“Менин көктө каалгып жүргөн кыялым…”
* * *
Менин көктө каалгып жүргөн кыялым,
Балким сенин дарегиңе жеткендир,
Ачылбаган эшигиңди акмалап,
Анан чексиз желге сиңип кеткендир.
Менин көзүм муңайыңкы, кусалуу,
Сенин далай таттуу уйкуңду бузгандыр,
Түшүң тирүү элес беле, туман да?
Бууга айланып булут сыңар учкандыр.
Тосуп турса керек келер жолуңду,
Менин күндө токуп жүргөн үмүтүм,
Сенин шамың, балким, эбак өчкөндүр,
Менде чырак күйүп турат күнү-түн.
