| |

Назым Хикмет: “Таарынуу эмне экенин билесиңби…”

3.9/5 - (7 добуш)

* * *

Таарынуу эмне экенин билесиңби?
Таарынуу – чынчылдык,
Баладай таза,
Жалгансыз,
…жана Жалгыз.
Таарынуу – бул сени Сүйүү!
Сенден кете албоо,
Таарынуу мен сыяктуу,
Ачуулансам да жанында, жакыныңда болуу,
Айланчыктоо.
Таарынуу – бул эркелөө, жакын көрүү,
Сени сезүү,
Сүйөм деп айтуу,
Түшүнчү деп үмүттөнүү,
Ишенимде болуу…
Ошондуктан, Мен сага
Таарындым деп айтам!

Түрк тилинен которгон Мезгил Исатов

Автор

  • Журналист, жазуучу, акын. КРдин Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
    “Издөөнү табуу” (2005-ж.), “Түндөгү караңгы” (2018-ж.) кыска эссе-аңгемелер жыйнактары жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген