Тилегеним
Тилегеним – эң биринчи, ден соолук.
Орундалса, ой-тилектер көп болуп.
Бул жашоонун ырахаты, тирүүлүк.
Купулуңа турса эгер, бүт толуп.
Тилегеним – балдарымдын бактысы.
Колдорунда болсун турмуш ачкычы.
Жолу татаал бул жашоонун биз билген.
Жебе сымал, түптүз кетсин багыты.
Майдаланып, маани бербей баарына,
Максат менен жашап иштеп талыкпай,
Тилегеним – ар адамга жакшылык,
Капаланып жөнү жоктон камыкпай.
Бир туугандар аман болсун, журт аман.
Бир муштумдай биригишсе бүт аалам.
Тилегеним – тынчтык болсун дүйнөдө.
Байлык, мансап убактылуу, бүт жалган.
Адамзаты тазаланып жамандан,
Жок болсо экен өкүнүчтүү армандар.
Бир-бирине кыянаттык жасабай,
Ынтымакка келсе экен адамдар.
Кылмыш, кырсык көбөйгөндөн көбөйүп,
Төбө чачың тик тургузган кабарлар.
Тилегеним – бир өмүрдү өксүтпөй,
Жаркын жашап өтсө экен адамдар.
