| |

Төкен Алжантеги: “Ит улуган түн”

5/5 - (1 добуш)

(аңгеме) 

Мен аны күн сайын көрөм. Кечкурун итин жетелеп алып тоо тарапка бет алат. Серүүндөп жүргөн учурунда айлана-тегерегине баш буруп карап да койбойт. Басар изинен жаңылса чалынып жыгылып кетчүдөй болуп, аяк алдына тигиле карап, ийини куушурулуп, бою сербейип, илкий басып алыстай берет да, бир топ убакыттардан кийин салбыраган кейпинде кайра кайтып келет.

Ити да ээсин тарткан. Үргөндү билбеген бир ажайып жаныбар. Жыт албастын нагыз өзү. Каргысына уланган кайыш боосунун жетегинде башын төмөн сала сүйрөлүп, ээсин ээрчип бара берет. Чоочун үндөн селт этсечи бир. Жок, көнүмүштүн көшөгөсүн көгөртүүгө жаралган макулуктай эле жымжырт жүрөт да коёт .Ошого караганда, иттиктин эмне экенин ит акең өзү да унутуп калганбы деп ойлойсуң.

“Бул убакыттар, мына бул аласалган аламан заман эмнени гана унуттурган жок дейсиң. Азыр адам да, айбан да маңкурт”, – деп, көзүм көнүп калган бул көрүнүшкө караган сайын өзүмчө ой калчап коём. Эмнеликтен минтип ой жоруйм, аны түшүндүрүп берүүгө аргам деле жетпей дел болом. Түшүнбөстүк өкүм сүргөн жерде туруктуулук баяндалбай турганы белгилүү жагдай эмеспи.

Кайыш аркылуу бири-бирине байланып калган бул экөөнүн дагы бир окшоштугу бар – ээси серүүнгө түсү оңуп кеткен, эскирген көгүш көйнөгүн гана кийип чыкса, дөбөт да өзүнүн албыраган-салбыраган кейпинен жазбайт, демейки калыбы эч бузулбайт. Ошону карап туруп, мезгилдер оошсо деле түлөбөгөн бир керемет жаныбарбы дейсиң.

Мына, алар дагы иркешип-чиркешип сыртка бет алышты. Үй алдындагы отургучта дем алып отурган кошуналарга көңүл да бурушкан жок. Кийинчерээк көчүп келген, айланасына сыпайы адамдай көрүнгөн улгайыңкы эркек:

– Саламатсызбы, айым, – деп ага башын бир аз ийип салам берди, бирок аял жада калса эриндерин кыбыратып алик алып коюуга да жарабай өтүп кетти.

– Бул аял негизи дүлөй окшойт… – деди тигилер алыстагандан кийин үстүңкү кабаттагы балдарынын колунда жашаган буудай иреңдүү, толмоч аял.

– Балким, – деп коштоду эркек.

– А сиз күндө амандашасыз…

– Эми… Аялдын жолу улуу эмеспи. Эркек башыбыз менен мелтейип отура бергенибиз уят да. Саламга жыгылгандын айыбы болбос…

Буудай иреңдүү аялдын жанары жарк эте түштү. Ал эркелегендей башын бир тарабына кыйшайта, эркекке кылыксына тиктеди.

– Саламга жыгылганыңыз го жүйөөлүү деңизчи. Анткени менен ар нерсеге жыгыла беремин деп бир жериңизди майып кылып албасаңыз экен дегеним.

Азил жөнүн түшүндү көрүнөт, сыпайы эркек:

– Аялзаты үчүн майып болмок түгүл жаныбызды берсек да арман болбос! – деп куудулдана сөз узатты.

– Кызыл тилди кызыта сөзгө кирсеңер, укурук тийбеген азоодой эле карматпай кетесиңер го чиркин…

– Карматпасак, укуруктун кылкындырып жиберчү күчү барын унутуп калгандыгыбыздан го. Э-эй, эмнелер гана унут болбогон тирүүчүлүк бу…

– Ооба-а, унутпай турганды да унуттурган убакытка не чара…

Толмоч аял менен сыпайы эркек айта турганын айтышып бүткөндө бир тагдырдын казанын кайнаталы деп жагышкан оттун жалынынын бейдарек шамалдын багытына ооп кеткени сыяктуу көрүнүш көңүлүнө жакпадыбы, же көкүрөгүндө катылып турган оюн ортого салгысы келдиби, баятан бери үн катпай олтурган үчүнчү жан сөзгө аралашты:

– Тукумуң өскүрлөр ай, – деди ал бырс күлүп. Кыйгачтай-кыйгачтай сүйлөсөңөр да, айтор өз жолуңарды табууга эптүү экенсиңер. Экөөңөр жарашып эле турасыңар. Тек, баш кошуп алсаңар болгону. Балдарыңар деле буга каршы чыкпаса керек…

Ал тамеки тутантты. Көк түтүндү ач көздүк менен бир нече ирет соруп-соруп алды. Берки экөөнүн тикчие тиктеп калганын этибарга алган да жок.

Бул – Клара аттуу эже эле. Заты аял болгону менен эркек мүнөз жан. Өмүр бою темир жолдо кара жумушту катыра жасап, иштегениненби, айтор, сыпайылыктын айланма жолунан аттап өтүп, сөздүн ток этерин гана сүйлөөнү жактырат. Ара-чолодо сөзүнө сөгүнүүнү аралаштырып койбосо жаны жай таппайт. Ошондуктан эл-журт бул кишиге көп жакындай бербейт.

Бирок Клара эжебиз андайга кабатырлана койчу жан эмес. Алышса алышып, жулкушса жулкушуп жүрүп, айтканын аткартууга көнгөн. Айрыкча “чоң сымактарга” кыжыры келет. Үй кооперативинин төрагасы Кларанын көзүнө илинбөөгө далалат кылганы да бекеринен эмес.

Мына, ошол Клара бүгүн байгеге күлүк кошкондой такымын кысып отурат. Анан башкасына не дейбиз!

– Таарынбагыла, айланайындар! – Ири денесин ары-бери козгоп койду. Анан өчүп калган тамекисинин калдыгын ыргытып жиберип, кутусунан жаңысын чыгарып эрдине кыстырды. – Катуу айтты деп өпкөңөр казандай болбосун. Кызыл сөздүн кыябын таппады деп да жаман көрбөгүлө. Мени билесиңер, мен ушакка жакын жан эмесмин. Билгенимди гана тилге тээк кылам. Андай болсо билип койгула, мына бул Дамели да бир кезде болуп-толуп турган аял эле, бир коломтонун ээси эле. Азыр болсо кемелинен кетип, сөөгү гана калды. Биз илгери Алматы вокзалынын арт жагындагы барак үйлөрдө кошуна жашачубуз. Алыш-беришибиз, катышыбыз тондун ички боосундай жакын болбосо да, тааныштыгыбызга жылдар күбө. Муну силер да билип жүргөнүңөр дурус – кырсыктын баары Дамелинин баласын аскерге алгандан башталган эле. Бешенесине жазылган шору беш эли экен – жалгыз уулу Афганистанга түшүп калды. Беш-алты айдын жүзү өтпөй жатып, темир табытты кучактап боздоп калды байкуш. Андай күйүккө ким чыдасын… Күйөөсү пивоканаларды айланчыктап, ичип кетти. Жумшак неме экен, акыры өлүгү талаадан табылды. Ошондон бери бул бейбак өң менен түштүн ортосунда жашап калгандай…

Ал кенен тигилген халатынын чөнтөгүн аңтарып, оттук издеп калды. Муну түшүнгөн сыпайы эркек дароо лып этип оттукту жагып, ыңгайлап кармап бере салды эле Клара апа кайрадан бырс күлдү.

– Тукумуң көбөйгүр, сен мени аял деп сыйлап жатасың да ээ?..

– Жо-ок, бул жөн гана адеп, адеп…

Эркек ызылдап ийгенде эжекебиз короону жаңырта каркылдап күлүп жиберди.

– Адеп дейсиңби, а? Адептүүсүн мына бул тукумуң өскүрдүн! Эшек дымак десеңчи андан көрө. Эй, силер эркек аттуулар, көрдө да тынч жатпайсыңар, тейтеңдеп!..

Колундагы оттукту не жагарын, не жакпасын билбей дел болуп турган эркек ордунан козголгондо Клара эжеке күлкүсүн токтотуп, тамекисин тутантып алды.

– Пейилиңе ырахмат, – деди анан бир аз тыныгып. – Айтканыма таарынба. Тамаша иретинде эле айттым. Э, бул тирүүчүлүк эмнеси менен кызык болмок эле? Жараштыра сүйлөнгөн тамаша-күлкү менен кызык эмеспи. Тиги шок сиңдим экөөңөр азил-чыны аралаш сөз жүйөөсү менен акыйлашып баштаганыңарда биз да бир кыйла алаксып калдык. Убакыттан да уттурдук. Бул олжо эмей эмне? Албетте, олжо. Себеби ит минип, ирээтсиз камчы шилтеген жалкоолор аз да болсо эрмек таптык. Ошондой эмеспи?

– Албетте, кошуна, албетте, – деди эркек.

Клара эже андан көзүн алып, буудай иреңдүү аялга карады.

– А сага айтаарым, жүзүңдүн кызылы барда эр таап ал, айланайын. Ошондо көр-жерге алаксыбай, өз күбүңдү өзүң күрп-күрп бышып отурасың.

Толмоч аялдын өңү бузулду.

– Сиз эмне деп эле жатасыз? Уялсаңызчы…

– Э, бирөөнүн сыртынан тон бычкан сен уялбай, унчукпай тыңшап отурган мен уялайынбы? Андай болбойт.

– Сиз… сиз…

Толмоч аял ачууланган бойдон тез-тез басып үйүн карай кетип калды.

– Бир жерим кыйшайып калды, – деди Клара эже эрдин чүйрүп. – -Буларга өз оюңду айтсаң эч жакпайсың.

Эми эркек да көп турбады. Ар нерсени шылтоо кылып, акырын жылып ал да кетти.

– Сайпаналык шайтан күүсүнүн ышкысын жандырганы менен обонго дал келбейт, – деп табышмактуу сүйлөдү Клара эже, сыпайы эркекти узатып жатып. Анан бүт денеси менен мага бурулуп:

– Айыпка буйруба, айланайын, – деди салмактуу. – Өзүн акка чыгарып, башкага таш ыргыткан адамдарды жаным сүйбөйт.

Мен тоо тарапка көз салдым. Кызыл күүгүм жыйналып, караңгылык өз өңүн коюулатыптыр. Салкын желаргы башталган экен.

Турмуштун тумчуктурган кысымынан тагдыры талап-тоноого түшүп, муунуп жашаган жандын элеси аң-сезимимди бийлеп алганы ушунчалык, ордумдан көпкө чейин козголо албай отурдум. Ар кадамын эсептеп баскан аялдын куру сүлдөрү көз алдымдан кетпей койду. Жел жүрсө сынып кетчүдөй болгон куурайдай арык боюн сүйрөп кайда жүрөт болду экен? Кайра кайтчу маалы эбак өтүп кеткендей сезилген. Бир жамандыкка кабылып калбаса экен. Жөө кишисинен аркы-терки агылган машиналары көп болуп, ары-бери тынымсыз агылган Алматы көчөлөрүнөн ар кандай шумдук күтүүгө болот. Бул жакта дайыма сак болуу зарыл. Башкасын айтпаганда да, итинин өзү ийи канбаган теридей былжырап калган байкуш неден сактанып, неден боюн оолак кармоону да билбесе керек. Билбегенден кийин көчөдө беймаал жүрбөсө жакшы болмок…

Санаа басты. Моюнумду созо тоо тарапты карап коём. Көзүмө издегеним илинген жок. Элдер жумуштан кайтып, үй-үйлөрдүн астанасынан жутулуп кирип жатат. Бирок ит жетелеген аялдын карааны эч кайдан көрүнбөйт.

Башынан эле Дамелинин жөн адам эместигин ичимден сезчүмүн. Ошон үчүн аны жинди дегенге оозум барган эмес. Эгер чын эле акылынан адашкан болсо, жок дегенде жылына бир-эки ирет ооруканага түшмөк. Айрыкча жаз менен күздүн алмашкан маалында козголо түшкөн оорулары аны байлап-матап кармоого мажбурламак. Мен анын андайын такыр көргөн эмесмин. Ал дайыма батиринде тынч өмүр кечирет. Артык-баш ызы-чуусу да угулган эмес. Демек, ал ички жан дүйнөсүнүн азабын тарткан, өз тагдырына кул болуп калган пенде. Кул болгондон кийин тагдырга баш ийүүнүн каамытын моюнга илип алат да адам баласы.

Аны ашаарын ашап, жашаарын жашаган кемпир деп айтууга али эрте сыяктанат. Убакытынан мурда агарган чачы менен отсуз, терең кирип кеткен көздөрүн эсепке албасаң, жашы анча улгайгандай эмес. Карылыктын алсыраган белгиси байкалбайт. Анткени алдуулук менен ардуулуктун бул денеден али узап кетпегенин сырттан караган көз байкабай коюшу мүмкүн эмес. Муну али тереңге тамырын жая элек, жүзүнө жаңыдан гана түшө баштаган бырыштары да далилдеп турат. Көз тегерегине уялаган сызыктар карылыктын өзү эмес, ага бет алган багыттын гана белгиси.

Не деген менен, Дамелинин тагдыры ынтаамды толугу менен арбап алып, ал жөнүндө “билсем” деген сокур түйшүк мени отургучка байлап койгондой али да жалгыз отурам. Күтүп жатканым ит жетелеген аял экени айдан ачык. Бирок көз байланганча анын карааны көрүнбөй, сабырымды кетирди. 

“Жумуру жердин бетинде канча адам жашаса, ошончо тагдыр бар”, – дешет билермандар. Балким, чындыр. Бирок ар бир тагдырдын өз кубанычы, өз кайгысы менен катар өзүнө гана таандык өң-түсү, ал өң-түстүн артында адам баласына гана мүнөздүү терең даанышмандык бар экенин эч ким толук айтып бере албаганы өкүнүчтүү. Айтып бере алмак да эмес. Себеби бир жашоону бир жашоо алмаштырып, түгөнгүс мейкиндик менен чексиздиктин белестеринен тынбай ашкан улуу көчтө бир ууч олжого азгырылгандардын – өз чамасынан артыкты билүүсү колунан келе бербес. Ошондуктан көкүрөгүндө жарыгы бар жандар азга ыраазы болуп, ошол аздан канагат таап, тобо кылуу менен чектелишет. Чек бар жерде чексиздиктин чыныгы маңызын аңдап-түшүнүү таптакыр мүмкүн эмес абал. Андай болсо, биз да айланабыздагы азын-оолак нерселердин азгырыгына берилип жүргөнүбүздү ачык моюнга алууга гана аргасызбыз.

Аргасыздыктын экинчи бир өңүтү да бар. Ал туюмуңду ойготуп, калың уйкуга кетирип албоонун шартын түзөт. Ошондо ашкере жайылган ачкөздүктүн белгиси адамды сергектикке чакырып, шалаакылыктын кишенин шарт-шарт үзүүгө мажбурлайт. Эгер ачкөздүгүң жашоого, жакшылыкка карата болсо, анда андан артык нерсе жок. Андай учурда адамдын адамга болгон мээрими артып, жардамга кол сунган камкордук эң башкы орунга чыгар эле. Ошондо жашоо жарык, көңүлүң ток болмок.

Өз оюма өзүм чайналып, жалгыз канча отурганым белгисиз, дал жанымдан: “Уф!” – деген үн чыкканда селт эте түштүм.

Мынабу укмушту караңыз, отургучтун бир четине Дамели жайгашып алыптыр. Ал эми дөбөт ит кожоюнунун бутуна сүйкөнө, боюн таштап узунунан сулап жатат.

– Алматы аябай өзгөрүп кетиптир го, – деди аял менин карап калганымды байкап, күбүрөгөн тейде, – Муну мурун билсемчи… 

Жаңы эле асмандан түшкөнсүп аңкоо окшойт. Мен унчуккан жокмун, Дамели оюн өзү улантты:

– Убакыт токтоп калгандай сезилип жүргөн…

Таң калдым. Эшигибиз бөлөк болгону менен бир короодо жашап, бир түтүктөн суу ичип келгенибизге канча жыл болсо да, анын үнүн биринчи ирет угушум. Өтө жай сүйлөйт экен. Шыбыраганга эле окшош десем да жарашат.

Көчө ызы-чуусу басаңдаган учур. Машиналардын ары-бери агылган агымы да сейрек. Ошого карабастан бүт көңүлүм аялга бурулду. Ар бир сөзүн да текке кетиргим келген жок.

Дамели көзүн бир чекиттен албаган калыбында сүйлөп отурду:

– Бая, кыр башынан көз салсам шаар мурдагыдай эмес, мүлдө өзгөрүп кеткен экен. Каз-катар салынган кабат үйлөрдүн саны эсепсиз. Ушунча курулушту кантип алеки саатта куруп коюшкан, а?

Айткандары кудум эч нерсе көрбөгөн, эч нерсеге түшүнбөгөн бала сыяктуу.

Ал башын мага буруп, бакырая карады.

– Сен… сен канча жаштасың, иним?

– Кыркка келдим, эже.

– Чын эле кыркка чыктыңбы?

Манжаларын жазып-бүгө, ичинен бир нерселерди санап отурду.

– Сен… сен менин Мирасжаным менен теңтуш экенсиң! – деди анан кубанып. – Бирок сен улуураак көрүнөт экенсиң. Менин балам болсо али жаш… Келбети көз алдымда – балбырап эле турат. Балбырап!.. Болгону он сегизде болчу…

Сөзүнүн аягы муңга айланды.

– Кантейин, капыстан айрылып калдым. Жаратканымдын буйругу ошондой болсо керек. Э-эй, жалган дүйнө ай! Жакшыларга Кудайдын көзү биринчи түшөт дешет го… Оор экен. Бирок… тиги дүйнөгө да алды менен жакшылар керек чыгар… Илгеркилер ошентип айтчу эле. Билгенинен улам айтышат да…

Дамели бир аз дем алып, кайра сүйлөп кетти. Мага кезек бергиси жок. А кезек бергенде деле мен эмне айтам? Көп эле болсо бир-эки ооз сөз менен жубатууга тырышармын, андан эмне өзгөрмөк эле. Ошондуктан унчукпай отурганым эле туура.

– Бекмаганбет да жаман киши эмес эле…

Күйөөсү болсо керек деп ойлодум. Аным чын экен.

– Үй-бүлөсүн кем кылбайын деп күнү-түнү жанталашып иштеди байкуш. Тепловоз айдачу да. Убактысынын көбү жолдо өтчү. Үйгө келсе эле айланып-тегеренип баласынын жанынан чыкчу эмес. Колу бошой калса эле Мирасжанды мойнуна мингизип алып шаар аралап кетчү. Пенде эмесминби, кээде күйөөмдү баладан кызганчумун. Махабатымды уурдап бара жаткандай ичим тыз эте калчу. Бирок алар сейилдеп, кайтып келишкенде, уулумдун бир эле күлкүсүнө бүткүл ааламдын махабаты сыйып кетер эле. Ал эми күйөөнүн жеке сезиминен көрө, ааламдык ак жаркын сезим бийик эмеспи? Өзүмдү чыныгы бактылуу жандардын катарына кошо турганмын…

Баары түш сыяктуу элес болуп калды. Мирасжанымды аскерге чакырышканда, жан-дүйнөм аңтарылып түшкөндөй болгон. Көрсө, туюм кургур бир нерсени сезген экен. Жарым жыл өтпөй кара кагаз келди. Эң кейиштүүсү, темир табыт келгенде, аскерлер ачтырган жок… ачтырган жок капкагын. Уулумдун жүзүн көрбөй, кара жерге тапшырдым.

Уулунун өлүмү атасына оор тийди. Мен ийилсем, ал чорт сынып түштү. Ичип кетти байкуш. Акыры көчөдө өлдү. Киши колдуу болдубу деп күмөнсүйм. Анткени ден-соолугу темирдей бекем жан эле. Ал эми темир дегениң ага-буга оңой менен майышпаган зат го…

Кайсы бирин айтайын? Айткандан эле ичиңдеги кайгы түгөнө койбойт го. Ал бут жагында жаткан дөбөттү сылады. – Бул дөбөт Мирасжанымдын көзүнүн карегиндей көргөн күчүгү эле, карагым. Ал аскерге алынарда кичинекей күчүк эле. Азыр карыды. Өлсө, өз колум менен аруулап көмөм. Ээх… Балама кийгизе албаган кепинди ушуга кийгизсем анын эмнеси айып?..

Ал ойлорун жыйнагандай бир саамга токтоду.

– Менин бир эле тилегим бар, иним, – деди анан үнү каргылдана. – Тиги дүйнөдө да жашоо бар дешет го. Туугандар табышат дегенди эшиткемин. Эртерээк барып, Мирасжанымды бир өпсөм, ошол зор канаат мага. Атасы экөө ак эткенден так этип күтүп жаткандыр…

Дамели ордунан жай козголду. Каргысынын боосунан тартып, дөбөттү да тургузду. Ошондон соң жан-жагына карап да койбой, кире беришти көздөй бет алды.

Бул анын бой жазганы экенин кийин гана түшүндүм…

*   *   *

… – Ау-у-у-у-у!!

Түн ортосунан ооп калган маалда дөбөт иттин улуганы кошуналардын баарын сыртты көздөй дүрбөтүп, аягыбыздан тик тургузду. 

Иттин үнү – Ау-у-у-у!! – деп ачуу ичегидей созулгудай болсо үн бүткөн боюң ичиркенет.

Толмоч аял кейишин жашырбай:

– Тигинин үнүн бассаңарчы! – деп көпчүлүккө кайрылганы менен нааразычылыгын баягы сыпайы эркекке багыттай сүйлөдү.

– Шашпаңыз, айым, шашпаңыз. Азыр тынчтандырабыз, – деди ал.

Күйпөлөктөгөн эркек Дамелинин батиринин эшигин тепкиледи.

– Эй, сен эмнеге анын эшигин тепкилеп жатасың?! Ал сенин никелешкен аялың эмес да, түн ортосунда эшигин каккылап айгай салчудай! Ити үн чыгарып жатат деп эле короздой кокуйлаба! Жөнүңдү тап!

Дээрин дегени менен бир шумдукту сезгендей Клара эже мага тигиле карады:

– Иничек, сенин үйүңдө телефон бар го. Дарыгерлерге да, милицияга да кабар берчи. Мынабу тегин нерсе эместей го…

Дарыгерлер менен милиция жарым сааттай убакытта жетип келишти. Бул маалда дөбөттүн да үнү өчкөн эле.

Баары тынчый түшүп, өз жайында экендигине ишенгиси келип, алар кайтып кетүүгө ниеттене башташты эле Клара эже жол бербеди. Акыры анын айтканы болуп, эшик ачылган кезде адегенде эле төшөгүнө жетпей кулап калган Дамелинин денеси көзгө урунду. Чалкасынан жатыптыр. Жүзүнө азганакай гана бир жылмаюу уялап калган. Күйөөсү менен баласына болгон кусалыктын кубанычка айланган ирмеми сыяктуу көрүнүш эле бул.

Ажайыбы, коркунучтуусу да ушунда – дөбөт да өлүп калыптыр. Ашкананын босогосуна артыла кыйшайган жаныбар алда кимден жардам күткөндөй, эшикке башын сунган бойдон жан бериптир. Иттин мынабу жатышынан бир нерсеге умтулуп жатканы байкалат. Балким, биз акыл-эси жок деп эсептеген жаныбар да өз ээсинин артынан калбай, ал кеткен жакка кетүүгө, аркасынан жетүүгө ашыккандыр, ким билет, береги жатышы анын ошондогу үрөй-кейпи чыгаар…

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген