| |

Карел Чапек: “Учууну билген адам”

5/5 - (2 добуш)

(аңгеме)

Томшик Винограды районундагы оорукананын жанынан бараткан. Ал күн сайын ушул жолдо сейилдейт, баскан ден-соолукка пайдалуу дейт. Негизи эле, Томшик – спортсмен, бир дагы футбол оюнун калтырбайт. Ал өтө шамдагай, жеңил баратты. Жаздын күнү шам аралаш Томшик көчөдө көп деле адамды көргөн жок. Кээде гана жаш түгөйлөр алыстан көзүнө урунбаса, башка эч ким деле жок болчу. “Канча кадам басканымды эсептегич алышым керек эле”, – деп ойлоп койду Томшик. Анан ал үч күн катары менен түшүнө кирип жаткан окуяны эстеди. Ал жолдо баратса алдынан коляска айдаган аял чыга калган. Анан Томшик акырын сол бутунун учун басып, алдыдагы коляска түрткөн аялды аттап, үч метрдей асманга көтөрүлүп барып, кайра жай тротуарга конгон болчу. 

Түшүндө ал буга таң калган деле жок, кудум, табигый эле нерседей туюлган. Ушуга чейин эч ким бу нерсеге акылы жетпей келгенин карасаң! Оңой эле акырын аягыңды тээп, анан буттарыңды кудум велосипед айдап бараткандай кыймылдата койсоң эле экинчи кабатка чейин көтөрүлүп, анан кайра акырын жерге түшөсүң. Анан кичине тизе бүгүп, кайра секиргендей болсоң, кадамыңдын арышы кеңейип, кудум чоң кадамдар менен секиргендей болосуң. Жерге жетейин дегенде бутуңду кайра велосипед тепкендей айлантып жиберсең, жерге тийбей туруп, кайрадан учуп кетесиң. Ал ушунчалык бул жаңылыкка берилип, күлүп да жиберди – кантип эле азырга чейин эч ким ушиптип учса болоорун, бул оңой эле экенин билбей келген? Бутуң менен эле бир аз түртүп, секире койсоң эле жетет турбайбы! 

– Бул, керек болсо, көчөдө баскандан да оңой экен, – деп ойлоду ал түшүндө, – эртең кайрадан учуп көрүш керек.

Бул түш ага үч күн катары менен кирди. Өзүңдү аябай жеңил сезесиң… Чындап эле бутуңду бир түртө койсоң эле учуп кетсең, кандай сонун болмок! Томшик айлананы карады. Эч ким көрүнбөйт. Томшик жөн эле бир сынап көрөйүн дегендей жүгүрүп келип, сол буту менен акырын жерди түртө кудум балчыкты аттап секиргендей боло калды эле… үч-төрт метрге бийикке көтөрүлүп, кайрылып турган шакты да аттап кетти. Чынын айтканда, ал буга таң калган да жок: чындап эле оңой турбайбы. Селкинчекке түшкөндөгүдөй ичин кытыгылаган гана сезим болду, бирок учканына таптакыр таң калбады. Томшик жаш балача кыйкырып жибергиси келди. Отуз метрдей учкан соң, жерге конгонго жакындап калганда караса, түз эле балчыкка коно тургандай экен. Ошол учурда ал түшүндөгүдөй буттарын педаль тепкен сыяктуу айландырып жиберди эле, кайра он беш метрдей бийикке көтөрүлүп барып, анан акырын Страшнице деген район тарапта бараткан бирөөнүн артынан акырын жерге конду. Ал киши Томшиктен күмөнсүнгөндөй карап койду, анткени артынан бирөөнүн келатканын уккан эмес эле. Томшик болсо эч нерсе болбогонсуп, ал кишини жандай басып, азыр кайра учуп кетпесем экен дегендей ылдам басып өтө берди. 

“Бул үйрөнгөнүмү эми жакшылап бекемдеп алышым керек”, – деди да ошол эле чөлдүү жолдон үйдү карай басты. Бирок кашайып ушул учурда улам эле алдынан же сүйүшкөн түгөйлөр, же темир жолчулар чыга калышат. Ошондо ал көп жылдан бери шаардын таштандысы топтолгон жайга айланып калган бош жакты карай бурду. Такыр эле караңгы кирсе деле Томшик эртең кудум учууну унутуп калчудай, машыгууну кийинкиге калтыргысы келген жок. Ал өтө олдоксон көтөрүлдү жерден, анан болгону бир эле метрдей бийикке чыккан соң кайра жерге оор конду. Эмкисинде колун сууда сүзүп бараткандай жаңсап, кайра учту да, сексен метрдей жерге чейин барды. Жарым жартылай айланыш жасап, кийин акырын жерге ийнелик сымал шашпай конду. Ал дагы бир ирет ушуну кайталайын деп турган, бир убакта эле бетине жарык түшүп, арттан келген бирөө: 

– Сиз буерде эмне кылып жатасыз? – десе болобу. Ал патрулдук полиция кызматкери экен. Томшик өзүн кичине осол сезип, ыңгайсыздана бул жакта аз-маз денесин жумшартып, көнүгүү жасап жатканын айтты.

– Тапкан эсенсиз машыга турган жерди, – деп гурулдайт полиция кызматкери. – Башка жакка барып жасаңыз. Бул жерде мүмкүн эмес!

Томшик эмне үчүн бул жерде машыкканга болбой турганын чындап түшүнгөн жок. Бирок ал өтө тартиптүү жаран болгондуктан, каяша айтышпай, акырын полиция кызматкерине бейпил түн каалап, тезирек кетүүгө аракет кылып калды. Бир эле корккону – дагы асманга көтөрүлүп кетпесе экен. Эптеп полициянын көзүнө түшүп калбаса болгону. 

Улуттук саламаттыкты сактоо институтуна жеткенде гана ал кайрадан колун канат каккылагандай силкип, асманга көтөрүлдү. Зым тордон аттап, андан ары институттун бакчасынан өтө алдыдагы Корунни проспектисине чейин учуп барды да, колунда сыра куюлган челеги бар аялдын так маңдайына конду. Тиги жүрөгү түшкөндөй кыйкырып, заматта көздөн кайым болду. Томшик эки жүз метрдей учтум окшойт деп ойлоду: башталышы жаман эмес!

Андан кийинки күндөрү Томшик көп машыкты. Албетте, ал адамы жок жерлерге түндө гана келчү. Көбүрөөк Ольшанскадагы жөөт көрүстөнүнө көп келип жүрдү. Ал түрдүү ыкмаларды колдонгонго аракет кылды. Чуркап келип учуп көрдү, турган жеринен заматта асманга көтөрүлүп көрдү. Эч кыйналбай буттарынын гана жардамы менен жүз метрге чейин көтөрүлүп жатты, бирок андан ары учканга жүрөкзаадаланат. Ал жерге конуунун да түрдүү жолдорун сынап көрдү – жай конуу, акырындап түшүү – мунун баары колдоруңду кантип кыймылдатаарыңа байланыштуу экен, көрсө. Томшик эми түрдүү ылдамдыкта, ар кайсы багыттарда, кээде шамалга каршы учуунун, жүк менен учуунун, түрдүү бийиктикке көтөрүлүүнүн да жолдорун үйрөнө баштады. Баары ага оңой эле болуп жатты. Ошон үчүнбү, айтор, эмнеге ушуга чейин эч ким учууга аракет кылып көрбөгөнүнө Томшиктин таң калуусу күчөйт.

Бир күнү ал асманда он жети мүнөт учуп жұргөн соң телефон линияларына чалышып гана кайра жерге түшкөнгө шашып калды. Кай бир түндөрдүн биринде ал Ruská көчөсүндө учуп баратып, төрт метрдей жерде төмөндө эки полиция кызматкери баратканын көрүп калды. Ошол маалда Томшик чоң үйлөр менен курчалган оң жактагы бакты көздөй жылды. Түнкү тынчтыкты полициянын ышкырыгы бузат. Бир нече мүнөттөн кийин Томшик жөө басып, баягы жерге келсе, алты полициячы “азыр эле көз алдында тосмодон өтө качкан ууруну” фонарь менен издеп жүрүшкөн экен. 

Ошондо Томшик учуунун канчалык чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратаарын түшүнгөндөй болду, бирок аны ишке кантип колдонушту билбей турду. Кай бир күнү түнкүсүн ал чыдабай Ыйык Иржи аянтында үйдүн төртүнчү кабатында ачык турган терезеге көтөрүлүп, бирок андан ары эмне кыларды билбей туруп калды. Бөлмөдөн катуу уйкуга кеткен кишинин коңуругу угулат. Томшик акырын бөлмөгө кирди. Ал эч нерсе урдайын деген ниети жок болчу. Ошондуктан, адатта биз чоочун үйгө киргенде түшүп калчу ыңгайсыз абалда калды. Анан үшкүрүнө кайрадан терезени карай жөнөдү. Бирок өзүнүн бул спорттук жетишкендигин далилдей турган бир нерсе кылтырышы керек да! Ал чөнтөгүнөн колуна тийген кагазды алып чыгып, ага “Бул жерде мен болдум. Өч алуучу X.” деп жазып койду. Ал кагазды акырын киши жаткан жердеги жабык столдун үстүнө коюп, өзү кайрадан жерге шашпай учуп түштү. Үйүнө келген соң гана Томшик аркы үйдө калтырган баракча өзүнүн аты менен дареги жазылган конверт болгонун эстеди. Бирок кайра ал үйгө кайтууга жүрөксүндү. Бир нече күн ал үйгө эми полиция издеп келет го деп күттү, бирок эч кандай деле жаман окуя болгон жок. 

Акыр аягында Томшик такыр эле чыдабай кетти: ал адамдардан жашынып гана уча алат, бирок ал аны баарына көрсөткүсү келди. Кантсе экен? Учуу деген оңой эле турбайбы, бир аз эле бутуң менен түртүнүп, колуң менен канат каккылагандай кыла койсоң эле чымчыктай учуп кетесиң… Балким, бул спорттун жаңы түрү болуп калат. Же, элдин баары учканды үйрөнсө, балким, көчөдө да тыгын азайып калмак. Лифт деле кереги болбой калмак. Мүмкүнчүлүктөр чексиз! Азырынча алар жөнүндө Томшик накта түшүнүгү жок, бирок баары аныкталмак. Ар бир эле чоң ачылыш башында ушундай болбогон нерседей туюлган да!

Томшиктин үйүндө Войта деген толмочунан келген жаш коңшусу бар болчу. Спортту жазган кабарчыбы, редакторбу, айтор, гезитте иштесе керек эле. Бир күнү ошол Войтанын үйүнө барып, Томшик аркы-теркиден сөз баштап, акыр аягында ага бир кызыкты көрсөтө алаарын жарыя кылып калды. Ал сөздү ачык айтпай, улам эле жашырына бергенинен Войта “Кудай ай” дегендей баш чайкап, бирок акыр аягында баары бир кечки тогуздарда жөөт көрүстөнү тарапка барганга макул болду.

– Эми караңыз,, журналист мырза, – деди Томшик, жерден секире жогору карай беш метрдей көтөрүлдү. Ал ошо абада калкыган бойдон бирдемелерди жасап, жерге түшүп, кайра учуп, колдорун жаңсап, анан абада сегиз секунддай калкып туруп калды.

Войта бир убакта эле өтө олуттуу боло түштү. Муну ал кантип жасап жатат? Томшик болсо жөн эле түшүндүргөнгө аракет кылат: жерден эле секирсеңиз болгону. Жок, Войта мырза, мында эч кандай деле сыйкыр жок, көп тарамыш же күчтү деле талап кылбайт. Жай гана секирсең болду, уча бересиң. – Өзүңүз деле бир секирип көрсөңүз, журналист мырза, – деп Войтаны көндүргөнгө аракет кылат. Бирок Войта баш чайкайт, ойлонуп туруп, бул жерде бир фокус бар дейт. – Мен мунун түбүнө жетем, – дейт ал. – Азырынча, Томшик мырза, муну эч кимге көрсөтпөй туруңуз.

Келерки күнү Томшик Войтанын алдында беш килограммдык гантелдер менен учуп көрдү. Бул бир аз кыйыныраак болду окшойт. Томшик болгону үч эле метрге көтөрүлө алды. Ошого да Войта ыраазы. Үч жолкусунан кийин Войта: – Томшик мырза, сизди коркуткум келбейт, бирок бул өтө олуттуу маселе, – деди. – Мындай эч бир аппаратсыз учуу деген, маселен, коргонуу тармагы үчүн өтө маанилүү болушу мүмкүн. Түшүнүп жатасызбы? Муну адистер изилдеши керек. Аларга көрсөтүш керек, – деп калды Войта. – Мен өзүм баарын уюштурам.

* * *

Ошентип анан бир күнү Томшик Мамлекеттик дене тарбия институтунун короосунда төрт адистин алдында турсичен туруп калды. Ал, бир чети, жылаңач турганына уялып, анын үстүнө, толкунданып, үшүгөнүнөн да денесин калтырак басты. Бирок Войта болбой эле аны трусичен турганга көндүрдү. – Булчуңдар кандай иштегени көрүнүп турушу керек, – дейт. Эксперттердин бири кашка баш семиз киши ушул университеттин дене тарбия профессору болуп чыкты. Ал эч бир кебелбес түрү менен “мунун баары илимий көз караштан алып караганда, болбогон кеп” дегендей турат. Ал улам эле саатын карана бирдемелерди кобурап жатты. 

– Кана эми, Томшик мырза, алды менен чуркап баштаңыз, – деди Войта эч бир тартынбай.

Войта коркконунан алга карай озунду. 

– Шашпаңыз, – деди профессор аны токтото. – Сиз таптакыр натуура баштадыңыз. Салмактын күчүн сиз сол бутуңузга таштаңыз. Түшүндүңүзбү? Кана, эми кайталап көрүңүз! 

– А колуңузчу, колуңуз! – деп кыйкырат эксперт. – Сиз колуңузду кандай алууну да билбей жатасыз го. Колуңуз көкүрөгүңүздү эркин кармаганга алакыт болбошу керек да! Анан сиз чуркайм дегенде демиңизди кармап калдыңыз. Антпеңиз! 

Томшик эми таптакыр шаштысы кетип, эмне кылышты билбей калды. Чындап эле азыр колдорун кайда бекитишти да, керек болсо кантип дем алышты да унутуп калгандай. Ал эмне кылышты билбей, салмактын күч борбору кайда экенине да башы жетпей туруп калды. 

– Алга! – деп кыйкырды Войта. 

Томшик таптакыр өзүн жоготуп койду. Эптеп ишенимсиз алга карай жүгүрдү. Эми эле жерден секире берейин дегенде тренер кайрадан:

– Начар! – дейт. – Токтотуңуз!

Томшик токтоюн деп, бирок өзүн кармай албай калды. Ал сол буту менен алсыз секире жарты метрдей көтөрүлгөн соң, тренердин буйругун угуп, кайрадан жерге түштү. 

– Болбойт бул, начар! – деп кыйкырды профессор. – А эмне эңкейбедиңиз? Бутуңуздун учу менен секире түшкөн соң тизе бүгө отура калып, анан пружина сыяктуу секиришиңиз керек болчу. Түшүндүңүзбү? Бул өтө табигый кыймыл. – Токтоп турунуз, – деди ал, – азыр мен сизге өзүм көрсөтөм. Жакшылап карап алыңыз. Ал үстүндөгү пиджагын чечип, чуркоого даярдана калды. – Жакшылап караңыз: дененин оордугу бүт сол бутка түшөт. Бут бир аз ийилип алга эңкейет. Далыларыңыз артка тартылат, демек, көкүрөк ачылат. Мына, меникиндей жасаңыз! 

Томшик анын айтканын жасады. Ал өмүрү мындай ыңгайсыз позага туруп көрбөгөн. 

– Сиз көбүрөөк машыгып көрүшүңүз керек, – деди профессор. – Эми караңыз! Жерден ыргып алга карай чуркайсыз! Ал алга карай жулкуна алты метрдей чуркап барып секирди да колдору менен кооз кыймыл жасап, анан чочоюп отуруп калды. Колдору алдыда. – Мынаке, ушундай жасаш керек! – деди ал шымын оңдоно. – Кайталап көрүңүз!

Эми ушунун баарынан таптакыр эле басынып калган Томшик Войтаны суроолуу карайт. Сөзсүз эле ушунун баарын жасаш керекпи?

– Кана, дагы бир жолу! – дейт Войта. Томшик болсо эптеп жанагы позага турду. – Алга!

Томшик шашканынан туура эмес буттан баштап алыптыр. “Балким, мунун баары керек эместир. Эптеп, аркы киши буйругандай колду гана алга таштап, кийин конгондо чочоюп отура калса болду”, – деп ойлоду да Томшик секириш керектигин да унутуп кала жаздады. Мына эми секирди. Ошол эле кезде “эми эптеп чочоюп отура калгандай конуш керек”, – деген ой келди ага. Томшик ошол учурда жарым метрдей эле секирди да бир жарым метрдей учуп барып жыгылып калды. Анан ал шашыла чочоюп отурганга аракет кылып, колдорун алга таштады. 

– Томшик мырза, сиз учуп жатпадыңыз беле! – деп кыйкырып жиберди Войта. – Кайтадан жасаныз, сураныч!

Томшик кайрадан чуркап келди да эми бир метр кырк сантиметр жерге конду. Бирок бул ирет чочоюп отурууга да, колдорун алга таштаганга да жетишти. Ал жүдөп, тердеп кетти. Жүрөгү дүкүлдөп чыкты. “Кудай ай, мени жөн коюшса экен эми”, – деген гана ой ээлеп алды аны. 

Кийин дагы эки ирет секирип көрдү. Андан аркыларынан баш тартууга туура келди.

* * *

Ошол күндөн тарта Томшик уча албай калды.

(1938)

Чех тилинен которгон Төрөкул Дооров

Автор

  • Журналист, аудиокитептерге үн коштоочу. Учурда «Азаттык» радиосунун казак кызматын башкарат. Аны менен катар бир нече жылдан бери YouTube сайтында кыргыз тилинде поэзия жана проза окуп келатканы менен белгилүү. Бир нече ыр жана кыска аңгемелердин, котормолордун автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген