Кошуна

5/5 - (1 добуш)

(аңгеме)

Чоң үй салышты. Бешене тер менен эки кабаттуу үй салуу алар үчүн канчалык түйшүк болсо да, барына чыдашты. Короо да кенен. “Элден калышпайлы”, – дешип, жасалгасын да азыркы табит менен кооздоп алышты. Тиги сыртта иштеп жүргөн уул-кыздары жакшы жардам беришти. Ырас, алардын салымы болбогондо мындай үй сала алышмак эмес. Жылдар өтүп кетмек. Шаардын четки районундагы узун көчөнүн орто жеринен атайын бош участок сатып алышкан да. Ал кезде жер участоктору кыйла арзан болчу. Азыр асманга чыгып кетиптир. Эки-үч жыл бош турду. Анан чыгынып, пайдубалын башташканда уул-кыздары бир аз болсо да ирдене башташкан эле. Ошолордун деми менен иш жүрүп кеткен. Негизи бул көчөнүн тургундары бардыгы эле заңгыраган үйлөрдү салышыптыр. Биринен-бири өтөт го. Кооз үйлөрдүн катарында алардын да турагы көчөгө көрк берип турду.

– Эми кошуналар менен таанышып, чай берип коёлу, – деди жолдошу.

– Ооба, ошентиш керек. Ансыз да айрымдары сурай баштады. “Качан үй көрдү болот?” дешет го? – деген аялы да жолдошунун сөзүн коштоп койду.

– Ооба да, сурашат, күтүшөт. Эми балдарга айтып, алардан да кичине жардам алалы да, адегенде кошуналарды чакыралы, – деген чечимге келишти.

Жаңы үйгө жалаң жаңы эмеректерди да коюшту. Эскилерин ташташты. Мурдагы кошуналарга таркатып да жатышты. Айрымдары сатылды. Айтор, өздөрүнүн кийим-кечелеринен башкасы түгөл жаңы алынды. Балдары ошону каалашты. Ата-энелерине бир бөлмөнү толук жасалгалап беришти, аларга ылайыктап. Ушундай бактылуулукту бала кезден эңсеп, “жакшы жашасам, заңгыраган үйүм болсо, кызматкер жумшасам… мага адамдар суктанышса…”, – деген тилек аялдын көкүрөгүндө ушул кезге чейин жашап келген. Батирлеп көчүп-конуп, жарыбаган жашоодо, бирде ток, бирде ач болгон азаптуу күндөрдө “эмне, ушинтип эле өмүрүбүз өтүп кетеби? Эмнеге биз элдей болуп жашай албайбыз?.. Тырмалаңдап эле жатабыз, деги эле бирибиз эки болбойт го?.. Бул эмнеси? Бул жактан тапсаң, суудай эле агып кетип жатат…”, – деп, далай наалыган. Бирок баары бир шүгүр келтирип жашап келишти. Анткени, иштесе жумуш бар. Уул-кыздары эс тартып келе жатышат. Мына эми “шүгүрдүн” арты. Кошуналарды тосууга катуу даярданышты. Узун көчөдө дээрлик кыргыздар жашайт экен. Санап көрүшсө, аларга бир кой жетпей калат. Ошондуктан “бар береке” дешип, чакан тай эле союшту. Дасторконду да аянбастан жасалгалашты. Эмнелерди гана коюшкан жок. 

Кошуналар белгиленген убакта келе башташты. Бардыгы аларга кызуу салам айтып, ак тилектерин билдиришет. Улуусу бар, кичүүсү да бар. Бардыгы түгөйлөрү менен жетелешип келип жатышты. “Бул жагынан кошуналар ынтымактуу окшойт. Кара, бизди тааныша элек туруп, бардыгы келип жатышат?” – деп, аял ичинен кудундап коёт. Себеби, атайын дасторкон жайып, конок чакырсаң, алар түгөл келгени жакшы да. Таяк таянып, бир жагынан арык аялга жетеленген, иреңи кубакай тарткан, узун бойлуу, арык киши да келди. Ал негедир тик карабайт. Оозун кыбыраткан болду. Коштоп келген аял жылмая:

