Марина Цветаева: “Кандай жакшы, оорубайсыз мен үчүн…”
* * *
Кандай жакшы, оорубайсыз мен үчүн,
Кандай жакшы, мен да сиз деп оорубайм,
Алып бизди учканы-учкан күнү-түн
Жердин шары аңтарылбай огунан.
Кандай жакшы, шайыр жүрүү сүрдөбөй,
Жагалданбай жагынсам деп жасалма.
Жалындаган илебиңиз өрттөбөй,
Жашоодогу жай жүргөнүм жакшы да.
Кандай жакшы, албай мени капарга,
Кучагыңыз сүйүп турса башканы,
Кызгануудан күйүп кетпей андайда,
Кыйналбастан таба алганым аргамды.
Кандай жакшы, назик айтып атымды,
Эрте-кечпи эстеп деле койбойсуз.
Кандай жакшы, кошпой эки тагдырды,
Эки бөлөк бирикпеген жолдобуз.
Сизге ыракмат – жүрөккө алам колумду,
Ай алдында сыр чечишип жүрбөстөн,
Кааладыңыз түнүмдүн тынч болушун,
Капарга албай, мага көңүл бөлбөстөн.
Билбей туруп мени катуу сүйүпсүз,
Бузбайын деп таттуу уйкулуу таңдарым.
Мейли, мен деп оорубастан жүрүңүз,
Мейли, мен да Сиз деп күйбөй калганым.
Орусчадан которгон Нурланбек Кайрыев
