|

Үчилтиктер

5/5 - (1 добуш)

* * *

Саарлап анжир жедим. Анжир
сарыкты ширеси уурт, салаамдан
сакаяр ЖҮРӨК жарам бар.

* * *

Ыңкыган сары талаа,
ызылдаган саратан.
Сага жөө баратам.

* * *

Жер табынан буу чыкты,
кар астынан байчечек.
Оо, кандай керемет!

* * *

Карегиң – деңиз…
Кайыкчан бирөө бардай
турам тааныбай.

* * *

Жылдызы көп түнгө жайып көкүрөк.
Жубайым менен жүз үйрүшүп бүркөкпүз,
Бирибизди-бирибиз отуз жыл окуп бүтпөппүз.

* * *

Кир жуупсуң.
Көйнөгүң жайылуу турат.
Көзүмө сүрттүм кармалап.

* * *

Көчүн артып кетти алыска,
көп жылдык ынак кошуна.
Жылыбай отурам очок отума.

* * *

Асман жылдыздары.
Келиптир жапырт түрүлө,
Батыштык баарыбыз бир үйгө.

* * *

Карегимден кулады жаш. Төбөдөн чач.
Издеримде өмүр үзүмдөрү,
Иреңимде саргаюу күзүндөгү.

* * *

Соода кылып жатыпсың.
Солкулдап боюң, сом санап колуң,
Соо эмесин билгизип бирөөгө:
– Коюң, коюң…

* * *

Конок күттүм. Жамгыр чапкындап.
Коюу өскөн жапырылды бедезар,
…Мазар ченде аял барат азадар.

* * *

Топуракка айланам майдаланып.
Жаздагы гүл, чөп өсөр жайып тамыр,
Жашоого өз тилимде айтып жаңы ыр.

* * *

Багымдат уланып, шам кайталанды.
Бакта жалбырак, башта чач калбады.
Тьфу! Сагызган жана да шакылыктады.

* * *

Ат тердетип келипсиң агаиним,
Акыл, кеңеш, пикириң айтмак үчүн.
Арга жок, амалсызмын… түшүн, түшүн, түшүн!

* * *

Колумду кыса кармадың,
Бир нерсе айтты бармагың,
Бирок мен сага барбадым.

* * *

Бүргө балдар карайт жал-жал эшикти:
Бүжүрөгөн эне тынчсыз, кабак суз.
– Бүгүн ичпей келер бекен атабыз?..

* * *

Ээн үй. Кыш кычырайт.
Эзилип олтурсам от жагалбай,
Энемдей күлүп кирди Ай.

* * *

Алыскы кудук суусунун
алкымда кермек даамы бар.
…Сага кат жаздым.

  • Акын, журналист. Кыргызстанда уникалдуу «Өрүкзар» поэзия фестивалынын түзүүчүсү жана уюштуруучусу. «Миң тамыр», «Гүл Гүл», «Ак булут», «Мөл тунук» ырлар жыйнактарынын, Исхак Раззаков жөнүндө биографиялык “Исхак Раззаков - Аруулук асманы” китебинин автору. Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун Баткен облустук бөлүмүнүн төрагасы.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген