|

Мазар Таш

5/5 - (3 добуш)

(Кара Там биографиялык аңгемелер топтомунан) 

(аңгеме)

Керилген Сөөк капчыгайы созулуп баш аягы жоктой мелтирейт. Айылдан чыккан жол капчыгайды аралап дээрлик Суусамыр өрөөнү менен чектешкен жерге чейин жетип токтойт. Биздин айыл өкмөткө таандык жайлоо, кыштоолорго дал ушул капчыгайды өрдөп кеткен узун жол алып барат.

Шаркырап аккан тоо дарыясын бойлой кеткен узун жолдун боюнда бир таш бар. Жөн таш эмес. Мазар Таш. Айылдан чыгып капчыгайга кире берген жерде, Үч Эмчек кыштоосунун оозунда, чоң жолдун так боюнда. Ушул узун жолду жөө жалаңдап далай бастык. Капчыгай коюнунда чоңойгон балдарбыз. Мен кичине кезимде бул таш тууралуу жүрөктүн үшүн алган далай-далай окуяларды уктум. “Түнкүсүн жанынан өтсөң арбактар көрүнөт. Жо-ок, периштелер көрүнөт. Жо-ок, желмогуздар ошол жерден түнкүсүн чыгып, балдарды уурдашат экен”. Кайсы бири чын экени белгисиз. Союздун чекесин көрүп калган баламын. Ошол кезде эле бул ташты ары-бери өткөндөр аздектеп урмат кылышчу. Жанында өскөн үч түп шилби, бир түп ит мурун дарагы кышы-жайы кооз чүпүрөктөргө чулганып, дайыма көркүндө болчу. Таштын так үстүндө жалаң аяк адамдын изине окшогон из бар. Чоң суунун аркы өйүзүндө бир кичинекей ташта дагы дал ошондой тамандын изи турат. Элдердин айтуусунда: “Кайсы бир замандарда, бир пайгамбар (кимиси экени белгисиз, бирлери Сулайман дешет дагы, бирлери Мухаммад дешет, айтор) душмандардан жөө жалаңдап, жалаң аяк, жалаң баш качып келаткан имиш. Так ушул Сөөк дарыясынын жээгине келип, чоң суудан өтө албай камалып калганда, кудайдан жардам сурап чоң таштын үстүнөн аркы өйүзгө секирип өтүп кеткен экен. Ошондо эки таштын үстүндө жалаң аяк издери так болуп түшүп калган”. Мен көбүрөөк ушул имишке ишенчүмүн. Анткени тамандын издери турат. Ал эми калгандарын айта берсек ар бири өзүнчө баян болгудай. Ошентип бул ташты элдер урмат кылып, тегерегинен таштанды көрсө тазалап, шилбилерге жаңы бет аарчылардан айрып ороп, ал тургай таштын каптал жагында бир чуңкурураак жерине тыйын-тыпыр да таштап кетишчү. Жанына токтоп куран окуп, окубаса келме келтирип өтушөөр эле. 

Кийин союз урап кеткенине бир аз болгон убак. Бешинчи-алтынчы класс болуп калган кезим. Жайлоодобуз. Бээ байланып алгач кымыз чыкканы, өзүбүз ооз тийгенден кийин эки калай чаначка (фляга) толтура кымыз арттырып, атам бирөөбүздү айылга жөнөтчү. Айылдагы мамилеси бар аксакалдарга, дос-тууганга ооз тийгизип, таратып келчүбүз. Бул жолу бир алчактаган семиз, өткүр, учкаяк атка мингизип мени жөнөттү. Айылга кеттим. Эртең менен чыккам. Айылга эрте эле кирип бардым. Минген ат учкаяк болсо жол кыска. Баягы эки калай чаначты түшүрүп, башка идиштерге куюштуруп, алты-жети үй бүлөгө бөлүштүрүп таратып чыкканча, кеч кирип калды. Антип кымыз тараткан керемет. Ал кездеги аталар-апалар кандай сонун. Үйүнө барсаң кетирбей, курсагыңды тойгузуп алкап, батасын берип, чүпүрөк баштыкка таттуу-тамек, мөмө-жемиш толтуруп колуңа карматып узатчу. Азыркыдай ак сатылчу эмес. Азыр антип элге таратмак турсун, жайлоолордо тартылган сүттүн калдыгы дагы иттерге артпай сатылып кетип атат. Курсак ток. Эки куржун көзү толтура таттуу-тамек. Көңүл да ток, атым да ток, кайтаар мезгил болду. Күүгүм кирип калган кез. Эки куржунду баягы эки калай чаначка салып, артынып алып жайлоону көздөй салып, уруп жөнөдүм. Минген атым шайдоот. Камчы салдырбайт. Кыңылдап ырдап зуулдап кетип бараткам. Мазар Ташка жакын калганда атым кошкуруп, кулактарын тикчийтип жайлап калды. Ийрелеңдеген чоң жолдун Мазар Ташка жетер жеринде көмүскө булуң бар. Ошондон чыга бергенде таш даана көрүнөт. Булуңду өтө электе эле атым үркө баштады. Аттын оозун тартып, акырын айлананы карап коём. Эч нерсе жок. Оюма алда немелер түшөт. Баягы Мазар Таш тууралуу коркунучтуу окуялар көз алдымдан тизилет. Жүрөк дүкүлдөп, коркунуч ээлеп алган. “Кантем эми? Айылга кайра тартсамбы? Коркуп келдим деп кайра барсам, айылдагылар эмне дейт?” Токтоп алып ушуларды ойлоп, улам көз жеткен жердин баарын телмире тиктейм. Ээн капчыгай. Эч ким жок. Караңгы түн. Акырын теминип алдыга бир аз бастырдым. Булуңдан өтүп Мазар Таш маңдайдан даана көрүндү. Ат дагы кошкурунуп, элеңдеп жай басып келатып тык токтоду. Көзүң жамандыкты көрбөсүн. Баягы таштын жанындагы шилбинин артынан көөлгүгөн ак көйнөкчөндөр чыга баштады. Үрөйүм учуп кетти. Шумдугуң кургур. “Арбактар” деп ойлодум. Атым да элтеңдеп тыбырчылап атат. Аттын оозун бек кармап артка бурулдум да, бир аз бастырып токтодум. “Айылга коркуп келдим деп барсам. Эмнеден корктуң? – деп сураса, эмне дейм. Мазар Ташта ушундай арбактар жүрөт десем киши ишенеби? Кой, шерменде болбой жайлоого эле кетейин” деп кайра бурулдум. Акырын аттын басмайылын текшердим – баары бекем экен. Камчыны даяр кармап, жай бастырып келатам. Баягылар так жолдун түбүндө турушат, чогулуп алышыптыр. Бешөө-алтоо окшойт. Жакындап келдим. Атым бир аз селтеңдегени менен көп үрккөн жок. Менин да жүрөгүм ылдыйлай түшкөнсүйт. “Кана эми, эмне болсо да бир көрөйүн” деп атыма камчы басып алдым. Өмүрү камчы жебеген жаныбар атырылып алып, алдыдагы “арбактардын” так ортосунан жарып өттү чиркин. “Коку-уй!.. Кокуй!.. О, жашабай гана калгыр! Бул кайдагы зөөкүр, ыя. Өлүгүңдү гана көрөйүн”, – деп чурулдап тилдеп атат “арбактар”. Баары аялдар. Бир аз узай түшүп токтоп, кайрылып акырын бастырып келатам. Атым жулунуп атат. Оозун жыя кармап токтоп тыңшасам өз алдыларынча мени сөгүп атышат. “И-ий, энеңди урайын! Арбак эмес эле аялдар го”, – деп дагы тыңшасам – чын эле аялдар экен. “Түнкүсүн элдин жүрөгүн түшүргөн кандай болор экен, силерге бир көргөзөйүн”, – деп жулунуп турган ат менен кайра бир качырдым. Жол жээкте турган “арбактар” бири сууну карай, бири тоону карай айкырып-кыйкырып чачырай берди. Жарып өтүп кайра кайрылдым. Бир муштумдай таш келип жоон сандын так түбүнө тердикке урунуп “күп” дей түшүп, экинчи таш башымдан алыс кетти. Таш ыргыткандарды качырып сала бердим. Каргап-шиленип тоо таяна беришти. Сууну көздөй кеткендер көрүнгөн жок. Бир эрдик кылгансып, ичимден күлкүм келип азыраак ары барып токтоп, тыңшап турам. Тоо жаңыртып сөгүп атышат. Бирөөсү “балакет ичкир мас неме го”, – десе, башкасы: “жо-ок, кичирээк эле бала экен. Таш менен урсам тийбей калды. Башын жарайын дедим эле”, – дешип, айтор, сөгүп-сагып тилдеп атышат. Аңгыча бирөөсү “шыр-р” эткирип ширеңке чагып, тамеки күйгүздү. 

Тааныдым. Тааныбагандачы. Булар үй бүлөсү менен бакшы болуп кеткен төмөнкү коңшу айылдардын биринин тургундары болчу. Эркектери эмес. Аялдары бүт ушинтип мазарларга табынып, конуп-түнөп, зыярат кылып жүрө берген немелер. Кээ бирде керек болсо бейтап адамдарды көрө калышып, аларды козу-улагын сойдуруп алып, мазарга түнөтүп эмдешет. Айтор, бир башкача нерселер менен алек болуп жүргөн аялдар. Булар эле эмес. Союздан кийинки өткөөл мезгилде буларга окшогон бакшылар толуп кеткен. Ар бир айылда, калп айтпасам, экиден-үчтөн, болбоду дегенде, бир ушундай “сыйкырчы” болор эле. Үйлөргө чейин кыдырып келип, түрдүү сыйкырларды жасап, адамдарды эмдеп, иши жүрбөгөндүн жолун ачып, төрөбөгөн келиндерди төрөтүп… Апей, жок.. төрөткөндөй алар ким эле. “Төрөйсүң” деп жалган үмүт берип, башы маң болуп турган элди ого бетер кыйсыпыр кылып жүрүшчү. Көп булактар, таштар, үңкүрлөр, көрүстөндөр, койчу деги, ыйык жерлер толтура табылды. Анын баарын көрүп туруп, “Пайгамбарлар илгери ушул жерлерде эле жүрө беришсе керек? Башка кылаар иштери болгон эмес окшойт да? Же алар пайгамбар болсо болгон жумушу ошолбу? Булактан суу ичип, үңкүргө түнөп, ташка көчүк басып, биринен секирип өтүп, дарак өстүрүп, ушул биздин чөйрөдө эле жүрө беришкен окшобойбу”, – деп ойлоп кетчүмүн. Булар да ошол бакшылардын катарын толуктаган бирөөлөр болчу.

Баягыларды тааныган соң жүрөк ылдыйлап, күлкүм келип, атымдын башын буруп, кыңылдап ырдап, жоо чапкан немече шайдоот шаңдуу жайлоону карай сызып жөнөдүм. А Мазар Ташты көргөн билгендин далайы өтүп кетти. Таш болсо калыбынан жазбай заңкайып дале турат. Болгону эч ким табынбай, жанына келип куран окуп, жүз аарчы байлабай, жок дегенде келме келтирип өтпөй калды.

Автор

  • Акын, журналист, котормочу. 1984 жылы Нарын облусунун Кызыл-Дөбө айылында туулган. Мектеп курагынан поэзияга шыктанат. Бир топ гезиттерде, теле тармагында кабарчылык кызматтарда иштеген. Учурда Бишкекте жеке тармакта эмгектенет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. Салам, Кулмат иним!
    Чыгармаларың мыкты, азаматсың, ийгилик каалайм. Эгер шарт мүмкүнчклүгүң болуп калса мени менен байланышчы.
    Урматым менен, Асыран агаң!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген