| |

Назым Хикмет: “Таарынуу эмне экенин билесиңби…”

3.8/5 - (10 добуш)

* * *

Таарынуу эмне экенин билесиңби?
Таарынуу – чынчылдык,
Баладай таза,
Жалгансыз,
…жана Жалгыз.
Таарынуу – бул сени Сүйүү!
Сенден кете албоо,
Таарынуу мен сыяктуу,
Ачуулансам да жанында, жакыныңда болуу,
Айланчыктоо.
Таарынуу – бул эркелөө, жакын көрүү,
Сени сезүү,
Сүйөм деп айтуу,
Түшүнчү деп үмүттөнүү,
Ишенимде болуу…
Ошондуктан, Мен сага
Таарындым деп айтам!

Түрк тилинен которгон Мезгил Исатов

  • (1902–1963)

    Дүйнөгө таанымал түрк акыны, драматургу, романчысы жана коомдук ишмери. Ал XX кылымдын эң ири акын реформаторлорунун бири жана түрк адабиятында эркин ыр (верлибр) формасын биринчилерден болуп киргизген. Поэзиясы өзгөчө кубаттуу ритми, терең лиризми жана адамзатка болгон чексиз сүйүүсү менен айырмаланат.

  • Котормочу:

    Журналист, жазуучу, акын. КРдин Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
    “Издөөнү табуу” (2005-ж.), “Түндөгү караңгы” (2018-ж.) кыска эссе-аңгемелер жыйнактары жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген