Карагер
(“Кара Там” автобиографиялык аңгемелер топтомунан)
Бакайдан кан шорголоп агып жатыптыр. Кызыл Буурул ары жакта арыктын боюнда жатат. Ичи көөп кетиптир. Өлүү же тирүү экенин билинбейт. Карагер берирээк эки алдыңкы бутуна тизелеген боюнча турат. Чоңдор шапа-шупа аттарынан ыргып түшүп, эки жаныбарды тегеректеп алек болуп калышты. Аларды ээрчип барган жаш балдар четкерээк турушат. Тогуз-он жашта болсом керек. Ошол эки айгырдын айланасында топураган кишилерди карап, Карагердин кыйналган акыбалына жүрөгүм чыдабай көзүмдөн жаш сызылып шоргологон мен да бармын…
Тоо койнундагы кадимки күндөрдүн бири. Эч нерсе ойдо жок. Түшкө маал атам койго жумшаган. Жайылган койду чоң сууга карай сүрүп коюп, өзүм көтөрө жүргөн кайырмагым менен балык уулоого кириштим. Ал мезгилде балык көп болор эле. Элдин айтымында биздин суудагы форель кайсы бир жылдарда Армениядагы Севан көлүнөн алынып келип коё берилген. Андан сырткары жергиликтүү саналган Осман жана Маринка балыктары көп түшчү. Бул, алп тоолорду аралай чапкан тоо дарыясы күү-шаа түшүп жаңы кире баштаган маал. Эртең менен тартылып калган суу түш оой кайрадан өңү бузулуп киргил тартып, буркан-шаркан түшө баштайт. Капчыгайды жаңырта караган бутак менен кошо күлдүрөтүп таш агызып жулкунуп баштаган кезде сүрүнө чыдабай жээгине даап баруу кыйын болуп калчу. Азыр андагыдай суу кирбей калды. Мен дээрлик ошол суунун жээгинде чоңоюп келаткан бала болгондуктан коркчу эмесмин. Кадимки жазгы, табигый көрүнүш. Балыктын кумары менен байкабай калыпмын, көк кууган койлор бир топ узап кетиптир. Бул маалда койлор көк кууп бир орунга байыр алып жайылбайт. Көк жаңыдан жыбырап тишке илинип калган мезгилде кыштагы саргайган саман менен куураган чөптөн тажаган койлор сонуркап алып учуп кырдан кыр ашып, белден бел ашып жеткирбей кетер эле. Кармаган балыктар салынган баштыкты моюнга илип, кайырмакты ийинге таштай салып узап кеткен койлорду каргап-шилеген боюнча артынан түштүм. Кара Күңгөйдүн коктусун көздөй өтө бергенимде тээ жогорураакта айлананын чаң-тозоңун чыгарып кармашып аткан эки айгырга көзүм түштү. Кызыл Буурул менен Карагер кармашып аткан экен. Аларга барайын десем кой алыстап кетти. Арга жок, “согушпай жүрүштү беле, бир аз кармашып тынчышаар” деп ойлоп, андан ары жолумду уладым. Анткени экөө далай жолу кармашты. Менимче, бир-бирине өчүгүп да калышкан болуш керек. Бир топко алышып бир-бирин жеңе албаган соң, же кишилерден кийлигишкен бирөө болуп калганда тарап кетишчү.
Карагер демекчи союз маалында келген атама. Ал кезде чабандарга мингич бөлүп берчү экен өкмөт. Үстүндө бир аз жоору бар, арык, бышты чыкма болчу. Мурдагы кожоюну начар багып караган окшойт. Атама келгени көркүнө чыгып ойкуштаган ат болду. Ойкуштаган десем аша чапкан болом. Анткени аны атам мингенде, анан улуу агам мингенде көркүнө чыкчу. Ат да болсо бизге окшогон майда-чүйдөгө маани берчү эмес. Дегеним, биз мингенде кабагым кашым дебей илкип басып жүрө берет. Камчы салмактан балакет кылсаң да былк этип койбойт. Акылдуусун кантесиң. Бала экениңди мал да болсо билип тоготпойт. Атам мингенде баскан турганы көркүнө келип башты чулгуп, текирең таскак менен шуулдап жүрүп калат. Эттүү кезинде сулуу да жаныбар эле. Коюу жалы, жоон-жолпу денеси, балбандар, баатырлар минчү аттарга окшоп калчу. Балбандыгы да жетишээрлик. Жоош, кашаң (кашаң болгондо биздей майда-чүйдө балдар мингенде кана), үркөт, ала качып кетет деп чочулабай, маа десең куйругуна сүйрөлүп алсаң да былк этип койчу эмес жаныбар. Улуу агам аңчылыкка көп минди. Бир жолу тирүү карышкырды өңөрүп келген. Тирүү карышкыр өңөртмөк турсун жанына жолобойт ат эмес башкасы да. Килейген дөбөт карышкыр экен. Башына жем баштык кийгизип, болгон жип аттуу менен оозун бекем таңып чырмап алып өңөрүп келди. Капканга түшүп калган карышкырды “ок жумшап отурамбы” деп тирүүлөй алып келиптир. Мындай учурда ээсине чын берилген, ишенген жылкы гана ошентип карышкыр өңөртсө керек деп ойлойм азыркыга чейин. Андай сапаттарын айта берсең түгөнбөйт Карагердин. Албетте, аттар көп болгон. Не бир түркүн аттарды пайдаланды атам. Бирок менин эсимде, жүрөгүмдө атайын орду бар ошол Карагер калды.
Көк кууган койлорго жетип алдын кайрып келгенче бир топ убакыт өтүп кетти. Кой кайтарганга өтө жаман маал, ушул көк кууган маалы. Башын каякка буюрса ошол тарапка зуу коюп шүдүңдөп жөнөшөт. Оттоп атканы же башын жерге салып эле уруп-согуп баратканы белгисиз. Алдын кайрып үй тарапка багыт берип коюп, ээрчип келатам. Согушуп аткан айгырлар деле эстен чыгып кетиптир. Балыктын кумары дагы жаман. Кайра эле “балык салсамбы” деп ойлонуп сууну улам карап коём. Кара Күңгөйдүн коктусуна келип ошондо эстеп, карайынчы десем баягы экөө шумдугуң кургур дагы эле согушуп аткан экен. Безилдеп жетип бардым. Карагер тушалган боюнча экен. Кызыл Буурул кирген буурадай күрпүлдөп семиз, үйүргө жаңы салынган неме албууттанып улам кол салып атат. Тушамышы менен жүргөн Карагер дагы эч кайта турган түрү жок. Ал деле эттүү, көркүндө болчу. Карагерге болушуп Кызыл Буурулду таш менен уруп айланып чуркап жүрөм. Экөө такыр айыгышып алган экен, мен урган ташты тоготоор түрү жок. Асман айдан кетип алышып атат. Айлам кетти. Безилдеп үйгө жөнөдүм. Атама барып айтып, ал экөөбүзгө дагы бала-чакалар, жана чоң кишилер кошулуп кайра келгиче бир аз убакыт өтүп кетти.
Кызыл Буурул арыктын кырында жатат. Ичи көөп кетиптир. Карагер эки алдыңкы бутуна тизелеген боюнча турат. Бир алдыңкы буту бакайдан сынып кетиптир аны бир аз кечирээк байкадым. Кызыл Буурул өлүп калыптыр. Денелерде тамтык жок, тытылган, айрылган, тиштелген жерлерден кан шүүшүңдөп агып, экөө согушкан жердин чаңы сапырылып жатат. Экөөнүн согушу мен көргөнү болжолдуу бир сааттан ашса ашты, бирок кем эмес. Минтип акыр аягына чейин согушкан айгырларды ошондо көрдүм. Биринчи жолу, келечекте андай мүмкүн болбосо, анда акыркысы дагы ошол болот. Чоңдор өлгөн айгырды адалдап мууздашты. Атам Карагерди айланып тушамышын чечкенге мүмкүн болбой калыптыр кескилеп атып бошотту. Ошондо кана ал алдыңкы буттарына тура калып аксай түшкөндө бир буту сынганын көрдүм. Бакайдан ылдый шалактап калыптыр. Кан агып турат жаракаттан. Тушамыш, анын үстүнө сынган бут тоскоол болуп тизелеп тура албай атканы ошол экен. Бечара оор күрсүнүп же онтоп алгандай сезилди. Денеси бүт тытмаланган. Кызыл Буурул дагы жөн айгыр эмес. Экинчи жылы ушул үйүргө салынып аткан. Айылдык бир аксакал кишинин айгыры эле. Үйүрүнө жакындаган кандай мал болсун, азабын колуна берчү. Кишилер араң жолочубуз бээ байлаарда, саан болгон учурларда таш-кесек менен куралдуу жүрбөсөк, кишини деле чайнап салгыдай сүрү бар айгыр. Үйүрдү карышкырлардын кол салуусунан сактап калган дагы жайы бар керемет жаныбар болчу. Аны ошол жерден эле союп жүктөп кетишти. Карагерди эптеп үч буттатып үйгө жетелеп келип бутун таңып, дарылап бир топко бактык. Болбоду аттиң. “Жылкынын сыныгы бүтпөйт” деген да кеп бар эмеспи. Ошентти окшойт айыкпады. Атам көп аракет кылды. Кабагым кашым дебей кызмат кылган жаныбарга атамдын да ичи катуу ачышып, кейип жүрдү. Айла жок ал дагы союлду. Этин жегенге, өз колу менен сойгонго да колу барган жок окшойт атамдын. Ошол кезде соодагерлер көбөйүп келаткан маал, ээрчитип келип караңгыда сойдуруп, соодагерлер насыяга деп жүктөп кетишип, ошону менен акчасын дагы беришкен жок. Атам доолап барганын көрбөдүм, бир эки сурады окшойт ошону менен унчуккан жок.
Карагер болсо бир келип кетчү жаныбар катары эсимде калды. Кийин андай сыпаттуу, сапаттуу, балбан, ээсине берилгендик менен кызмат кылган жылкы көргөн да жокмун, көрө да элекмин.
