Жүгөрүдөй бала кармап алыпсың
Биз окууну бүтөр жылкы жайында
асфальт жолдо окуудан соң кечке маал
аяр басып келгенибиз айылга
– Эсиңдеби, аяйым?…
Ажарданып кызыл нур жүзүң
айтаарындай кызык сыр
Акырын ийилдиң да дедиң сен:
“Жүгөрүлөр бала байлап калыптыр”.
Андан бери…
Жүгөрүлүү жай канчасын узатып,
канча аяздын каарына карыктым.
Жүрүп-жүрүп…
Жолугуштук жолдо шо
Жүгөрүдөй бала кармап алыпсың.

Абдилаат Дооров досум жаш кездегидей дагыле ширелүү ыр жазат. Ушул ыры да кандай таасирлүү жана элестүү. Окуп көрсөңүз, урматтуу окурман!!!?