Билерик

5/5 - (1 добуш)

Колумдагы күмүш ушул билерик,
Эске салат өткөндү бил дегенсип.
Ал мага апакемден калган белек,
Өзү өтсө  да, көзү калды эскерилип.

Ал билерик канча өмүр тарыхы бар,
Апамдын таенесининин мурасы ал.
Колдон колго өтүп, өмүр кечирип,
Азыр жүрөт тагылып колумда ал.

Өзү бекем, нак күмүш, сапаты бек,
Ооруну тартат деген айтылат кеп.
Кээде менин кыйналып калса жаным,
Карайып билеригим өндөн кетет.

Апамдын көзү деп, аяр карайм,
Көргөндөр апамды айтып эстеп калат
Күмүш билерик белектердин эң кымбаты,
Өзүңөн билинбеген алам кубат.

Жашоомо ээрчип бирге жол карытып,
Колумдан түшүп калса издейм шашып.
Мен дагы сени өткөрүп бергим  келет,
Кызыма белек кылып, жолун айтып.

Саймасы жок кооздолгон чынында,
Куюлган, ширетилген эски мурас.
Алмашкын  иштетип түрлөйбүз дейт,
Акыркысы өзү баалуу жүрөм аяп.

Апамдын билериги мага кымбат,
Көзүмдүн карегиндей жүрөм сактап.
Өмүрдө апа, аз жашап өтсөң дагы,
Билерик сага келет өмүр улап.

Автор

  • 1980-жылы Талас облусундагы Кайнар айылында жарык дүйнөгө келген. Керимбай атындагы Кайнар орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштейт. 

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген