|

Кечир мени

5/5 - (2 добуш)

Өмүрдүн баалуулугун,
Өзүңдөй сезе албай.
Адамдын улуулугун,
Аялдын сулуулугун,
Баркына жеткире албай,
Басынтып койгон болсом,
Атаке, кечир мени.

Тагдырдын татаалдыгын,
Өзүңдөй жеңе албай.
Өткөөлгө келген кезде,
Өтө албай өрүш жасап,
Тыныгып турган болсом,
Атаке, кечир мени.

Бактымды жалгай албай,
Энчимди кармай албай.
Чабалдык кылган болсом,
Ушунун баарын сезип,
Убайда турган болсоң,
Атаке, кечир мени.

Сен салган чыйыр жолуң,
Жаныма берип кубат.
Карайлап калган кезде,
Карааның колун сунат.
Арзыйбы, арзыбайбы?
Атаке, бул жалганда
Келемин жолуң улап.

Автор

  • 1974-жылы Ош облусунун Көк-Арт айлында туулган. Кесиби боюнча тигүүчү-дизайнер. Учурда Москва шаарында жашайт жана эмгектенет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген