| |

Антон Чехов: “Атка окшош фамилия”

5/5 - (1 добуш)

(аңгеме)

Отставкадагы генерал-майор Булдеевдин тиши катуу ооруп чыкты. Оозун арак, коньяк менен чайкады, ооруган тишине тамекинин күлүн, апийим, скипидар басып көрдү, жаагын керосин, йод менен да сыйпады, буланы спиртке чылап туруп кулагына да тыкты, бирок мунун бири да жардам берген жок, кайра көөнүн айлантып, кускусун келтирди. Догдур келди. Тишин ары-бери чукуп көрүп, хина жазып берди, бирок бул да жардам бербеди. Ооруган тишти жулдуруп салуу сунушуна генерал көшөрүп көнбөй койду. Үйдөгүлөрдүн баары – аялы, балдары, үй кызматчысы, алтургай, ашпозчу Петькадан өйдө ар кимиси өзүлөрү билген каражаттарды сунуштап жатышты. Ал ортодо Булдеевдин катчысы Иван Евсеич да келип, ага ооруган тишти дубалоо жолу менен дарылап көрүүгө кеңеш берди. 

– Биздин уездде, улуу урматтуу мырза, – деди ал, – мындан он жыл мурда Яков Васильич деген салык чогултуучу иштеп кеткен эле. Тишти ошол мыкты дарылачу. Терезеге карап туруп эле бирдемени күбүрөп туруп түкүрүп коёт бүттү, оору тып эле басылып калчу! Ошондой касиети бар эле… 

– Эми ал кайда экен?

– Аны салык кызматынан бошотушкандан бери Саратовдогу кайненесиникинде турат. Тиш дарылап эле жан багып атат дешет. Тиши ооруган элдин баары эле ошого барат имиш, дубасы жардам берет дейт кадимкидей. Кудайдын кулу Алексийдин тиши ооруп жатат деп болгонун болгондой айтып, жардам бер деп ошого кат жөнөтүңүз, мырза. Дарылаган акчасын почтодон эле жиберип коёсуз. 

– Болбогон кеп! Көз боёмочулук да бул!

– Сиз бир көрүңүз да мырза. Ал аракты абдан жакшы көрөт, аялы менен эмес, бир немис аял менен турат, өзү богоозураак неме, бирок касиети абдан күчтүү! 

– Жөнөт, Алеша! – жалбарып жиберди генералдын аялы. – Сен эми дубага ишенбейсиң дечи, мен болсо аны өзүм сынап көргөнмүн. Ишенбесең да жөнөтүп көрбөйсүңбү? Андан колуң үзүлүп түшмөк беле.

– И, болуптур, – көндү Булдеев. – Мындайда салыкчы тургай, шайтанга да жазып жиберерсиң… Ох! Чыдатпай баратат! Кана эми ошол салыкчың? Дареги кандай, кантип жазыш керек?

Генерал столго отурду да колуна калем алды. 

– Аны Саратовдо итинен битине чейин билишет, – деди катчы. – Минтип эле жазыңыз, мырза, Саратов шаары, ыкыбалдуу төрө Яков Васильич… Васильич…

– Ии?

– Васильич… Яков Васильич… фамилиясы… Фамилиясын унутуп атпайымбы!.. Васильич… Шайтан алгырдыкы… Кандай эле фамилиясы? Азыр эле бул жакка келатып эстедим эле… Азыр…

Иван Евсеич шыпка тигилип, эриндерин кыбыратып калды. Булдеев аялы экөө сабырсыздана күтүп калышты.

– Ии, эмне болду? Ойлончу батыраак!

– Азыр… Васильич… Яков Васильич… Унутуп калдым! Жөнөкөй эле бир фамилия болчу… Атка окшош болчу… Кобылин? Жо, Кобылин эмес. Токто… Жеребцов беле? Жок, Жеребцов да эмес. Эсимде, фамилиясы атка окшош болчу, бирок кандай эле, кашайып таптакыр эсимден чыгып кетиптир…

– Жеребятниковбу?

– Жок ой. Токтосоңуз… Кобылицын… Кобылятников… Кобелев беле…

– Бул аттыкы эмей эле иттики болуп кеттиго. Жеребчиковбу?

– Жок, Жеребчиков да эмес… Лошадинин… Лошаков… Жеребкин… Окшошпой атат бири да!

– Ойлоп көрчү, мен эми ага кантип жазмак элем!

– Азыр, азыр. Лошадкин… Кобылкин… Коренной…

– Коренниковбу? – сурады генералдын аялы.

– Жок. Пристяжкин… Жок, бул да окшобойт! Туй ата, унутуп атам!

– Унуткан болсоң анда кеңеш айткандын балекетин аласыңбы, шайтан алгыр? – ачуулана түштү генерал. – Бар, жоголчу!

Иван Евсеич жыла басып чыгып кетти, генерал болсо эки жаагын мыкчый бөлмөдө ары-бери баса баштады.

– Ой, жаным! – кокуйлап кирди ал. – Ой, апаке! Ох, көзүмө жарык аалам караңгы болуп кетип атат!

Катчы бакка чыкты да асманды карап салыкчынын аты-жөнүн эстей баштады:

– Жеребчиков… Жеребковский… Жеребенко… Жок, бири да окшобойт! Лошадинский… Лошадевич… Жеребкович… Кобылянский…

Бир аздан кийин аны кайрадан улуктарга чакырышты.

– Эстедиңби? – сурады генерал.

– Жок, улуу урматтуу төрө.

– Балким Конявский болуп жүрбөсүн? Лошадниковбу же?

Үйдөгүлөр жапырт ар кайсы фамилияларды айтып киришти. Аттардын асыйынан, жынысынан, тукумунан, алтургай, жалынан, туягынан, жабдыктарынан өйдө аташып, эстеп чыгышты… Үйдө да, бак ичинде да, ашканада да чекесин кашып коюп, ары-бери баса фамилия издеген эле адамдар.

Катчыны улам үйгө чакырып, сурап жатышты.

– Табуновбу? Копытинби? Жеребовскийби же?

– Жок, – деп жооп берген Иван Евсеич асманды карап алып, оюндагысын үн чыгара тизмектеп айтып жатты: – Коненко… Конченко… Жеребеев… Кобылеев…

– Ата! – дешкен балдар да өз бөлмөсүнөн кыйкырып атышты. – Тройкин! Уздечкин!

Короо жай чак-чалекей түштү. Жаны кыйналып, сабыры түгөнгөн генерал фамилияны ким тапса, ошого беш сом берерин убада кылды эле, элдин баары жабалактап Иван Евсеичтин артынан ээрчип алышты…

– Гнедов! – деп атышты. – Рысистый! Лошадицкий!

Кеч кирип баратты, бирок фамилия дагы эле табылган жок. Түн кирип, телеграмма ошол бойдон жөнөтүлбөй, уктаганы жатышты.

Генерал болсо түнү менен онтоп, бөлмөдө ары-бери басып чыкты… Таңкы саат үчтө тиши чыдатпай, үйдөн чыкты да катчынын терезесин какты.

– Меринов эмес беле? – сурады ыйлактаган үнү менен.

– Жо, Меринов эмес болчу, улуу урматтуу төрө, – жооп берди Иван Евсеич, анан күнөөлүдөй үшкүрүп койду.

– Балким фамилиясы атка окшобой эле башка бирдеме болуп жүрбөсүн!

– Чын айтам, улуу урматтуу төрөм, атка эле окшош болчу… Анык эсимде.

– Бу тууган, сен кандайсың өзү, ушундай да унутчаак болосуңбу… Эми салыкчынын фамилиясы мен үчүн дүйнөдөгү эң кымбат нерсе болуп калды окшойт. Кыйналып, өлгөнү калдым!

Эртеси генерал дагы догдурга киши жөнөттү.

– Жулуп эле салсынчы! – деди ал. – Таптакыр чыдашка болбой калды…

Дарыгер келип, ооруган тишти жулуп салды. Зыркыраган оору ошол замат басылып, генералдын жаны жай ала түштү. Ишин аткарып, акысын алган дарыгер арабасына отурду да кете берди. Дарбазадан чыгып, талаада баратып Ивана Евсеичти жолуктуруп калды… Катчы жолдун четине туруп алып, бирдемени катуу ойлонуп жаткандай түрү бар. Чекесине жайылып кеткен бырыштарга, көздөрүнө караганда, чыңалган ойлору абдан эле оор окшоду…

– Буланов… Чересседельников… – күбүрөп атты ал. – Засупонин… Лошадский…

– Иван Евсеич! – деди ага дарыгер. – Сизден беш килдей сулу сатып алсам болобу, байкеси, биздикилер деле сатат, бирок алардыкы начар…

Иван Евсеич дарыгерди маңыроо кебетеси менен тиктеп туруп калды, анан оозу кулагына жете жылмайды да, колдорун сереңдете серпкен бойдон тимеле артынан кутурган ит кууп алгансып, чымын-куюн боло генералдыкын көздөй сызды.

– Таптым, улуу урматтуум! – деп сүйүнө бакырды ал генералдын кабинетине учуп кирип. – Таптым, кудайым дарыгерге ден соолук берсин! Овсов! Овсов салыкчынын фамилиясы! Овсов, улуу урматтуу төрөм! Катты Овсовко деп жөнөтүңүз!

– Ме! – деди ага жутуп жиберчүдөй жек көрө караган генерал сөөмөйү менен ортоң колунан эки баш бармагын сырайта бетине такап. – Эми сенин аттыкына окшош фамилияңдын түк кереги жок! Ме!

Орус тилинен которгон Бахтиер Шаматов

Автор

  • Журналист, котормочу. 1961-жылы туулган. 1987-жылдан бери журналистикада. Кыргыз жана орус тилдеринде жазат, адабий котормо менен да алектенет. Учурда чет элдик тоо-кен компаниясында котормочу болуп иштейт. Москвадан чыкчу «Человек и мир» журналы менен туруктуу кызматташат.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген