштын колу кайрадан жулкуп-жулкуп жиберди.

– Ага, ойгонуңуз эми. Бул жатканыңызды көрсө эл эмне дейт…

Көзүн үлүрөйткөн тейде өйдө караган Жантөрө маңдайынан түндө үйдүн ачкычын өз колу менен тапшырган сулуунун караанын байкап, селт эте түштү. О, Жараткан, мына бул ошол сулуунун нак өзү го! Ал да жаздын кыска түнүндө көз илиндире алган эмес окшойт…

Кыязы окуя мындайча уланса керек, ачкычты колуна карматканда эмне кыларын билбеген кыз аң-таң боло туруп, акырында башка амалы калбагандыктан экинчи кабатка көтөрүлүп, жат баш паана, жат төшөктө кантип уктаарын билбегендей абдырап бир аз олтурган окшойт. Анан мээсине тынчтык, жанына жай бербеген ойлордон оорлошуп, терезеден сыртка үңүлгөндө кире беришке орнотулган жарыктан орундукта уктап жаткан Жантөрөнү байкап, өзүнчө ыңгайсыз абалда калганы айтпаса да түшүнүктүү. Албетте, өзүн күнөөлүү санап, сыртка умтулганы да шексиз. Эмки турушу ушу, жигитке сөзүн өткөзө албай.

Жок. Өткөрүп тынды. Жантөрө ордунан жай туруп, үйдү көздөй илкий бет алды.

Ошол күнү жигит менен кыз бир бөлмөлүү батирде түнөп чыгышты. Чын эле, бирөө уктоочу бөлмөгө жайгашса, экинчисинин ашканадан жай алып, түнү бою уктай албай миң толгонуп чыгышты.

Эртеси эртең менен чай үстүндө Жантөрө:

– Карындаш, ашыкча жакынсынып кетсем кечирерсиң, бирок чындыктан качып кутула албайсың. Бул шаарда барар жериң, таянаар кишиң жок болсо кысылба, бул үйдү – үйүң, мени – бир тууган агаң деп кабыл алсаң каршы эмесмин. “Кемерденмин” дегендей айттың эле, эгер жардам керек болуп калса тааныш-билиштер бар, байланыштар бар дегендей, ал тарапты да бир жаңсыл кылууга колдон келишинче көмөктөшөбүз. Макулдаштыкпы? – деди, эми “сиз” деп созулбай, дароо “сенге” өтүп.

Жигиттин бул сөздөрүн кыз унчукпай кабыл алды.

Кызыктын баарын кечинде көрдү, жумуштан кайтып келген Жантөрө үйүнүн таптаза жыйналганын, дасторкону жайылып, чайы демделип турганын көрүп, таптакыр абдырап эле калды.

– Кагылайын, бул эмне кылганың? Андан көрө эс албадыңбы? – деди башка сөз таба албай, – Баарын өзүм эле иретке келтирмекмин го…

Кыз жигиттин сөзүнө маани берген жок, аялзаадага тиешелүү кыймылын улантып, коюу демделген чайдан куйганча:

– Менин атым – Анар, – деди уяң гана.

– Көрсө, али таанышып да үлгүрбөптүрбүз го. Эх, жигит болгон сени десе… – деп Жантөрө өзүн жемелей, алаканын оорута өзүн-өзү тизеге чаап алды. Кыз сунган ысык чайды алып атып да колу калтырап, төгүп ала жаздап аз жерден калды. Бир топтон кийин гана өзүнүн атын айтууга жарап:

– Мен Жантөрөмүн.

– Мына, эми чындап тааныш адамдар болдук.

– Ооба, айта көрбөңүз…

Бул арада Анар өзүн барган сайын эркин кармай баштаганы жигитти да эркиндикке чакыргандай. Жантөрө өмүрүндө биринчи жолу кадимкидей үч-төрт чыны чайды маңдай тердете отуруп ичти, адатта жалгыз олтуруп чай ичкенде бир чыны чай ичип эле туруп кетчү. Баятан жалгашкан маекти улантууну да унутпай, кайра сурады.

– Жумушка киргиң келбейби?

– Табылса кирмекмин. Башында ойлогон кыялым жогорку окуу жайына өтүп, эл катарлуу кесипке ээ болуу эле, – деп жооп берди Анар.

– Ага эмне тоскоол болуп жатат?

– Кээде аргасыз, кээде атайын жагдайлар да.

Суроосун кайра тереңдетип казгысы келбеди, калган себеп-жагдайлардын баарын кыздын өз эркине калтырды да:

– Анар, – деди ыңгайсыздана, – бир нерсе айтсам таарынбачы. Тумчуланып, жүзүңдү жашырып жүргөнүңдү койчу, ээ? Көңүлүңө тийсе да айтайын, азыркы көрүнүшүң сага таптакыр жарашпайт экен.

Кыз бырс күлүп койду.

– Жарашса, жарашпаса да акыркы кезде бул мага адатка айланып калган көрүнүш да. Кези келгенде чүмбөттү да алып саларбыз. Бирок бул бир-эки күндө чечиле калчу нерсе эместигин түшүнгөнүңүз оң.

– Эркиң өзүңдө.

– Рахмат!

Анар эмнеге рахмат айтканын укпаган боюнча Жантөрө жумушуна камына баштады.

Ушундан кийин экөөнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жаралып, бири-бирине имерчиктеген эки жалгыз тиричиликтин түйшүгүн бир нукка салып, өмүрдү чогуу кечирүүгө бел байлагандай эле.

Бирок Анар бир мекемеде иштей баштаган кезден тартып маанайы суз тартып, булардын төбөсүнө суздуктун сур булуту кайрадан үйрүлө баштады. Экөөнүн ортосунда күңкүл-мыңкыл көбөйүп, үйдөгү береке качты. Кыз дайыма ойго чөгүп жүргөн адат кылып алды. Жадырап, бир ирет күлгөнүн көрбөдүм десе да жаңылышпайт. Акыры…

Ошондой күндөрдүн биринде Жантөрө ашканадагы столдун үстүнөн бир барак кат таап алды. Ал төмөнкү мазмунда жазылган экен:

“Жантөрө! Мен сиздин ишенимиңизди актай алган жокмун, кечирип коюңуз. Жаман ойлобоңуз, маңдайыма жазылганына көнбөскө айлам калган жок. Баарынан мурда, мен үчүн сиздин амандыгыңыз абдан кымбат. Ошол кымбат нерсемди жоготуп албаш үчүн өз башымды ар кандай тобокелге салып отурганымды түшүнүңүз.

Неге тумчуланып жүрдүм, билесизби? Мен тандаган жол ушуну талап кылды. Ошентип жүрүп акыры ажыдаардын ач азуусуна өзүм барып түшүп бергенимди байкабай калыпмын. Ушинтип адаштым. Ушинтип акылымдан айныдым… Андан чыгуучу дарбазаны ачылгыс кылып жаап алганымды кеч түшүндүм. Сиз мени “таза” деп ойлодуңуз го. Жаңылгансыз, мен эки жолу “талак” алган жан элем. Сизге жолукканымда үчүнчү никеден качып жүргөн байкуш болчумун. Барар жерим, басар тоом калбай калганда мага баш калка болдуңуз, жасаган жакшылыгыңызды колко кылып жанымды кыйнабаганыңыз үчүн сизге карызым чоң, ыраазычылыгым зор!

Өз бактым үчүн эмнеге күрөшпөдүм? Мурда кайратым жеткен эмес, эми болсо сиздей жаны бирге күйүмдүү адамды тапканымда, ошол жалгызыма кимдир бирөөлөрдүн жамандык кылышын каалабадым. Анткени алардын колунан баары келерин, бардык кыянаттыкты жасоого даяр адамдар экенин билем. Ошонун баарын билген соң сизди курмандыкка чалбай, андан көрө ал иттерге өзүмдү жем кылып ыргытып берүүнү туура көрдүм.

Мен сизди алгач жолу жолуктурганда алдаганмын. “Кемер” деген жер аты жок болчу. Оозума келгенди айта салгам. Ошондуктан мени издеп таманыңызды ташыркатпаңыз.

Ушундай, кымбатым! Тирүү болсок да бир жерде кездешербиз. Ошол кезде бетиме түкүрбөйсүз деп үмүт кылам. Ал эми аркы дүйнөгө узасак, тозоктун отунда күйбөй, бейиштин төрүндө жолугушууну Жараткан өзү бизге насип этсин. Кош болуңуз! Анар”.

Бул кат Жантөрөнүн көкүрөгүн көзөй атылган окко тете кат болду. Ал тургай андан да ашып түштү окшойт. Анткени ок адамды жаралап же майып кылып тынса, бул кат мунун жүрөгүнө өмүр бою айыкпас тырык салган жара калтырганы анык эле. Анан да, бул жарааттын мындан ары айыгып-айыкпасы да белгисиз болчу.

Жантөрө башын кош колу менен чеңгелдей, дубалга жөлөндү. Мээси солкулдап кетти.

“Кандай болсо да сени издөөнү токтотпойм!” – деди ал ушул абалында тишин кычыратып.

Эшикте июлдун аптаптуу күнү сызгырылып турган.

Казакчадан которгон Махабат Саидрахманова

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. Бир баш деген бир баш, эки баш деген эки баш. Жолу табылмак, чоектобой ачык айтышы керек болчу. 😀
    Ушундай түз котормолор көбөйө берсин.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген