Үчилтиктер
* * *
Саарлап анжир жедим. Анжир
сарыкты ширеси уурт, салаамдан
сакаяр ЖҮРӨК жарам бар.
* * *
Ыңкыган сары талаа,
ызылдаган саратан.
Сага жөө баратам.
* * *
Жер табынан буу чыкты,
кар астынан байчечек.
Оо, кандай керемет!
* * *
Карегиң – деңиз…
Кайыкчан бирөө бардай
турам тааныбай.
* * *
Жылдызы көп түнгө жайып көкүрөк.
Жубайым менен жүз үйрүшүп бүркөкпүз,
Бирибизди-бирибиз отуз жыл окуп бүтпөппүз.
* * *
Кир жуупсуң.
Көйнөгүң жайылуу турат.
Көзүмө сүрттүм кармалап.
* * *
Көчүн артып кетти алыска,
көп жылдык ынак кошуна.
Жылыбай отурам очок отума.
* * *
Асман жылдыздары.
Келиптир жапырт түрүлө,
Батыштык баарыбыз бир үйгө.
* * *
Карегимден кулады жаш. Төбөдөн чач.
Издеримде өмүр үзүмдөрү,
Иреңимде саргаюу күзүндөгү.
* * *
Соода кылып жатыпсың.
Солкулдап боюң, сом санап колуң,
Соо эмесин билгизип бирөөгө:
– Коюң, коюң…
* * *
Конок күттүм. Жамгыр чапкындап.
Коюу өскөн жапырылды бедезар,
…Мазар ченде аял барат азадар.
* * *
Топуракка айланам майдаланып.
Жаздагы гүл, чөп өсөр жайып тамыр,
Жашоого өз тилимде айтып жаңы ыр.
* * *
Багымдат уланып, шам кайталанды.
Бакта жалбырак, башта чач калбады.
Тьфу! Сагызган жана да шакылыктады.
* * *
Ат тердетип келипсиң агаиним,
Акыл, кеңеш, пикириң айтмак үчүн.
Арга жок, амалсызмын… түшүн, түшүн, түшүн!
* * *
Колумду кыса кармадың,
Бир нерсе айтты бармагың,
Бирок мен сага барбадым.
* * *
Бүргө балдар карайт жал-жал эшикти:
Бүжүрөгөн эне тынчсыз, кабак суз.
– Бүгүн ичпей келер бекен атабыз?..
* * *
Ээн үй. Кыш кычырайт.
Эзилип олтурсам от жагалбай,
Энемдей күлүп кирди Ай.
* * *
Алыскы кудук суусунун
алкымда кермек даамы бар.
…Сага кат жаздым.
