| |

Ркаил Зайдулла: “Коштошпостон кетет элем мен…”

4.5/5 - (6 добуш)

Татар адабиятынын учурдагы көрүнүктүү өкүлү – акын, жазуучу, котормочу, драматург, журналист, Татарстан Республикасынын эл акыны Ркаил Зайдулланын ырлары менен Нарсулуу Гургубаеванын котормосунда тааныштырабыз.
«Күнөстүү көздөр», «Көрөгөчтүк», «Орус кышын узатуу» сыяктуу белгилүү ыр жыйнактардын автору. Ырлары терең философиялуулугу жана жарандык курчтугу менен айырмаланат.
Повесттерди, аңгемелерди жана драмаларды дагы жазып келет.

Доор

“Чындыкмын!” – деп айгайлайт Жалган,
Ак айтылган сөзгө азыр оор.
Тагдырлардан талаада калган,
Шалгам кымбат турган арсыз доор.

Аюлардын изи кыйма-чийме түшкөн жерде

Түн да аппак, аппак өңүм да –
Жоголдум мен кардын ичинде.
Алсызсың деп, аяйм өзүмдү –
Аяйм өчө турган изимди.

Не уңулдайт бороон бул жерде,
Айтып жатат, балким өз кебин?
Адаштырам деди дүйнөдөн…
Адашпадым. Жана өлбөдүм..

Түнгө сиңип барат аппак кар,
Жымжырттык да түпсүз орго окшойт.
Ор оозунда капкара тактар
Коркунучтуу болуп ойноктойт.

Калган жерде аю издери
Жапайы иттер мени тиштеди.
Колдо таяк. Кулап түшпөдүм,
Эрте мага кулап түшкөнү.

Айлуу түндө

Айлуу түндө алтын нурлар
Суу үстүндө сызылат.
Эң жарык нур жазмышыма
Жазган өндүү туюлат.

Айлуу түндө тууган жерде
Неге мынча караңгы?
Суулар деле өз тилинде
Сырын айтып агабы?

Айлуу түндө жаз келгенде
Жүрөк түтөйт армандан.
Аппак таңда эскен желге
Алданам го, алдансам.

Айлуу түндө кардыккансыйт
Булбулдардын авазы…
Алардын да зары бардыр,
Менде – Мекен санаасы.

Коркуу

Каякка урунаарды,
Билбеген учур болот.
Жол жабык, тил байлануу,
Көздөрүң кумга толот.

Жашынсаң жалбыракка,
Угулат тааныш үндөр.
Сөгүнөт шатыратып,
Сөгүнөт башка тилде.

Тушалган буттарың да,
Жыла албай тек турасың.
Кыйкыргың келет, бирок,
Эмне деп кыйкырасың?

Көптөрдүн үнү чыкпайт,
Сүйлөсөң, ката дешет!
Дем алба, көрбө, укпа! –
Дүлөйдөй жаша дешет.

Качсам дейм, жолум кыска,
Жаралбайм эки жолу.
Кача албайм коркунучтан,
Коркомун өмүр бою.

Баймак 

Башкыр жигити Рифат Даутовдун жаркын элесине

Суук, муздак суугунан январдын,
Көкүрөктү, бирок өрттөп кайнаткан,
Суроолорго жооп издетип кайдандыр,
Жанды үшүткөн кабар келди Баймактан.

Суу бүрккөндөр биле жүрсүн – билбесе,
Алар бир күн уу бороонго кабылат.
Ээ-жаа бербей
Эл эркиндик издесе,
Эркиндик да, эрк да, албетте табылат.

Жапжаш жүрөк тууган жерден айланган,
Жапжаш бойдон жайрадыңбы өмүр, сен?
Үмүт отун Мекенине байланган,
Тосуп алды томсоргон боз көрүстөн!

Кылыч сынды дейби? Бүттү бүтөрү…
Угулган жок не бир аваз, не дабыш.
Мындай Эрди, Эрдикти да биз эми,
Уламыштан, дастандардан табабыз!

Уул эле тулпар болор кез келсе,
Эл жолуна ээрден ооду, каралдым
Башкыр каны башкаларга тепселсе,
Мен өзүмдү башкырмын деп санаймын!

* * *

Кеч жааган кар таңда карарган.
Заман ушул! – кимден калбаган?
Түнгө карай кеткен жолоочу,
Кайтып келбейт үйгө кайрадан.

Иңир

Же дүйнөнү өзгөртөм бүгүн…
Разил Вәлиев

“Же дүйнөнү өзгөртөм бүгүн,
Же болбосо өзүм өзгөрөм!” –
Жалын кезде айткан сөзүңдүн,
Жаңырыгы кайтты күз менен.

Өзгөртөм деп максат койгонбуз,
Башкалардай, биз да дүйнөнү.
Ак чач, бирок жапжаш бойдон биз,
Күзгө кирип келдик күүлөнүп.

Ырдын сырын кээде ачсак да,
Биз дүйнөнүн огун таппадык.
Таңдар бизди тааныган чакта,
Көзүбүздү иңир каптады.

Күз олтурат эми тизеде,
Сары чачы желге сеңселет.
Өзгөрбөгөн дагы биз эле,
Дүйнө
уятсыз
тынбай өзгөрөт.

Коштошпостон кетет элем мен

Элден-журттан алыска безип,
Шилбилердин түбүн пааналап,
Курт-кумурска менен тиктешип,
Олтургум бар тыптынч, жөн гана.

Ошол жакта жымжырт бир дүйнө,
Ошол жакта, балким чындык бар.
Аруу таңда жаның үргүлөп,
Ойгоносуң, ак куу кыйкырса…

Жок ал жакта жаңжал, ызы-чуу,
Мас болгон жок кандын жытына.
Ойлуу агып өтөт тунук суу,
Алоолонгон оттун тушунан.

Жаз эркелеп сылайт чекемден,
Жалган түтөп жанымда турбайт.
Коштошпостон кетет элем мен…

Бирок андай дүйнө табылбайт.

Периште

Көгүм булут эле туташып,
Туман каптап турган көөнүмдү.
Сен тосулган дүйнөнү ачып,
Жазгы жамгыр болуп төгүлдүң.

Тазарды аба! Жарык асманым.
Көрдүм шондо – дүйнө кең экен! –
Таазим кылып ийди баштарын,
Мажүрүмдөр, мырза теректер.

Сен – Периште! Тааныдым сени,
Жолум болуп мага табылдың.
Кочушума Күн сузуп берип,
Жамгырыңа жуудуң жанымды.

Кучагыма сыйдыргым келет  –
Кучак жетпейт кенен ааламга! –
Жолго чыктым адам болом деп…
Адам болуу оор да, татаал да.

Канатыңдан ак нур себелеп,
Кош келдиң сен, ыйык Периште…
Ийри жолдо мени жетелеп,
Түздөп тургун колуңдан келсе.

Намысым бол мени коштогон, –
Сен кечигип жанган чыраксың…
Мен нуруңдан эрип жок болом,
Көп акындын бири сыяктуу.

Күмүш суулар

Жээкке урунуп,
Көңүлдүн жээгин ээлеп,
Күмүш суулар шарпылдайт, күмүш суулар.
Толкундардын артынан толкун келет,
Жоготуунун артынан жоготуулар…

Күмүш сууда кимдердин доошу калды?
Бир мелмилдеп, бир кайра туталанат.
Байыркыдан келаткан толкундарды,
Кимдер азыр бой тиреп тосуп алат?

Жоготууга уланган жоготуунун,
Ак көбүккө чөмүлүп, өң-түсү ак.
Алтын балык тута албай койгону үчүн,
Ушул муун урпактын жолун бузат…

Жооп күтүп доорлордон алыс калган,
Дүйнө саамга тынчыйт да, ырын улайт.
Суудан жээкке сүрүлгөн балыктардай,
Кумда калган издерим тыбырчылайт. 

Жээкке урунуп шарпылдап ойнойт суулар
Жээкке карай кеткен жол кооптуу, узак.
Жоготуунун артында жоготуулар…
Өң-түсү ак…  

1981-ж.

Татар тилинен которгон Нарсулуу Гургубаева

Автор

  • Акын, котормочу.

    М. Горький атындагы адабият институтунун Жогорку адабият курсуна аяктаган. 2016-жылы “Алыстагы ак жарык” аттуу ырлар жыйнагы, 2022-жылы Нуриза Өмүрбай менен биргеликте жазылган “ Кат турмуш” аттуу эпистолярдык жанрдагы повести, 2025-жылы “Дүйнөлөшүм” аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. "Михаил Мушфиг" атындагы эл аралык адабий сыйлыктын, "Алтын калем" адабий сыйлыгынын жана "Жолон Мамытов" атындагы адабий сыйлыктын ээси.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген