“Мен жокмун, кечээ кеткен учурумда…”
* * *
Мен жокмун, кечээ кеткен учурумда,
Бүгүн да жазбай жатам калыбымдан,
Туруксуз боз куюнду шылтоо кылып,
Уурданып турам дале жарыгымдан.
Басууга дарманым бар азырынча,
Күчүм бар дүйнө көрүп суктанууга,
Сүйүүсүз көздөр токтоп калат окшойт,
Каалоолор катар-катар кулптанууда.
Муздак жел аралаган көңүлүмдүн,
Шыпаасы тереземди шынаарлабайт,
Буулуккан булутумдан аяр бөлүп,
Булбулдан эрте ойгонуп, ыр арнабайт.
Ачылбас эшигимди чертет шамал,
А балким абалымды аяп турат.
Оозу бош одуракай кийим илгич…
Көйнөгүм көчө жакты карап турат.
Оозу ачык кийим илген шкафымда,
Көйнөгүм маңдайымда карап турат.