– Ак өргөөңөр кут болсун! Ак жолтой болуп, жалаң тойлор болуп турсун… – деди. Бирок, бул аялдын сөзү жасалма чыгып жаткандай туюлду. Ар бирине ыраазычылык айтып, ичкери киргизип жатышкан. Аялга бул киши тааныштай туюлду. Башын жерге салган тейде акырын басып бараткан киши, негедир башын өйдө көтөрүп, аял жакты карады. Экөөнүн көзү чагылыша түштү. Эркек дароо көзүн ала качып, жерди карай салды. Бирок алга басып баратып, дагы бир тиктеп алды. Көк көзү кубакай иреңине жарашкансып турат. Аялдын жүрөгү “болк” эте түштү. Бул көздү кайдан көрдү эле?.. “Ошолбу?.. Чын эле ошолбу?..” Ордунан жылбай туруп калды. Аялы коштоп бараткан киши ичкери кирди. Эңкейе да албайт экен. Аялы ботинкасын чечип, четирээк койду да, эркекти жетелеп, ички бөлмөгө кирди. Булар кошуналардын эң арты болсо керек. Алардан кийин эч ким келген жок. Аял болсо ошол ордунан жылган жок. Тааныш көз. “Ооба, ошол… дал өзү…” Анын жүрөгүнүн түпкүрүндө жашап келе жаткан көз. Ошол көк көзү бүт жүзүнө сулуулук берип турган ак жуумал иреңи азыр кубакай тартып, эттери качып калыптыр. Ушул көз үчүн ал махабаттын азаптуу күндөрүнө кабылган эмес беле? Жашоодон кечип жибергенге чейин алып барган көз эмес беле?

– Сага эмне болду? – деди жолдошу анын бир ордунда катып, туруп калганын көрүп. Аял үн деген жок. Кыязы аны укпады.

– Ай, эмне болду сага? Үйгө кир. Кошуналар, чакырып жатышат! – деди. Аял бул сөздү деле укпагандай. Жолдошу жанына барды да, желкесине колун коюп:

– Берекем, эмне болду сага? – деди. Эми гана эсине келгендей, аял башын бир силкип алды да:

– Эч нерсе болгон жок… ойлонуп кетиптирмин го? Эмне бардыгы келип бүтүштүбү? Дагы келеби деп, карап турам да… – деп, жолдошу бирдемени сезип калбасын дегендей, шаша сүйлөп койду.

– Бары келишти деп жатышат го! Булар бири-бирин таанышат да. Качантан бери кошуна болуп жашашса. Акырында тиги оорукчан киши келди. Ошону күтүп жатышкан болчу… – деп, жолдошу “оорукчан киши” деген сөздү басым менен айткандай болду.

– “Оорукчан киши?” Кайсы “оорукчан киши?” Кандай оорукчан?… – аял бул сөздү оолдоксон эле айтып жатты.

– Киришти го, акырында. Аялы жетелеп алыптыр. Таяк таянган. Инсульт алган окшойт. Эмне көрбөдүңбү? 

– Баам салбаптырмын.

– Койчу эй, сени менен учурашып жатышты го?

– Чын, баам салбаптырмын. Болуптур, сен кире бер. Мен тиги чай-пайды карайын, – деп, аял негедир кошуналар олтурган бөлмөгө кирүүдөн тартынып турду. 

– Анан деле карайсың, бас эми. Сени күтүп жатышат. Кичине бата тартып, анан даам ооз тиет да. Ошого чакырып жатышат… – деп жолдошу аны алдына салып, үй тарапка колу менен жаңсады. Эми кирбесе да болбойт. Ооба, меймандар адегенде бата тартып, анан даам ооз тийгенге киришет эмеспи. Ошондой ырым бар го. 

– Келгиле, кошуналар! Дагы бир жолу, амансыздарбы? Жакшы турасыздарбы? Куш келипсиздер! Ушу, кудай кошкон кошуна болуп калдык… – деп аял аларга дагы бир жолу ийиле карап, жылмайган болду. Бирок эмне деп сүйлөп жатканын өзү сезбеди. Оозуна келгенин айтып, жасалма жылмайган болот. Арасынан эми элеки таяк таянып кирген кишини издеди. Аны улуу дешкенби төр тарапка, дал маңдайга олтургузушуптур. Аялды тиктеп турат. Дагы көздөр чагыла түшкөнсүдү. Аял көзүн ала кача, башка жакка карады. Бирок дене боюн майда калтырак басып, ыңгайсыз абалга кептелди.

– Азыр мен… чайды карайын. Сиздер дасторконго карай бериңиздер… – деп, сыртка шашты. Артынан тиги “оорукчан” кошуна караган бойдон калды. Ал дагы бирдемени эстеди белем? Ушул аялдан кимдир бирөөнүн элесин байкады бекен? Караган бойдон кыйлага турду. Аялы:

– Ай, эмне жейсиң? Эмне алып берейин? –дейт. Киши былк этпей тура берди.

– Эмне болду сага? – дейт аялы дагы суроо сала.

– Эч нерсе… тим эле… азыр… – дейт киши дагы деле сырт жакты тиктей. Бирок анын тили булдуруктап, аялына гана түшүнүктүү болбосо, башкаларга угулган деле жоктой. Ал үй кожойкесинин киришин күтүп жаткандай, ал жактан көзүн албайт.

– Кел, чайдан уурта… ысыгын бир аз кетирип койдум… нандан ооз тийчи? – деп, нандын кичине кесимин анын оозуна алып келди эле, аялдын колун түртүп койду.

– Азыр… азыр… – деп, негедир аялын жактырбагандай карап койду.

Мейли анда… – деген аялы колундагы тиштем нанды дасторконго койду да, өзү чайдан ууртап, жаккан даамдарынан татып жатты. Киши ошо калыбында тура берди. 

Аял болсо жолдошун “сен эле олтура берчи, мен бул жакты карайын”, – деп ичкери кирбей жатты.

…Шыңга бойлуу, аппак жигитти бир көрүп эле кыз “ушул меники болот” деп, сезиминде аны ээлеп алган. Анда ошол кездеги эң бир барктуу делген “студенттик отряд” түзүлүп, курулуш иштерине кол кабыш кылышчу да. Канчалаган жогорку окуу жайларынан түзүлгөн мындай топтун арасында кыз да бар болчу. Жигитти ошол жерден көргөн. Бир окуу жай болгону менен факультети бөлөк экен. Анын үстүнө жигит андан жогорку курста окуйт экен. Ошондон уламбы жигит ошондой топторду көзөмөлдөй тургандардан экен. Салабаттуу, тим эле “мен эле бармын” дегендей койкоюп, узун бою ого бетер сүрдүү көрсөтүп, кол жеткистей болуп турган. Анан да кызды арбап турган жери ак жүзүнө жарашкан көк көздөрү. Кыз деле далай жигитти ашык кылган сулуу, апакай неме болчу. Бул жигитке өзүн теңдей эле көрдү. Аны көргөн күнү эле таанышкысы келди. Бирок, жакын бара алган жок. Бир жагынан сүрдөдү, тартынды. Экинчиден, жигит бир жерде турбай, улам көрүнө калат, кайра жок болот. Айтор, иши көп неме экен. 

– Мен ушул бала менен таанышпасам, өлүп калам. Катуу сүйүп калдым. Менде буга чейин мындай сезим болгон эмес… – деп, түз эле курбуларына жар салды.

– Ал ким экен? – дешти алар.

– Атын билбейм… бирок сүйүп калдым.

– Кызык, атын билбей кантип сүйдүң?

– Бир көрүп сүйдүм.

– Андай болбойт… бир көрүп да сүйчү беле? – деп курбулары каткырышат.

– Мейли, силер күлгүлө… күлө бергиле… мен баары бир аны менен таанышам. Керек болсо ага тием, уктуңарбы? – деди ачуусу келе.

– Ии, болсун, болсун! Бактылуу бол!

– Ээ, кой ээ, бир көргөн адамга тием деп, жинди болбо… – курбулары ушинтип келекелеп да жатышты.

– Силерге күлкү… – деп таарына да кетти.

– Ии, ошону бизге көрсөтчү, биз да көрөлү, анан айталы, – дешти алар. Эртеси жигитти көрүштү курбулары. Бирлери суктанды, бирлери “ээ, койчу, сапсары, мышмыйган неме го? Көзүн кара көгөрүп. Көк көздөн түңүл дейт. Колунан жакшылык келбейт мунун”, – дейт. 

– Бул шаардык окшойт, апакай болуп турат го? – дейт дагы бири.

– Шаардыктар айылдыктарды карабайт.

– Алар жеңил-желпи, сулуу, назик кыздарды жактырышат. Сени эмне кылсын?

– Койчу, сага тең эмес… – дешип, эч бири кызга жакшы кеңеш беришкен жок. Кыз болсо жигитти көргөн сайын калтырап, титиреп, өзүн жерге коёрго жер таппай калат. Антсе да, батылып, жигит менен таанышты. Кечки сейилге да чыга коюп жатышты. Жигит курбулары айткандай “жеңил желпи” неме эмес экен. Токтоо эле мүнөзү бар. Болочоктогу экономист экен. Кыялдары жакшы. Чоң банкта иштегиси келет. Кыз дагы өз кыялы менен тең бөлүшөт. Аябай ынак болуп кетишти. Кыз жигиттин жанында өзүн чексиз бактылуу сезет. Аны көрбөсө мүнөт эмес, секунд тура албай калат. Керек болсо түнү бою аны менен бирге болгусу келет. Жигиттин кучагында балкыгысы келет. Ырас, жигит шаардык экен. Шаарда туулуп, шаарда окуган неме тура. Ата-энеси бар. 

– Шаардык жигиттер айылдык кыздарды карабайт, теңине албайт деген чынбы? – деди бир күнү.

– Билбейм, – дейт жигит сыпаа гана.

– Сен айылдык кызга үйлөнөт белең? – дейт дагы суроо салып.

– Билбейм… тагдыр буюрса

– Чынын айтсаң, оюң барбы?

– Мен азыр үйлөнүү тууралуу ойлоно элекмин. Мен окуумду дагы улантышым керек.

– Ушул окууңду аяктасаң, дагы улантасыңбы?

– Балким… бирок мен муну аяктабай туруп эле башка жакка которулгум келет. Чоң шаарга.

– Каякка?

– Маселен, Москвага…

– Ошентсе болобу?

– Болот. Негизи мен Центральный ВУЗга тапшыргамын. Бир балл эле жетпей калып, бул жакка окуп калдым. Экинчи курстан которулайын дегемин, болбой калды. Эми каникулдан кийин дагы аракет кылам го?

– Ай, ий десе, сен кетип калсаң, мен кантем?

– Түшүнбөдүм?

– Мен сени жакшы көрүп калдым да. Сенсиз таптакыр жашоомду элестете албайм эми. Сен башка шаарга кетсең, мен кантем?

– Ээ, ал болбогон нерсе… өтүп кетет. Бул деген тим гана кыялдар да… – деп, жигит кайдыгер гана кызды жыттап койду. Анын жыттаганы да кызды бакыттын туу чокусуна жетелегендей болду.

– Чын айтып жатам… Мен сени абдан жакшы көрүп калдым. Кыз болсом да, ачыгын айтып жатканымды айып көрбө!?

– Жок. Эмнеге жаман көрөм? Кайра мага ачык сүйлөгөн кыздар жагат. Сенде эч кандай кыйтырлык жок… Ачык кыз экенсиң.

– Мен сага жакпаймынбы?

– Жагасың?

– Анда эмнеге мага кайдыгер карайсың? Эмне убактылуу гана эрмектеп жатасыңбы?

– Жагасың… бирок…

– Эмне бирок?

– Билбейм… бул жагын айта албайм…. – деген жигит кызды дагы да кучагына бекем кысып, жыттагылап коёт. Кызга мындан ашкан бакыт жок. Эреркейт… эркелейт… назданат.

– Мен сага жакшы аял болуп берем.

– Билбейм… Бирок сен жакшы кызсың. Тазасың. Оюң таза. Балким, жакшы жар болосуң… – деп жигит бекем кучагына кысат. Ушул ирмем кыз үчүн узакка созулса кана эле? Ушул кезде жигит эмне десе, бардыгына даяр эле. Жанын курмандыкка чалганга да даяр болчу… Кыз үчүн ушундай жолугушуулар коштогон үч ай тез эле өтүп кеткендей болду. Анан каникулга таркашты. Кыз айылына кетти. Бирок ал үчүн саат эмес, мүнөттүн өтүшү тозок болду. Басса-турса көз алдында жигиттин элеси. Анын дене бойду балкыткан жылуу жана назик колдору. Жылмая тиктеген көк көздөрү. Негедир анын саргыч тарткан жүзүнө көк көздөрү көрк берип, ажарын ачып тургандай. Ошол көк көздөрдү тиктегенден тажабайт эле. Анын тиктеши жигитти сүрдөнтүп жиберчү.

– Көп тиктей бербечи? – дейт, жигит, көзүн ала кача.

– Эмнеге?

– Сүрдөтүп жатасың?

– Эмнеге сүрдөйсүң? Сени тиктегенден тажабайм да. Айрыкча тиги көздөрүңдү өпкүлөгүм келип кетет.

– Койчу, көздү да өпкүлөчү беле?

– Анан эмесе… Кел бир өөп алайынчы, – деп назданат. Жигит болсо, жүзүн буруп, назданган кызды бекем кучактап, анан жыттап алат. Жигиттин шаардык болсо да, ыйманына, сабырдуулугуна, токтоолугуна кыз тан берет. Канча шаардык жигиттерди билет. Айылдыктарды тоготпой, теңсинбей, келечекелешип, анан өздөрүн да башкача алып жүрүшөт. Бул жигит андай эмес. Жөнөкөй. Кызга болгон сезими бардай. Бирок аны ачык айтпайт. Тим гана кыз менен жолугууга келет. Кээде белек ала келет. Ал берген белек кыз үчүн кол жеткистей. Бекем катып коёт.

Сапырылып өткөн каникул да аяктап, кайрадан сабак башталды. Жигитти көрбөй калган күндөр канчалык тозок болуп, бир орунга тура албай, чебелектеген болсо, сабак башталганда жигитти издеп, канча азаптанды. Ал өзү айткандай алыска, башка окуу жайына которулуп кетиптир. Аны билгенден кийин кыз жашагысы келбеди. Сабакка барбай азаптанды. Көз жашы көлдөй төгүлүп, жаздыгы кургабады. Ушундайда курбулары жанында болуп, аны бул тозоктон куткарып алышты. Бирок, көк көздүү жигит жүрөк түпкүрүндө калды. Бир өмүр анын элеси менен жашап келгенин билет. Аны издейт. Анан жолдошуна кеңешпей эле бир уулуна анын ысмын берген. Эртели кеч аны унутпоонун далалаты болсо керек. Узун бойлуу эркек көрсө ага дит урат. Ак жүздүүсүн көрсө, ага көз салат. Көк көздүүлөрдү негедир өзүнө жакын көрөт. Ал ошол жигитти издеп келди… издей бермек…

Автор

  • Журналист, жазуучу. Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.

    Журналистика тармагында 40 жылдан ашуун эмгектенип келет. Аны менен бирге жазуучулукту да алып жүрүүдө. “Асмашам”, “Экөө”, “Кайып кыз”, “Ак келин”, “Сырдуу дептер”, “Санпа трагедиясы”, “Эчким”, “Көзмончок” китептери жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген